# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11243/edition/398795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук программасы жөнүндө" токтому (15.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57197

---

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 15-майындагы № 297 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 10-марты № 149

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык

системасын реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук

программасы жөнүндө

Пенитенциардык системаны реформалоо жана Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарын адамдын жана жарандын эл аралык коомчулук тарабынан жалпы

таанылган укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттарына ылайык кел-

тирүү максатында, ошондой эле "2010-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Рес-

публикасынын пенитенциардык системасын реформалоо концепциясы жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 833,

"Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын андан ары өркүндөтүү

боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

12-сентябрындагы № 578 токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык система-

сын реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук программасы (мындан ары - Программа);

- Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар матрицасы

(мындан ары - Иш-чаралар матрицасы).

2. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги:

- Программанын, Иш-чаралар матрицасынын ишке ашырылышын камсызда-

сын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына аткары-

лышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын берип турсун.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ош

шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, аткаруу бийлигинин

башка органдары:

- бул токтом менен бекитилген Программаны жана Иш-чаралар матрица-

сын ишке ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн;

- Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жалпылоо үчүн Иш-ча-

ралар матрицасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал са-

йын берип турушсун.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
