Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21 февралындагы № 115 токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 21 февралындагы № 115
токтому менен бекитилген
Дин иштери боюнча ведомстволор
аралык кењеш жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1.1. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењеш диний чөйрөдө
мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу максатында уюштурулат.
1.2. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кецеш мамлекеттик бийлик
органдарынын, диний уюмдардын жана бирикмелердин коомдо туруктуулукту
сактоого, ишенимдерди жана руханий адеп-ахлакты бекемдөөго, этностор
жана диний аралык толеранттуулукка жетишүүгө багытталган күч
аракеттерин координациялоого чакырылган консультациялык орган болуп
саналат.
1.3. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењеш өз иш-аракетин
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин комиссиялары жана
комитеттери, диний, өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар жана жалпыга
маалымдоо каражаттары менен тыгыз карым-катнашта жүргүзөт.
1.4. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењеш өзүнүн ишин Кыргыз
Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарына жана
ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
1.5. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењештин ишин
уюштуруучулук жактан камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик ишке ашырат.
II. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењештин
негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
2.1. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењештин иш-аракетинин
негизги максаты динге ишенүү эркиндигине жарандардын конституциялык
укугун ишке ашырууга, мамлекеттин жана диний уюмдардын таламдарынын
макулдашуусуиа жетишүүгө, диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп
чыгууда жана ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын күч-
аракеттерин коордкиациялоого көмөктөшүү болуп саналат,
2.2. Дин иштери боюмна ведомстволор аралык кенеш:
- диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча
рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгат:
- ар-намысынын жана динге ишенимдеринин эркиндигине жарандардын
укуктарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- диний чөйрөдө иш-чараларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик бийлик
органдарынын иштерин координациялайт;
- мамлекеттин жана диний уюмдардын таламдарынын макулдашуусуна
жетишүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгат;
- диний абалга жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу
боюнча бийлик органдарынын милдеттерине тиешелүү маселелерди Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна алып чыгат;
- мамлекет менен конфессиялардын ортосундагы балансташкан
мамилелерди жүргүзүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарына көмөк
көрсөтөт;
- республиканын аймагында диний экстремизмге жол бербөө боюнча
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чараларын иштеп чыгат;
- демократиялык, ачык жарандык поликонфессиялык коомдун
баалуулуктарын, принциптерин жана артыкчылыктарын пропагандалоону
өнүктүрүүгө, конфессиялар аралык толеранттуулукту жана ынтымакты
чыњдоого жана сактоого мамлекеттик бийлик органдарына көмөктошөт;
- өз компетенциясынын чектеринде бардык министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдар менен мекемелеринин аткарышы
үчүн милдеттүү болгон чечимдерди чыгарат.
2.3. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењеш ага жүктөлгөн
милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй фуикцияларды ишке ашырат:
- диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча
рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- ар-ыамыстын жана динге ишенүү эркиндигине жарандардын укуктарын
ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- дин жана диний уюмдарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу
маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
маалыматтарын угуу;
- зыярат кылууну уюштуруу үчүн туристтик уюмдардын арасында тендер
өткөрүү, аны контролдоо жана зыярат кылууну ишке ашыруу брюнча иштерди
координациялоо;
- дин иштери боюнча облустук, шаардык жана райондук координациялык
кењештердин иштерин координациялоону ишке ашыруу;
- коомдо туруктуулукту, конфессиялар аралык ынтымакты камсыздоого,
калктын руханий жана адеп-ахлактуулутун чыњдоого тиешелүү маселелер
боюнча диний уюмдар менен консультацияларды жүргүзүү;
- мамлекеттин жана диний уюмдардын таламдарынын макулдашуусуна
жетишүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- диний абалга жана диний саясатты ишке ашыруу боюнча бийлик
органдарынын милдеттерине тиешелүү маселелерди Кыргыз Республикасынын
Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна алып
чыгуу.
III. Ведомстволор аралык кењештин регламенти
3.1. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењештин заседаниеси
Кењештин төрагасы тарабынан зарылдыгына жараша, бирок жылына экиден
кем эмес чакырылат.
3.2. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењештин заседаниесине
маселелерди даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин
иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан ишке ашырылат.
3.3. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењештин заседаниесине
материалдар Кењештин мүчөлөрүнө заседаниеге чейин 3 күн мурда берилет.
3.4. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кењеш анын курамынын
2/Зден ашыгы болгондо чечим кабыл алууга укуктуу. Чечим Кењештин
катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2006 · № 115 · Күчүн жоготкон