# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-авгуетундагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурдагы - Кыргыз Республикасынын жарандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө» жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 «Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө» токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-авгуетундагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурдагы - Кыргыз Республикасынын жарандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө» жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 «Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө» токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11227/edition/326027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-авгуетундагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурдагы - Кыргыз Республикасынын жарандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө» жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 «Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө» токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57176

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-февралы, №131

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

1-авгуетундагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурдагы - Кыргыз Республикасынын

жарандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы)

аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө» жана 2003-жылдын

28-ноябрындагы № 740 «Банкрот болгон коммерциялык банктардын

аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө»

токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурдагы - Кыргыз Республикасынын

жарандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле

банкрот болгон АКБ «Курулуш-Банк», АКБ «Инсан» жана АКБ «Меркюри»

коммерциялык банктардын 2005-жылдын 30-июнуна чейин каттоодон өтүүгө

үлгүрбөй калган аманатчыларын кошумча каттоонун мөөнөтүн узартуу

максатьшда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы №

480 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы «Кыргызэлбанктын»

(мурдагы - Кыргыз Республикасынын жарандарынын аманаттарын сактоо жана

кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө» токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча "АТАК" деген кыскартуулар "ААК" деген

кыскартууларга алмаштырылсын;

- биринчи пункттагы "2005-жылдын 30-июнуна" деген сандар менен

сөздөр "2006-жылдын 30-июнуна" деген сандар менен сөздөргө

алмаштырылсын;

- 2-пункттагы алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эсептешүү-сактык компаниясы" ААКнын калктын аманаттарын кайтаруу

боюнча көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн каражаттарды 2003-2006-

жылдарга республикалык бюджетте белгиленген тартипте

караштырсын.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-ноябрындагы №

740 «Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча

каражаттарын компенсациялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча "АТАК" деген кыскартуулар "ААК" деген

кыскартууларга алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "2005-жылдын 30-июнуна" деген сандар менен сөздөр

2006-жылдын 30- июнуна" деген сандар менен сөздөргө алмаштырылсын;

- 4- пункттагы алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: ""2004-

2006-жылдарга республикалык бюджетте "Эсептешүү-сактык компаниясы"

ААКнын агенттик кызматына төлөө үчүн каражаттарды белгиленген тартипте

караштырсын.".

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), "ДЕБРА" банктарды

кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо агенттиги (макулдашуу

боюнча), "Эсептешүү-сактык компаниясы" ААКсы (макулдашуу боюнча) менен

бирдикте ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарына ылайык мурдагы

«Кыргызэлбанктын» (мурдагы - Кыргыз Республикасынын жарандарынын

аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон

АКБ «Курулуш-Банк», АКБ «Инсан» жана АКБ «Меркюри» коммерциялык

банктардын аманатчыларын кошумча каттоонун мөөнөтү 2006-жылдын 30-

июнуна чейин узартылгандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары

аркылуу жарыяласын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
