# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-мартындагы № 142 " 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-мартындагы № 142 " 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11238/edition/1149880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-мартындагы № 142 " 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө" токтому (03.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57188

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-марты № 142

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам

долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2006-жылга

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планы жөнүндө

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2005-жылга Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө" 2005-жылдын 18-

мартындагы № 136 токтому менен бекитилген 2005-жылга Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына, ошондой

эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген программаларга, пландарга жана иш-

чараларга ылайык жүргүзүлгөн.

2005-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы 38 мыйзам долбоорун

ишке ашырууну карап, аларды ишке ашырууга 20 министрлик жана ведомство

тартылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы № 387,

2005-жылдын 28-декабрындагы № 625 жана 2006-жылдын 30-январындагы № 49

токтомдору менен 2005-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына

өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык 2005-жылга пландаштырылган 7 мыйзам

долбоорун иштеп чыгуу алып салынган, 1 мыйзам долбоору боюнча аткаруу

мөөнөтү 2005-жылдын экинчи жарымына которулган.

Ошентип, азыркы убакта иштеп чыгууга пландаштырылган 31 мыйзам

долбоорунан: 1 мыйзам кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна 12 мыйзам долбоору жиберилип, алардан Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен 9 мыйзам долбоору

жактырылган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планын аткаруу иштери өлкөдөгү болуп өткөн окуяларга жана

мамлекеттик бийлик органдарынын структурасындагы өзгөрүүлөргө

байланыштуу оорлошконун белгилей кетүү керек.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин

аткаруучунун "Кыргыз Республикасынын коопсуздук жагындагы мамлекеттик

башкаруусун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" 2005-жылдын 23-

майындагы № 183 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара

аскерлерине өзгөртүлүп кайра түзүлгөн.

Мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планынан иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына

бекитилип берилген эки мыйзам долбоорун чыгарып салууга негиз болгон.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жањы түзүмүн

белгилеп, ага 13 министрлик жана 2 комитет кирген. Кыргыз

Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги,

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын

Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги өзгөртүүлөргө дуушар болгон.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Кыргыз

Республикасынын Миграция жана иш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик

комитети өзгөртүлүп кайра түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча

мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" 2005-жылдын 30-сентябрындагы №

419 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу

кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия өзгөртүлүп кайра түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик башкаруу органдарынын структураларын өркүндөтүү жөнүндө"

2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматы өзгөртүлүп

кайра түзүлгөн. Аталган Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Туризм,

спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет, Кыргыз

Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук

өнүктүрүү иштери боюнча министринин кызматы, ошондой эле мамлекеттик

комиссиялар жоюлган.

Мамлекеттик органдардагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу иштелип

чыккан жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын

кароосуна жиберилген мыйзам долбоорлорун кайра макулдашуу зарылдыгы

келип чыккан.

Көрсөтүлгөн жагдай жана мамлекеттик органдардын иш милдеттери менен

ыйгарым укуктарынын өзгөрүшү, ошондой эле мамлекеттик органдардагы

кадрдык өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планын аткарууга терс таасир тийгизди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын

Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жалпы элдик талкуулоо

тууралуу" 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 544 Жарлыгына ылайык "Кыргыз

Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жалпы элдик

талкууга чыгарылган жана жарыяланган, бул да 2005-жылга Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планында

каралган айрым мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуунун максаттуулугуна

таасир тийгизди.

Мыйзам чыгаруу процессине катышуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы,

кыйла маанилүү жана сыйымдуу мыйзам актыларынын долбоорлорун иштеп

чыгууну карашы керек.

Ошону менен бирге мындай талап Кыргыз Республикасынын Президентинин

тапшырмалары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн рекомендациялары, өздөрүнүн демилгеси боюнча

же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жагындагы

жүргүзүлүп жаткан иштеринин чектеринде мыйзам долбоорлорун пландан

тышкары даярдоону да жокко чыгарбайт.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын биринчи жарымында

мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана

министрликтердин, мамлекетгик комитетгердин, администрациялык

ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын нормативдерди чыгаруу

иштерин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлиги жүргүзүп жаткан иштер тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы № 639 токтому менен

министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык

ведомстволорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планына колдонуудагы мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү

караган көп сандагы мыйзам долбоорлорун киргизүүдөн четтөө, ошондой

эле тез арада мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу маселелерди

оперативдүү чечүү мүмкүндүгүнөн ажыратуу менен мыйзамдардын

дењгээлинде айрым маселелерди жөнгө салууга аракет кылууну жоюу

тапшырылган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам

долбоорлоо иштеринин регламентинде коюлган негизги талаптардын бири

план долбооруна киргизүү үчүн сунуш кылынган мыйзам долбоорлорун иштеп

чыгуу боюнча министрликтердин, мамлекеггик комитеттердин жана

администрациялык ведомстволордун сунуштарына карата мыйзам долбоорун

иштеп чыгуунун зарылдыгын негиздөө жана анын концепциясын берүү

саналат.

