Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-февралындагы № 130
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Маммүлккомдун максаттары
III. Маммүлккомдун милдеттери
IV. Маммүлккомдун иш милдеттери
V. Маммүлккомдун укуктары
VI. Маммүлккомдун иштерин уюштуруу
VII. Мамлекеттик мүлк фонду
VIII. Банкроттук иштери боюнча башкармалык
IX. Маммүлккомдун аймактык органдары
X. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен өз ара
карым-катнашы
XI. Финансы жана чарбалык иштер
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетинин, анын органдарынын иш-аракеттеринин укуктук жа-
на уюштуруу негиздерин, алардын өз ара, ошондой эле мамлекеттик бийлик
жана башкаруу органдары менен өз ара мамилелерин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети (мындан ары - Маммүлкком) мамлекеттик мүлктүн ээси
катары мамлекеттин таламдарын көздөөчү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жа-
на менчиктештирүү, банкроттукту алдын алуу, банкроттук процессин ишке
ашыруунун шарттарын камсыз кылуу, баалоо иш-арекеттерин өнүктүрүүнү иш-
ке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органы болуп
саналат.
2. Маммүлкком өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-
томдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук
актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Белгиленген тартипте Маммүлккомдун өз компетенциясынын чегинде
кабыл алынган буйруктарын, нускамаларын аткаруучу бийликтин Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн органдары, жергиликтүү мамлекеттик администраци-
ялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер,
уюмдар жана Кыргыз Республикасынын жарандары аткарууга милдеттүү.
4. Маммүлкком юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик герби менен өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде
түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле казыналык системасында жана Кыргыз Рес-
публикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналык
банк-агенттеринде эсептери болот.
5. Маммүлккомдун борбордук аппаратынын түзүмү жана кызмат орундары
Кыргыз Республикасын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. Ве-
домстволук жана аймактык органдардын түзүмү менен кызмат орундары
Маммүлккомдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген
кызматкерлердин чектелген санынын алкагында бекитилет.
II. Маммүлккомдун максаттары
6. Маммүлккомдун максаттарына төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик мүлктү пайдалануунун, башкаруунун жана менчиктеш-
тирүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу;
- ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана банкроттук-
ту алдын алуу боюнча чараларды камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү үчүн
шарттарды түзүү.
III. Маммүлккомдун милдеттери
7. Маммүлккомдун негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
7.1. Мамлекеттик менчикти башкаруу жана тескөө жана мамлекеттик
мүлктү менчиктештирүү саясатын ишке ашыруу.
7.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен мам-
лекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап баш-
каруу кадрларын түзүү, мамлеккеттик менчикти башкарууга, эсепке алууга
жана аларды пайдаланууну контролдоого квалификациялуу башкаруучуларды
тартуу.
7.3. Ишканалардын банкроттугун (кудуретсиздигин) алдын алуу жана
Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарын ишке ашыруу боюн-
ча мамлекеттик саясаты жүргүзүү.
7.4. Төлөөгө кудуретсиз чарбакер субъектилерди банкроттоо процес-
синин алкагында чыњдоо.
7.5. Менчиктештирүү, банкроттоо процесстеринде ачык-айкындуулукту
камсыз кылуу.
7.6. Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын
коргоону камсыз кылуу.
7.7. Баалоо институгтарын аларды укуктук жактан камсыз кылуу жана
координациялоо жолу менен өнүктүрүү жана өркүндөтүү.
IV. Маммүлккомдун иш милдеттери
8. Коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Маммүлкком төмөнкү иш
милдеттерди аткарат:
8.1. Тармактык саясаттын иш милдеттери:
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын, республиканын
экономикасы үчүн стратегиялык жактан маанилүү секторлордун жана объек-
тилердин тармактык концепцияларын жана жекече программаларын иштеп чы-
гуу;
- мүлк мамилелерин, менчиктештирүү процесстерин, мамлекеттик
мүлктү башкарууну, тескөөнү, сарамжалдуу пайдаланууну жана сакталышын
контролдоону, банкроттоо маселелерин, баалоо иш-аракеттерин жөнгө салу-
учу ченемдик укуктук актыларды, программаларды, методикалык документ-
терди иштеп чыгуу;
- банкроттоо жана аны алдын алуу жагында Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык макулдашылган мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү боюнча мамлекеттин саясатын ишке
ашыруу, укуктук камсыз кылуу жолу менен Кыргыз Республикасында баалоо
институтун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу.
