# " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11229/edition/352088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө"токтому (13.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57179

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-марты № 133

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча

мамлекеттик агенттик жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 26-сентябрындагы № 691,

2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы N

462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн

өркүндөтүү жөнүндө" Жарылыгын аткаруу үчүн жана кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоонун жана жер жайгаштыруунун бирдиктүү мамлекеттик система-

сын натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, жер боюнча мамилелерди жөнгө салуу

тармагында, ошондой эле топографиялык-геодезиялык жана картографиялык

жумуштарда бирдиктүү саясатты камсыздоо максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө тиркелген жобо жана

анын башкаруу схемасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте 37 штаттык бирдиктен турган

борбордук аппарат (тейлөөчү персоналдан тышкары), статс-катчы, бир орун

басар жана директорду, статс-катчыны жана директордун бир орун басарын

кошо алганда 7 адамдан турган коллегия болсун.

Борбордук аппаратты кармоо республикалык бюджетте Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мам-

лекеттик агенттикти каржылоого каралган каражаттардан эмгек акы төлөө

фондунун чегинде ишке ашырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627 токтомунун редакци-

ясына ылайык)

3. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги N

183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-

ды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-майындагы N 315

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги N 183

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды

каттоо боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" токтому.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 1-мартындагы

№ 133 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча

мамлекеттик агенттиктин башкаруу

СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627 токтомунун

редакциясына ылайык)

| Мамкаттоонун |  | Кыргыз Республикасынын |  | "Жерди жана кыймылсыз |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| коллегиясы | \-- | Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз | \-- | мүлктү каттоо" |  |
|  |  | мүлккө болгон укукту каттоо |  | долбоорун ишке |  |
|  |  | боюнча мамлекеттик агенттик |  | ашыруу бөлүмү |  |
| Ведомстволук | түзүмдөр |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
| Мамлекеттик |  | "Кыргызгипрозем" жерге |  |  | Жердин пайдаланылышын |
| картография-геодезия |  | жайгаштыруу боюнча |  |  | жана корголушун |
| кызматы |  | мамлекеттик долбоорлоо |  |  | мамлекеттик контролдоо |
| (Мамкартография) |  | институту |  |  | боюнча жер инспекциясы |
| Аймактык түзүмдөр |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
| Жерге жайгаштыруу жана |  | Кыймылсыз мүлк |  | Жерге жайгаштыруу жана |  |
| кыймылсыз мүлккө |  | жана жер ресурстары |  | кыймылсыз мүлккө |  |
| укуктарды каттоо боюнча |  | боюнча Баткен |  | укуктарды каттоо |  |
| райондук жана шаардык |  | аймактык борбору |  | боюнча райондук жана |  |
| башкармалыктар |  |  |  | шаардык башкармалыктар |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