Мыйзам долбоорун кабыл алуунун максатка ылайыктуулугун так

негиздөөнүн жоктугу да кийин Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынан

мыйзам долбоорун иштеп чыгууну чыгарып салууга негиз болот.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык

ведомстволор үчүн мыйзам долбоорлоо иштеринин негизги багыттарынын

бири адамдардын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоого

багытталган мыйзам долбоорлорун, финансы-экономикалык мүнөздөгү мыйзам

долбоорлорун тезинен укуктук камсыздоону талап кылуучу коомдук

мамилелерди жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорун биринчи

кезекте кароо зарыл болгон мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизүү максатында

мыйзам долбоорлоо иштерин кылдат талдоо жүргүзүү жана пландаштыруу

болуп саналат.

2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

18-мартындагы № 136 токтомунда 2005-жылга Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык иштелип чыгууга

тийиш болгон, ошондой эле мурдагы пландарга ылайык жана пландан

тышкаркы мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча квартал сайын маалымат берүү

каралган.

Бирок, буга карабастан маалымат берүүнүн талаптарын жана

мөөнөттөрүн бузуулар орун алган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин

планына киргизүү үчүн сунуш кылынган мыйзам долбоорлор боюнча

сунуштарды берүүдө да мөөнөттөрдү бузуу орун алган, ал Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине

ылайык министрликтер жана ведомстволор тарабынан Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигине ошол жылдын 20-ноябрынан

кечиктирбестен берилүүгө тийиш болчу. Сунуштарды өз учурунда бербөө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын

долбоорун киргизүү мөөнөттөрүн тийиштүү түрдө бузулушуна алып келет.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана ведомстволор тарабынан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде жүргүзүлгөн иштерге карата

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна 98 мыйзам долбоору

киргизилип, алардын 39у кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек.

Өз ара аракеттенүүнү жана мыйзам чыгаруу иштеринин абалы жөнүндө

маалымдуулукту жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын иштелип

чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын маалыматтарынын электрондук

базасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-

июлундагы № 318 токтому менен коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштыруу

менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде иштелип чыгуучу

нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорунун маалыматтарынын

электрондук базасы түзүлгөн.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык

ведомстволорго Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине

макулдашууга жиберилүүчү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору

жөнүндө маалыматты анын базасында жайгаштыруу тапшырылган, буга

алардын тексттерин маалыматтар базасынын бардык каралган формаларын

толтуруу менен электрондук форматта жайгаштыруу, ошондой эле

юридикалык кызматтардын (бөлүмдөрдүн) жооптуу кызматкерлери

маалыматтар базасын кароо жана жањылоо, иштелип чыгуучу нормативдик

укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтар базасына маалымат

киргизүү үчүн ага жеткиликтүүлүгүн камсыздоо кирет.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзам

долбоорлорунун маалыматтык базасын ишке киргизүү маселеси боюнча

мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо жагындагы иштерди

жүргүзүүдө. Аталган база иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлору боюнча

маалыматтарды алышуу булагы катары кызмат кылат жана мыйзам чыгаруу

иштеринде оперативдүү өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары мыйзам долбоорлорунун көрсөтүлгөн базасынын максаты

пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тартипке келтирүү

болуп саналат, анткени тиешелүү жылдарга мыйзам долбоорлоо иштеринин

планынан тышкары бир катар ар кандай программалык иш-чаралар (Кыргыз

Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

чечимдери менен бекитилүүчү программалар, иш пландары, матрицалар,

концепциялар) кабыл алынып, аларда ар кандай мыйзам долбоорлорун иштеп

чыгуу каралат. Эреже катары аталган программалык иш-чараларда тиешелүү

жылга республика үчүн артыкчылыктуу, маанилүү мыйзам долбоорлорун

даярдоо каралат.

Ошондой эле маалыматтар базасын пайдалануу, идентификациялык

аталыштарды берүү жана аларга кирүү үчүн паролдорду билүү боюнча

мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жагындагы иштер

жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда демилге кылынган жана

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилген, 2005-

жылы өздөрүнүн актуалдуулугун жоготкон мыйзам долбоорлорун жүргүзүлгөн

талдоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз

Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө"

2005-жылдын 17-июнундагы № 240 жана "Кыргыз Республикасынын

нормативдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу

жөнүндө" 2005-жылдын 1-июлундагы № 277 токтомдору кабыл алынган. Бул

токтомдор менен 1997-жылдан 2004-жылды кошо алганда ага чейинки

мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда жиберилген 140 мыйзам долбоору

кайра суралып алынган жана күчүн жоготту деп табылган.

