# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 "Кыргыз Республикасынын айыл башчысынын (айылдын старостасынын) эмгек акысын каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 "Кыргыз Республикасынын айыл башчысынын (айылдын старостасынын) эмгек акысын каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11233/edition/1149866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 "Кыргыз Республикасынын айыл башчысынын (айылдын старостасынын) эмгек акысын каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (02.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57183

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2006-жылдын 2-марты, №137

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын айыл башчысынын (айылдын

старостасынын) эмгек акысын каржылоо боюнча чаралар жөнүндө

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү

мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 46-статьясына ылайык, жер-жерлерде өз алдынча

башкаруу принциптерин өнүктүрүү жана баштапкы дењгээлдеги

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине

финансылык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Айылдык (поселоктук) кењештердин администрациялык

борбору болбогон калктуу конуштарда жергиликтүү маанидеги

иштерди ыкчам башкарууну уюштуруу максатында айылдык жана

поселоктук кењештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин

каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана кызматтык мая-

насы поселоктук өкмөттүн жана айыл өкмөтүнүн жетектөөчү

адистеринин дењгээлинде белгиленүүчү айыл башчысынын

(айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн

экендиги белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселоктук

кењештерине жергиликтүү кењештердин кезектеги сессияларында

зарылдыгына жараша айылдык (поселоктук) кењештердин админи-

страциялык борбору болбогон калктуу конуштарда айыл башчы-

сынын (айылдын старостасынын) кызмат ордун киргизүү маселе-

син кароо сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы

министрлиги айыл башчысынын (айылдын старостасынын) эмгек

акысын каржылоонун механизмин аныкталган тартипте иштеп чык-

сын.

4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу иштери боюнча улуттук агенттигине Айыл башчысы

(айылды старостасы) жөнүндө типтүү жобону поселоктук

өкмөттүн же айыл өкмөтүнүн башчысынан айыл башчысына

(поселоктун старостасына) өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон

функцияларды жана ыйгарым укуктарды аныктоо менен иштеп

чыгуу сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мар-

тындагы № 110 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз

алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-октябрындагы

№672 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине,

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

иштери боюнча агенттигине (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик

кызмат жана региондук өнүктүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