8.2. Жөнгө салуу иш милдеттери:
- банкроттоо процессинде жарандардын иш-аракеттерин администратор-
лор катары лицензиялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
лицензияны алып коюу;
- мамлекеттик мекемелер менен ишканаларга түзүлүп жаткан юридика-
лык жактардын уюштуруучусу катары чыгуусуна жана алардын уюштуруучулар-
дын курамынан чыгуусуна макулдук берүү.
8.3. Координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо иш милдеттери:
- мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү бо-
юнча мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын иш-ара-
кеттерин координациялоо жана иштерин уюштуруу;
- мүлк мамилелерин жана менчиктештирүү процесстеринин маселелерин,
мамлекеттик мүлктү башкаруу, тескөө, сарамжалдуу пайдалануу, сактоо ма-
селелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын конт-
ролдоо;
- баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү боюнча иштерди координациялоо;
- мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдери менен аныкталган
сатып алуучулардын милдеттемелеринин аткарылышын эсепке алуу, контрол-
доо жана камсыз кылуу;
- маалыматтардын дивиденддик базасын түзүү жана жүргүзүү, акция-
лардын мамлекеттик пакети үчүн дивиденддерди туура эсептөөгө көз салуу,
дивиденддерди өз убагында төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды жана
контролду ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү ижарага алгандыгы үчүн ижара акысын өз уба-
гында төлөөнү контролдоо;
- менчигинде акциялардын мамлекеттик пакети (үлүшү) болгон мамле-
кеттик ишканалар жана мекемелерде, чарбакер шериктиктерде (коомдордо)
мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча иштер, мамле-
кеттик мүлктү сактоо жана сарамжалдуу пайдаланууну контролдоо боюнча
иштерди уюштуруу, мамлекеттик менчикти тескөө маселелери боюнча мамле-
кеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо;
- мамлекеттин акциялар пакети бар акционердик коомдордун башкаруу
органдарынын иш-аракеттерин талдоо, корпоративдик башкаруунун натыйжа-
луулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- менчигинде мамлекеттин үлүшү болгон объекттердин иш-аракеттерин
мониторингдөө;
- администраторлордун отчеттук маалыматтарын жыйноо жана Кыргыз
Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларга талаптар-
ды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мый-
замына ылайык банкроттоо процессинин шарттарын ишке ашырууну камсыз кы-
луу жана Кыргыз Республикасынын бакроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык
банкроттоо процессинин жол-жоболорун администраторлордун жүргүзүүсүнө
контролдук кылууну ишке ашыруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган
тартипте, аларга карата мамлекет кредитор болгон, карызкорлорго банк-
роттоо процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин жал-
гыз өкүлүнүн ыйгарым укугун ишке ашыруу. Алардын катышуучусу (менчик
ээси) мамлекет болгон, карызкорлорду банкроттоо процессинде мамлекеттин
кызыкчылыгын көздөө;
8.4. Кызмат көрсөтүү иш милдеттери:
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча практикалык чараларды
ишке ашыруу;
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча жеке адам-
дардын жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын та-
лаш-тартыш учурларында белгиленген тартипте кароо;
- менчигинде акциялардын мамлекеттик пакети (үлүшү) болгон мамле-
кеттик ишканалар менен чарбакер шериктиктерде (коомдордо) иштөө үчүн
заманбап башкаруу кадрларын түзүү;
- мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу уку-
гунда бекитүү, мамлекеттик мүлктү ижарага, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү
башкарууга жана күрөөгө берүү, мамлекеттик мүлктү күрөөгө коюга макул-
дук берүүдө экспертизаны белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Топто-
мо реестрге киргизилген администрациялык имараттарды (жайларды) баланс-
тан баланска өткөрүүнү (берүүнү) ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, банкроттоо, баалоо иш-аракет-
