Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айыл башчысынын (айылдын старостасынын) эмгек акысын каржылоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-03-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2006-жылдын 2-марты, №137
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын айыл башчысынын (айылдын
старостасынын) эмгек акысын каржылоо боюнча чаралар жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 46-статьясына ылайык, жер-жерлерде өз алдынча
башкаруу принциптерин өнүктүрүү жана баштапкы дењгээлдеги
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине
финансылык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Айылдык (поселоктук) кењештердин администрациялык
борбору болбогон калктуу конуштарда жергиликтүү маанидеги
иштерди ыкчам башкарууну уюштуруу максатында айылдык жана
поселоктук кењештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин
каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана кызматтык мая-
насы поселоктук өкмөттүн жана айыл өкмөтүнүн жетектөөчү
адистеринин дењгээлинде белгиленүүчү айыл башчысынын
(айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн
экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселоктук
кењештерине жергиликтүү кењештердин кезектеги сессияларында
зарылдыгына жараша айылдык (поселоктук) кењештердин админи-
страциялык борбору болбогон калктуу конуштарда айыл башчы-
сынын (айылдын старостасынын) кызмат ордун киргизүү маселе-
син кароо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлиги айыл башчысынын (айылдын старостасынын) эмгек
акысын каржылоонун механизмин аныкталган тартипте иштеп чык-
сын.
4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу иштери боюнча улуттук агенттигине Айыл башчысы
(айылды старостасы) жөнүндө типтүү жобону поселоктук
өкмөттүн же айыл өкмөтүнүн башчысынан айыл башчысына
(поселоктун старостасына) өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон
функцияларды жана ыйгарым укуктарды аныктоо менен иштеп
чыгуу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мар-
тындагы № 110 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз
алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-октябрындагы
№672 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
иштери боюнча агенттигине (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик
кызмат жана региондук өнүктүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 "Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө"…Постановление · 20.01.2016 · № 2
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 4-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну…Постановление · 04.07.2008 · № 364 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-апрелиндеги № 304 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.04.2006 · № 304 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 марта 2003 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 30 октября 2001 года № 672 "О…Постановление · 06.03.2003 · № 110 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 30 октября 2001 года № 672 "О мерах по развитию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Постановление · 30.10.2001 · № 672 · Күчүн жоготкон
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 марта 2003 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 30 октября 2001 года № 672 "О…Постановление · 06.03.2003 · № 110 · Күчүн жоготкон