Нормативдерди чыгаруу иштерин координациялоо маселелери

министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук нормативдик

укуктук актыларын мамлекеттик каттоо жүргүзүү аркылуу Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук

аппаратына мамлекеттик каттоого 259 нормативдик укуктук акты берилип,

алардан 158 акты катталган, 93 акты нормативдик укуктук актыларды

даярдоо жана мамлекеттик каттоо эрежелеринин талаптарына жооп бербеген

катары мамлекеттик каттоодон баш тартылып, кайтарылып берилген. 8 акты

боюнча нормативдик укуктук актыларды мамлекеттик каттоо күчүн жоготту

деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

приказы кабыл алынган.

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-статьясына ылайык министрликтер

менен ведомстволордун ведомстволор аралык мүнөзгө ээ нормативдик

укуктук актылары юстиция органдарында каттоодон өтүүгө тийиш. 2005-

жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан

министрликтер менен ведомстволордун нормативдик укуктук актыларын

мамлекеттик каттоо предметине текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2004-

жылдын январынан тартып 2005-жылдын июнуна чейинки мезгилде кабыл

алынган жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон, бирок

белгиленген тартипте катталбаган 151 акты аныкталган.

Ар кандай дењгээлдеги нормативдик укуктук актылардын ортосундагы

карама-каршылыктарды четтетүү жана аларды Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык келтирүү предметине нормативдик укуктук актыларды

инвентаризациялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын

өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын

инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан 2005-

жылдын ичинде 3 заседание өткөрүлүп, аларда жалпысынан 27 нормативдик

укуктук актылардын долбоорлору, анын ичинен Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын 21 долбоору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

токтомдорунун 5 долбоору, Кыргыз Республикасынын Президентинин

жарлыгынын 1 долбоору каралган жана жактырылган.

Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана ведомстволорунан

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келип түшкөн мыйзам долбоорлору менен

иштөөнү өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында нормативдик

укуктук актыларды дайыма инвентаризациялоо жүргүзүү механизмдерин

өркүндөтүү жана "Кыргыз Республикасында администрациялык реформаларды

андан ары илгерилетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-июлундагы № 566 токтомун аткаруу максатында

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын

инвентаризациялоо боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-февралындагы

№ 47 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-февралындагы № 75

токтому менен Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын

Кыргыз Республикасынын кабыл алынган мыйзамдарына жана Кыргыз

Республикасынын түзүлгөн эл аралык келишимдерине ылайык келтирүү

боюнча иштердин эрежесин бекитүүнү караган өзгөртүү киргизилген.

Нормативдерди чыгаруу иштерин андан ары өркүндөтүү максатында жана

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин тиркелген планы бекитилсин.

2. 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планы боюнча аткарылышына жооптуу министрликтер, мамлекеттик

комитеттер, администрациялык ведомстволор:

- тиркемеге ылайык белгиленген форма боюнча ушул токтомдун

аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигине квартал сайын, отчеттон кийинки айдын 5инен

кечиктирбестен маалымат берип турушсун;

- мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук планына

төмөнкүлөрдү сөзсүз көрсөтүү менен аны бекитишсин:

мыйзам долбоорлорунун аталышынын жана аларды иштеп чыгуу негизин;

аткарууга жооптуу структуралык подразделениенин аталышын жана тењ

аткаруучулардын тизмесин;

жетекчинин орун басарынын (биринчи орун басарынын), ошондой эле

мыйзам долбоорлорун даярдоого түздөн-түз катышкан адистин аты-жөнүн;

мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча тењ аткаруучулардын тизмесин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мыйзам долбоорлорун киргизүү

мөөнөттөрүн;

аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кабыл алуусунун

болжолдонгон мөөнөттөрүн;

- мыйзам долбоорлоо иштеринин бекитилген ички ведомстволук

пландарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки жумалык

мөөнөттө беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ар бир жарым жылдын

жыйынтыгы боюнча 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам

долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык

ведомстволор:

- тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планына сунуштарды түзүүдө мыйзам долбоорлоо иштерин

кылдаттык менен талдоо жана пландоо жүргүзсүн жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин

талаптарына ылайык сунуштарды беришсин;

- колдонуудагы нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүүнү караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну

пландан тышкары ишке ашырышсын. Кыргыз Республикасынын мыйзам

актыларына түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун даярдоодо

бир мыйзам долбоорунда бир нормативдик укуктук актыга гана

түзөтүүлөрдү киргизүүнү карашсын;

- мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алууну камсыздоо боюнча Жогорку

Кењештин ишине катышуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигине квартал сайын, отчеттон кийинки айдын 10унан

кечиктирбестен маалымат берип турушсун.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

18-мартындагы № 136 токтому;

- "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

18-мартындагы № 136 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы № 387 токтому;

- "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

18-мартындагы № 136 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 625 токтому;

- "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо

иштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

18-мартындагы № 136 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 49 токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик

программаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо

башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