тери жагында жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат боюнча Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик органдарына консультация берүү;
- ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен бирге ири, эконо-
микалык же социалдык жактан маанилүү чарбакер субъектилерди финансылык
жактан жакшыртуу боюнча сунуштарды, аларга карата банкроттоо процесси-
нин жол-жоболорун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-
тарды даярдоо, мындай объектилерде банкроттоо процессин козгоо жана
банкроттоо процессинин алкагында аларды жакшыртуу маселелеринде комп-
лекстүү мамилени ишке ашыруу;
- менчиктештирүү боюнча комиссияларды түзүү жана алардын ишине ка-
тышуу, төлөмгө кудуретсиз карызкорлордун мүлкүнүн наркын баалоо жана
инвентаризациалоо боюнча иштерге катышуу;
- соттун, прокуратуранын же башка ыйгарым укук берилген органдын
суроо-талабы боюнча төлөмгө кудуретсиз чарбакер субъектилердин белгиле-
ри болгондугу жөнүндө корутунду даярдоо;
- администраторлордун отчеттору боюнча (банктардын банкроттугунан
тышкары, сот тартибинде банкроттоо процессин жүргүзгөндө) сотко кору-
тундуну берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукциондорду (кон-
курстарды) уюштуруу, анын ичинде төлөмгө кудуретсиз карызкорлордун
мүлкүн сатуу боюнча;
- банкроттоо процессин ишке ашыруу жол-жоболору боюнча администра-
торлорду, ошондой эле баалоо иш-аракеттерин, кризиске каршы башкарууну
жана башка багыттагы иштерди ишке ашыруучу адамдарды даярдоо, кайра да-
ярдоо жана адистигин жогорулатуу;
- банкроттук, баалоо жана баалоо иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарды
колдонуу боюнча практикалык курстарды жана семинарларды уюштуруу жана
өткөрүү.
8.5. Колдоо иш милдеттери:
- мамлекеттик мүлктүн менчиктештирилген объектилерин, мамлекеттин
акциялар пакети бир акционердик коомдорду эсепке алуу жана реестрин
жүргүзүү, чет өлкөдөгү мамлекеттик менчикти эсепке алуу;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуу
программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө менчиктештирүү процессинин дина-
микасына мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
- ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди, дивиденддерди жана мамле-
кеттик менчиктен түшкөн башка кирешелерди, мыйзамдарда белгиленген тар-
типте жана ченемдерге ылайык мамлекеттик мүлктү сатып алуу үчүн акча
каражаттарын алуу жана которуу;
- ири, экономикалык же социалдык жактан маанилүү чарбакер субъек-
тилердин финансы-экономикалык абалын эсепке алуу (мониторинг) жана тал-
доо, мыйзам тартибинде банкрот (кудуретсиз) деп таанылган (жарыяланган)
чарбакер субъектилердин уюштуруу-укук формаларына жана менчигинин
түрүнө карабастан төлөмгө кудуретсиз карызкорлорду эсепке алуу (монито-
ринг), банкроттоо процессинин жол-жоболору колдонулган чарбакер субъек-
тилердин иш-аракеттерин талдоо жана бул жол-жоболорду колдонуунун прак-
тикасын жалпылоо;
- менчиктештирүү, мамлекеттик менчикти башкаруу, банкроттоонун
жол-жоболору, баалоо иш-аракеттери, бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты
жүргүзүү маселелери боюнча үгүттөө жана түшүндүрүү иштерин мааалыматтык
жана программалык камсыз кылуу;
- белгиленген тартипте иш кагаздарын жүргүзүү, Кыргыз Республика-
сынын Президентинин жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтомдорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүнүн мониторингин ишке ашыруу, доку-
менттердин өз убагында аткарылуусун оперативдүү контролдоо, документ-
тердин эсебин жана сакталуусун, архив жүргүзүү, Маммүлкомдун документ-
теринин жашырындуулук режимин камсыз кылуу, документтердин мамлекеттик,
расмий жана чет тилдерге которулуусун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Маммүлккомдун систе-
масындагы кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, аларды окутуу жана кызма-
тын жогорулатууну ишке ашыруу;
- Маммүлккомдун системасындагы финансы-чарбалык иштерине бухгал-
тердик эсеп жана отчеттуулукту жүргүзүү.
