# Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2293/edition/326063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 токтому менен бекитилген) (13.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57205

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 13-мартындагы № 156 токтому

менен бекитилген

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча

ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо

1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Ведомстволор

аралык мамлекеттик комиссия (мындар ары-Комиссия) консультациялык-

кењеш берүүчү орган болуп эсептелет жана кыйроолор, катастрофалар,

табигый жана башка кырсыктар менен шартталган өзгөчө кырдаалдардын

алдын алуу жана жоюу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана

жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлгөн.

2. Комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын

министрликтери, мамлекеттик комитеттери, админстрациялык

ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдары, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалары,

мекемелери жана уюмдары, ошондой эле коомдук бирикмелер менен өз ара

аракетте ишке ашырат.

3. Комиссиянын негизги милдеттери төмөндөгүлөр боюнча сунуштарды

иштеп чыгуу болуп эсептелет:

- жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын

алдын алуу жана жоюу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

- өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоого жана

коопсуздугун камсыз кылууга багытталган укуктук, экономикалык,

уюштуруучу-техникалык жана башка чаралардын системасын түзүү;

- өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык

ресурстардын резервин түзүү;

- өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагында калктын, аларды жоюуга түздөн-

түз катышкан адамдардын укуктарын жана милдсттерин ишке ашыруу;

- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү

мамлекепик системасын жакшыртуунун жана андан ары онүктүрүүнүн негизги

багыттарын аныктоо;

- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуга, калкты жана өлкөнүн

аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган мамлекеттик

максаттуу жана илимий-техникалык программалардын долбоорлорун иштеп

чыгууну уюштуруу жана бул программаларды аткаруу боюнча ишти

координациялоо;

- кыйроолордун, катастрофалардын жана башка кырсыктардын

натыйжасында жана чеккен жарандарды, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын

кесепеттерин жоюуга катышкан адамдарды социалдык - эономикалык жана

укуктук жактан коргоо, медициналык жактан калыбына келтирүү маселелери

боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;

- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагында эл аралык

кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо;

- адамдардын жугуштуу оорууларынын жана массалык уулаыууларынын,

жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынын жана өсүмдүктөрдүн оорууларынын

алдын алууга, локалдаштырууга жана жоюуга, өзгөчө коркунучтуу

инфекцияларды Кыргыз Республикасына ташып келүүдөн жана таратуудан чек

араларды жана аймактарды санитардык коргоого багытталган

министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык

түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин координациялоо.

4. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча

төмөндөгүлөргө укуктуу:

- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагында

министрликтердин, мамлекеттик комитеттердии, администрациялык

ведометволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын, илимий, коомдук уюмдардын

жана бирикмелердин аракеттерин координациялоо боюнча чараларды иштеп

чыгууга;

- кабыл алынган чечимдердин аткрылышын контролдоого жана алар

аткарылбай калганда жоопкерчиликтин чаралары жана дењгээли боюнча

сунуштарды киргизүүгө;

- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз

Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,

администрациялык ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик

администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,

менчиктин бардык түрүндөгү ишкана, мскемелеринин жана уюмдарымын,

ошондой )ле коомдук бирикмелердин кызмат адамдарын угууга;

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, мамлекеттик коми

гетгерипсн, администрациялык ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик

администрацияларынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,

менчиктин бардык түрүндөгү ишкана, мекемелеринен жана уюмдарынан,

ошондой эле коомдук бирикмелерден Комиссияиын иши үчүн керектүү болгон

алардын иштери боюнча маалыматтарды сурап алууга;

- министрликтердин, мамлекеттик комитеггердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик адмииистрациялардын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин кайсы түрүнө

таандык экендигине карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттердин өзгөчө

кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун маселелери боюнча мамлекеттик

максаттуу программаларды аткаруусуна анализ жана контрол жүргүзүүгө,

анын ичинде программалык иш-чараларды аткарууга бюджеттен бөлүнгөн

каражаттардын максаттуу пайдаланылышына анализ жана контроль

жүргүзүүгө;

- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун маселелери боюнча

аналитикалык, эксперттик жана башка жумуштарды аткаруу үчүн

(жетекчилери менен макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын

ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын адистерин тартууга.

5. Комиссиянын Төрагасы болуп Кыргыз Республикасыныи Премьер-

министри эсептелет.

6. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар министри эсептелет.

7. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз

Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлөт.

8. Комиссия өз ишин анын төрагасы бекиткен иш планга ылайык ишке

ашырат. Комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир

жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын чечи.ми протокол менен.

таризделет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечүүнү талап кылган маселелер боюнча

Комиссия белгиленген тартипте тийиштүү сунуш киргизет.

9. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кыйла маанилүү

маселелер боюнча системалуу түрдө маалымат берип турат.
