# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы №136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы №136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11232/edition/1149864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы №136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (01.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57182

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-марты, №136

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо

маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо

маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган

чечимдерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-

майындагы № 375 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункттагы "2 жылга чейин" деген сөз "алты айга чейин" деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 5-пунктта:

биринчи абзацтагы "берилет" деген сөздөн мурда "Кыргыз

Республикасынын жарандарына" деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацтагы "жок болсо" деген сөздөр "паспорту же өздүк

күбөлүгү жоголсо" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын;

- 6-пункттун биринчи абзацында "түшүнүктүү кол жазмасы менен" деген

сөздөр "басма тамгалар менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Өздүк күбөлүктү толтурууда арыз ээсинин фамилиясы, аты-жөнү

жана башка маалыматтары туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же туулгандыгы

тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсүнүн негизинде жазылат.";

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"9. Паспорту жоголгон учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн атайын чечимдеринде түздөн-түз каралган учурларда арыз

Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан жашаган жери боюнча тиешелүү

паспорттук подразделениеге берилет.";

- 10-пунктта "ыйгарым укуктуу органдарда" деген сөздөр "тиешелүү

паспорттук подразделениелерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пункттун онунчу абзацында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

герби түшүрүлүп" деген сөздөр "тиешелүү паспорттук подразделениенин"

деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктта "ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөр

"тиешелүү паспорттук подразделение тарабынан" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"13. Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн алмаштыруу

белгиленген формада арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күнүнүн

аралыгында жүргүзүлөт.";

- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"19. Өздүк күбөлүктү нотариалдык бүтүмдөргө, банктык операцияларга

жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда

колдонууга уруксат берилбейт.";

- 23-пункттун экинчи абзацынын акыркы сүйлөмү алып салынсын;

- 24-пунктта "19" деген сан "21" деген санга алмаштырылсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн Жобого "Кыргыз Республикасынын жаранынын

өздүк күбөлүгүн сүрөттөө" деген тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

- жыйырма экинчи абзац алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы жана жыйырма жетинчи

абзацтар менен толукталсын:

"Инсандын күбөлүгү паспортту убактылуу алмаштырган документ болуп

саналат, башка учурларда нотариалдык бүтүм түзүүдөн, банк

операцияларын жүргүзүүдөн, жана башка Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына көрсөтүлгөн учурларда жарабайт.

Жарактуу мөөнөтү алты ай.";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар

менен толукталсын:

"Инсандын күбөлүгү нотариалдык бүтүмдөрдү түзүүдөн, банктык

операцияларды жасоодон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

каралган башка учурлардан тышкары паспортту убактылуу алмаштыруучу

документ болуп саналат.

Жарактуу мөөнөтү алты ай.".

3. Кыргыз Республикасынын жаранынын мурда эки жылдык мөөнөткө

берилген өздүк күбөлүгү анда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жарактуу,

ошондой эле 2006-жылдын 1-декабрга чейинки мезгилде нотариалдык

бүтүмдөрдү түзүү жана банктык операцияларды жасоого жарактуу экендиги

белгиленсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду берүүнүн айрым

маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-

январындагы № 38 токтомунун 2-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо боюнча

чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-

майындагы № 181 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы

жарандык паспортунун наркын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 304 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-6

буйругунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-июлундагы № 309-6

буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 318-6

asipscs;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы № 329-6

буйругу.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансьш.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