V. Маммүлккомдун укуктары
9. Маммүлкком ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн
төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу, менчиктештирүү жана
башкаруу, кудуретсиз ишканаларды банкроттоочу, баалоо иш-аракеттерин
жөнгө салуучу ченемдик укук актыларын, методикалык документтерди өз
компетенциясынын чегинде иштеп чыгууга жана бекитүүгө, ошондой эле
аларды колдонуу тууралуу түшүндүрмө берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин атынан
менчиктештирүү процессинде түзүлгөн юридикалык жактардын уюштуруучу ка-
тары чыгууга, акцияларынын мамлекеттик пакети (үлүштөрү) бар чарбалык
шериктиктерде (коомдордо) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын
ишке ашырууга;
- акционердик коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттик өкүлдөр
аркылуу мамлекеттик менчикти (үлүштү) башкарууну ишке ашырууга; Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдорго акциялардын
мамлекеттик үлүшүн башкаруу боюнча өкүлдөрдү дайындоого, аларды эсепке
алууга;
- мамлекеттин акциялар пакети бар акционердик коомдордун башкаруу
органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды белгиленген тар-
типте киргизүүгө;
- мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго өзгөртүп уюштуруу-
да мамлекет үчүн акциялар пакетин аныктоого жана сактоого;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик менчигин баш-
каруу боюнча иштерди ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү тарабынан ишке ашыруу укугу башка министрликтерге, мамлекет-
тик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго берилген юридика-
лык арекеттерден башка ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу бо-
юнча чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик мүлктү юридикалык жактарга алар менен түзүлгөн кели-
шимдин негизинде чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, ижарага жана
пайдаланууга берилген тартипте берүүгө;
- чарба жүргүзүү укугу менен ишканаларга жана мамлекеттик мекеме-
лерге бекитип берилген, ошондой эле башка жактарга белгиленген тартипте
берилген мамлекеттин менчигиндеги мүлктүн өз багыты боюнча пайдаланышын
жана сакталышын контролдоого;
- башка мамлекеттер менен Кыргыз Республикасындагы жана анын сыр-
тындагы мамлекеттик мүлктүн объектилерин ээлөө укугун белгилөөгө, пай-
даланууга жана тескөөгө келишимдерди түзүүгө катышууга;
- мамлекеттин менчигинде болгон объектилерди менчиктештирүү
жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алуу-
га;
- Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мый-
замына ылайык банкроттоо процессин ишке ашыруунун шарттарын камсыз кы-
лууга жана анын ишке ашырылышын контролдоого;
- төлөмгө кудуретсиз ишканаларды кайра уюштурууга же ыктыярдуу жо-
юу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл
алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган шартта банк-
тарда улуттук жана чет өлкөлүк валютада кредиттерди пайдаланууга;
- анын компетенциясына кирген маселелер боюнча эсперттик жана
кењеш берүүчү коллегиялуу органдарды түзүүгө;
- менчиктештирүү, банкроттоо, баалоо иш-аракеттерин, ошондой эле
ченемдик укук документтерин иштеп чыгууну ишкеё ашыруу үчүн зарыл бол-
гон белгилүү бир иштерди жана кызмат көрсөтүүнү аткарууга укугу бар
консультациялык фирмаларды, консалтингдик, баалоочу, аудитордук юриди-
калык жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде
чет өлкөлүктөрдү дагы тартууга;
- сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- Маммүлккомдун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн рес-
публиканын статистикалык органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялардан, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, ишкана-
лардан, уюмдардан жана мекемелерден зарыл болгон статистикалык маалы-
маттарды, республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,
уюмдарынан жана мекемелеринен статистикалык маалыматтарды, маалыматтык
жана талдоо материалдарын суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мил-
деттүү түрдө лицензиялануучу жана Маммүлккомдун компетенциясына кирги-
зилген ишмердиктин түрлөрү боюнча лицензияларды берүүгө, лицензиялоону
ишке ашырууга жана тиешелүү эсепти жүргүзүүгө;
- Маммүлккомдун кызыкчылыктарынын жана компетенциясынын чөйрөсүнө
кирген маселелер боюнча басма ишмердигин ишке ашырууга (ченемдик-мето-
дикалык, жарнамалык-маалыматтык, маалымдама жана башка материалдар) жа-
