# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11235/edition/326042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому (02.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57185

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 2-мартындагы № 139

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай

районунун калктуу конуштарынын аймактарын

кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун

тургундарынын социалдык керектөөлөрүн чечүү максатында, Кыргыз

Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча

республикалык комиссия менен макулдашылган, Баткен облусунун Кадамжай

районунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарба

жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 308,07 га жерин, анын ичинде 247,94

га сугат айдоосун, 34,9 га кайрак айдоосун, 25,23 га көп жылдык

өсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Төмөнкүлөр "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан

"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун:

- Алга айыл өкмөтүнүн 7,2 га сугат айдоосу жана 10,23 га көп жылдык

өсүмдүктөр баскан жери;

- Бирлик айыл өкмөтүнүн 74,45 га сугат айдоосу жана 34,9 га кайрак

айдоосу;

- Карадөбө айыл өкмөтүнүн 91,29 га сугат айдоосу;

- үчкоргон айыл өкмөтүнүн 37,0 га сугат айдоосу жана 15,0 га көп

жылдык өсүмдүктөр баскан жери;

- Марказ айыл өкмөтүнүн 38,0 га сугат айдоосу.

3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин;

- жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта

социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердик

коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен ушул токтомдун 2-

пункттунда атапган жер участкаларына курулуш курууга пландоочу жана

жумушчу докумењттерди иштеп чыксын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра

иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
