# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-мартындагы №153 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №557 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-мартындагы №153 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №557 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11246/edition/326056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-мартындагы №153 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №557 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (11.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57201

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 11-марты №153

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын

үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн,

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү

жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана

үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 27-июлундагы №557 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын

2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана Кыргыз Республикасынын жаранынын

2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт менен камсыздоо боюнча

иштерди оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү пас-

порту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн, Кыргыз Республикасынын

жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо-

ну, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2, 4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республика-

сынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун даярдоо үчүн Кыр-

гыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл алууну жана та-

риздөөнү ишке ашырып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган

паспортун бере тургандыгы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын жараны-

нын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун даярдоону камсыз кылып жана

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү берилген пас-

порттору жөнүндө маалыматтардын маалыматтык базасын түзө тургандыгы.";

"4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республика-

сынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык

паспортторун персонификациялаштыруу үчүн кабыл алууну жана тариздөөнү

ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын

үлгүсүндөгү персонификацияланган жалпы жарандык паспортун Кыргыз Рес-

публикасынын жарандарына берет;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан до-

кументтерди Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү

жалпы жарандык паспортторун персонификациялаштыруу үчүн кабыл алууну

жана тариздөөнү ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны-

нын 2004-жылдын үлгүсүндөгү персонификацияланган жалпы жарандык паспор-

тун Кыргыз Республикасынын жарандарына берет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын жараны-

нын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун персонификация-

лоону камсыздайт жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын

үлгүсүндөгү берилген жалпы жарандык паспорттору жөнүндө маалыматтык ба-

за түзөт.";

"5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ушул токтом-

дун 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн функциялары жержерлерде Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологи-

ялар мамлекеттик агенттигинин аймактык подразделениелери түзүлгөндөн

кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилет.";

- 8-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

- 8-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8-1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентти-

гине туруктуу негизде төмөнкүдөй маалыматтарды жиберип турсун:

- бир жылдык мөөнөткө берилген 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жа-

рандык паспортторду колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө;

- паспорт алууга (алмаштырууга) арыздардын айрылма квитанцияларын

берүү менен 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду Кыргыз Республикасынын

жарандарынын алгандыгы жөнүндө.";

- 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү пас-

порту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн, Кыргыз Республикасынын

жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо-

ну, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 токтому менен бекитилген Кыр-

гыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө

Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 7-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Паспортту даярдоо жана даярдалган паспортту берүү үчүн доку-

менттерди кабыл алуу жана тариздөө Кыргыз Республикасынын ички иштер

органдарынын паспорттук подразделениелери (мындан ары - аймактык пас-

порттук подразделенилер) тарабынан ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын чечиминин негизинде

паспорт даярдоону жана берилген паспорттор жөнүндө маалыматтык база

түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Маммаалыматре-

сурстар) камсыздайт.";

- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-үчүнчү абзацтар менен то-

лукталсын:

"- берилген паспорттор жөнүндө;

- талап кылынбаган паспорттор жөнүндө;";

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"9. Паспорт берүү жана алмаштыруу жарандардын жашаган жери боюнча

аймактык паспорттук подразделениелер тарабынан жүргүзүлөт.";

- 10-пунктта:

"30 (отуз) календардык күндө" деген сөздөр "он беш календардык

күндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-11 жана 13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"11. Кыргыз Республикасынын жарандары үй-бүлөлүк абалын

өзгөрткөндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЗАГС органда-

ры (мындан ары - ЗАГС) аймактык паспорттук подразделениеге төмөнкүлөрдү

жиберет:

- жарандык абалды жазуу актысынын көчүрмөсүн;

- аны алмаштыруу үчүн паспортту;

- никеге турган же никени бузган адамдардын эркин түрдө толтурул-

ган арызын.";

"13. Паспорт алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси Кыргыз Рес-

публикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун тариздөөнүн,

берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө тиешелүү ведомстволор ара-

лык нускама менен аныкталат.";

- 18-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

- 27-пунктта "Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын

тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарына" деген сөздөр "аймактык паспорттук

подразделениеге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.";

- 28-пунктта "Бланктар" деген сөз "Даярдоо үчүн сарптоо материал-

дары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 30-пунктта "Паспорттордун бланктары" деген сөздөр "Паспортторду

даярдоо жана даярдалган паспорт үчүн сарптоо материалдары" деген сөздөр

менен алмаштырылсын;

- IV бөлүмдүн аталышында "жана паспорттордун бланктары" деген

сөздөр алып салынсын;

- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"32. Паспорт Маммаалыматресурстарда анын кызматкерлеринен түзүлгөн

комиссия тарабынан өрттөө же майдалап айруу аркылуу жок кылынат.";

- 33-пункт "тариздөө" деген сөздөн кийин ", берүү" деген сөз менен

толукталсын.

3. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү пас-

порту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн, Кыргыз Республикасынын

жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо-

ну, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 токтому менен бекитилген Кыр-

гыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык

паспорту жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-

зилсин:

- 10-пункттун алтынчы абзацы алып салынсын;

- 15-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"15. Жалпы жарандык паспортту берүү жана алмаштыруу жарандардын

жашаган жериндеги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын пас-

порттук подразделениелери (мындан ары - аймактык паспорттук подразделе-

ниелер) тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын чечиминин негизинде

жалпы жарандык паспортту персонификациялоо жана берилген жалпы жарандык

паспорттор жөнүндө маалыматтык база түзүү Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик

агенттиги (мындан ары Маммаалыматресурстар) тарабынан камсыздалат.";

- 16-пунктта "18" деген сан "16" деген санга, "тиешелүү ыйгарым

укуктуу органдар" деген сөздөр "аймактык паспорттук подразделениелер"

деген сөздөргө алмаштырылсын;

-18-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"18. 16 жашка чыга элек жарандар Кыргыз Республикасынын чегинен

сырткары чыкканда жалпы жарандык паспорт ата-энелеринин же мыйзамдуу

өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүч ка-

ты боюнча берилет.

16 жашка чыга элек жарандарга жалпы жарандык паспорт үч жылдык

мөөнөткө же 16 жашка чыкканга чейин таризделет. Өзгөчө учурларда бара

турган мамлекеттин талабы же иш-чараларга катышуу үчүн эл аралык уюм-

дардын барууга талаптары болгондо жалпы жарандык паспорт жаран 18 жашка

чыкканга чейинки мөөнөткө таризделиши мүмкүн.

16 жашка чыга элек жарандын жалпы жарандык паспортуна курагына ка-

рабастан цифралык форматта адамдын түстүү сүрөтү түшүрүлөт.";

- 19-пунктта "Маммаалыматресурстары" деген сөз "аймактык паспорт-

тук подразделение" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"20. Жалпы жарандык паспорт алуу үчүн керектүү документтердин тиз-

меси 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту тариздөөнүн,

берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө тийиштүү ведомстволор ара-

лык нускама менен аныкталат.";

- 23-пункттун экинчи абзацында "- Маммаалыматресурстары" деген сөз

"аймактык паспорттук подразделение" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"35. Жалпы жарандык паспорт жана жалпы жарандык паспорттордун

бланктары Маммаалыматресурстарында анын кызматкерлеринен түзүлгөн ко-

миссия тарабынан өрттөө же майдалап айруу аркылуу жок кылынат.".

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Ф.Кулов