на басып чыгарылган материалдарды сатууга;
- менчиктештирүү жөнүндө чечимдер өзгөртүлгөн же түзүлгөн бүтүмдөр
бузулган учурда берилген менчик укугу тууралуу күбөлүктү, сатып
алуу-сатуу келишимин мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарууга;
- менчиктештирүү, банкроттук, баалоо иш-аракеттери жагында мамле-
кеттик саясатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдар-
дын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартуу-
га;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө, банкроттоо процессин
жүргүзүүдө, баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүүдө зарыл болгон илимий-не-
гизделген сунуштарды иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө илимий ме-
кемелер, окуу жайлары, убактылуу эмгек жамааттары, окумуштуулар менен
келишимдерди түзүүгө;
- менчиктештирүү процесстери, мамлекеттик менчикти башкаруу, банк-
роттоо, баалоо иш-аракеттери менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн
адистерди даярдоого жана кайра даярдоого катышууга;
- ата мекендик ишканалардын инвестициялык жагымдуулугун жогорула-
туу, мамлекеттин мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу, менчиктеш-
тирүү жана башкаруу, ишканалардын кудуретсиздигин алдын алуу жана баа-
лоо иш-аракеттерин өнүктүрүү маселелеринде башка мамлекеттердин орто-
сунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү максатында башка мам-
лекеттерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу боюнча
Маммүлккомдун өкүлчүлүгүн ачууга же өкүлдөрүнүн болуусуна;
- чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын уюмдары менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттешүүгө
жана кызматташууга, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу,
банкроттоо, баалоо иш-аракеттери жагында башка өлкөлөрдүн жетишкендик-
терин жана тажрыйбасын изилдөөгө жана иш жүзүндө пайдаланууга;
- мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин укугун жана
кызыкчылыгын коргоону ишке ашырууга;
- мамлекеттик мүлктү сатып алуучулардын, башкаруучулардын жана
ижарага алуучулардын келишимдик милдеттемелеринин аткарылышын контрол-
доого;
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, банкроттоо процессин ишке
ашыруунун шарттарын камсыз кылуу, баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүүгө ба-
гытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка
иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
VI. Маммүлкомдун иштерин уюштуруу
10. Маммүлкком төмөнкүлөрдөн турган борборлоштурулган система бо-
луп саналат:
- борбордук аппарат;
- ведомстволук органдар:
- Мамлекеттик мүлк фонду;
- Банкроттук иштер боюнча башкармалык;
- аймактык органдар;
- аймактык башкармалыктар.
Маммүлкком ведомстволук жана аймактык органдардын иштерине белги-
ленген тартипте контроль жүргүзөт.
Маммүлккомдун чет өлкөлөрдө Маммүлккомдун компетенциясына кирген
маселелер боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу өкүлдүктөрү (өкүлдөрү) болушу
мүмкүн.
Маммүлккомго караштуу өкүлдүктүн (өкүлдөрдүн) иш-аракеттеринин
конкреттүү укуктук жана уюштуруу негиздери, иш милдеттери жана түзүү
каражаттарынын булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талапта-
рына ылайык аныкталат.
Маммүлкомдун алдында банкроттоонун жол-жоболорун, кризиске каршы
башкарууну, баалоо жана баалоо иш-аракеттери, башка багыттардагы масе-
лелер боюнча даярдоочу, кайра даярдоочу, адистигин жогорулатуучу Окуу
борбору иштейт. Мамүлкком Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
Окуу борборунун иш-аракеттеринин укуктук жана уюштуруу негиздерин, иш
милдеттерин түзүү каражаттарынын булактарын аныктайт.
11. Маммүлкомду төрага жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайын-
дайт жана кызматтан бошотот.
Маммүлккомдо жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат
статс-катчынын кызмат орду түзүлгөн. Статс-катчыны Мамлекеттик кызмат
боюнча кењештин сунушу жана Маммүлккомдун төрагасынын макулдугу менен
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошо-
тот. Маммүлккомдун статс-катчысынын иш милдеттери жана ыйгарым укугу
Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен, Мамлекеттик органдын
статс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Маммүлккомдун төрагасы
статс-катчыга башка иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды, атап айткан-
да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен боло турган күндөлүк иш-
терди иш жүзүнө ашырууну тапшырышы мүмкүн.
