# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-мартындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-мартындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57210>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11253/edition/1154666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-мартындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (14.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57210

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-марты № 161

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабеков

тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине то-

луктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тир-

келген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-

публикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Консти-

туциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алып төмөнкүдөй эс-

кертүүлөрдү эске алуу менен аны кабыл алууга болот деп эсептейт.

1-статьянын үчүнчү абзацындагы "ижаралык төлөө жана" деген

сөздөрдү алып сапууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Салык

кодексинин 1-статьясына ылайык бул Кодекс Кыргыз Республикасынын айма-

гында бардык салыктар, аларды башкаруу, салык төлөөчүлөрдүн салыктык

иш-аракеттери боюнча мыйзам жоболорунун топтомосу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 551-статьясынын 1-пунк-

туна ылайык жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн өз учурунда акы

төлөөгө милдеттүү. Ижара акысын төлөө тартиби шарттары жана мөөнөтү

мүлктүк жалдоо келишиминде аныкталат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жерди ижаралоого байланышкан ма-

милелерди Кыргыз Республикасынын Салык кодекси жөнгө сала албасын бел-

гилейбиз.

Премьер-министр Ф.Кулов