Маммүлккомдун төрагасынын эки орун басары болот, алар Маммүлкком-
дун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Төраганын орун басарлары төрагага түздөн-түз баш ийет жана
өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде
Маммүлккомдун ишин уюштурат.
12. Маммүлккомдун төрагасы:
- Маммүлкомдун иш-аракеттерине жалпы жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, башка мам-
лекеттер, чет өлкөлүк эл аралык өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар ме-
нен мамилелерде Маммүлккомдун атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча өкмөттөр ара-
лык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге
кол коет;
- Маммүлккомдун компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка
ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле уюштуруу жана башка документ-
терди чыгарат жана кол коет;
- Маммүлккомдун ведомстволук жана аймактык органдарынын ортосунда
ыйгарым укуктарды бөлүштүрөт.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статс-катчынын макул-
дугу менен Маммүлккомдун жана анын бардык ведомстволук жана аймактык
органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана
бошотот, алардын функционалдык (кызматтык) милдеттерин бекитет, квали-
фикациялык экзамендин, аттестациянын жыйынтыктары боюнча жана
статс-катчынын сунушу менен мамлекеттик кызматчыларга тиешелүү даража
чинин ыйгарат, сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрөт, башкарма-
лыктардын жана борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн, ведомстволук жана ай-
мактык органдардын жетекчилеринин жоопкерчилик дењгээлин мыйзамдарга
ылайык белгилейт;
- Маммүлккомдун атынан ишеним кат берет, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык Маммүлккомдун мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Маммүлккомдун мамлекеттик кыз-
маткерлеринин чектелген саны боюнча сунуш киргизет;
- Маммүлккомдун кызматкерлерине сыйлык берүү маселесин чечет, жеке
үстөктөрдү белгилейт.
Маммүлккомдун төрагасы өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн
статс-катчы жана төраганын орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүүгө
укуктуу.
Маммүлккомдун төрагасы Маммүлккомго жүктөлгөн милдеттер менен иш
милдеттердин аткарылышына жоопкерчиликте болот.
13. Маммүлккомдун төрагасы өзү жок учурда өз ыйгарым укуктарын
статс-катчыга же төраганын бир орун басарына жүктөөгө укуктуу.
14. Маммүлккомдо курамына кызматы боюнча Маммүлккомдун төрагасы
(коллегиянын төрагасы), статс-катчы, төраганын орун басарлары, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Рес-
публикасынын Экономика жана финансы министрлигинин, Кыргыз Республика-
сынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, Маммүлкком-
дун төрагасынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистри бекитүүчү жана бошотуучу Маммүлккомдун жетекчи кызматкерлери
кирген 9 кишиден турган коллегия түзүлөт.
Коллегия өз жыйындарында Маммүлккомдун иш-аракеттеринин маселеле-
рин, Маммүлкомдун негизги милдеттерин жана иштерин аткарууга байланыш-
кан маселелерди карайт, Маммүлккомдун ведомстволук жана аймактык орган-
дарынын жетекчилеринин докладдарын жана отчетторун угат.
15. Маммүлккомдун коллегиясы төмөндөгү ыйгарым укуктарга ээ:
- мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү
концепцияларынын жана программаларынын аткарылышын уюштурууга;
- стратегиялык объектилер боюнча мамлекеттик менчикти башкаруу,
мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жана чарбакер субъектилерди
банкроттоо боюнча токтомдорду кабыл алууга;
- Маммүлккомдун, ведомстволук жана аймактык органдарынын структу-
ралык маселелерин, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана банкроттук
маселерин чечүү үчүн аларды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу маселелерин,
ошондой эле белгиленген тартипте өз алдынча чарбалык эсептеги структу-
раларды түзүү маселелерин кароого;
- ведомстволук жана аймактык органдардын чечимдерин, алар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген учурда жоюуга;
- коллегиянын төрагасынын же анын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча мамле-
кеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү, чарбакер
субъектилерди банкроттоо, баалоо иш-аракеттеринин башка маселелерин ка-
роого.
Коллегиянын жыйындары зарыл болгон учурда өткөрүлөт жана протокол
менен таризделет. Коллегиянын жыйыны эгерде анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки-
си катышса укукка ээ болот. Коллегиянын жыйындарындагы чечимдер колле-
гия мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүгү добуш бергенде кабыл алынып жа-
на токтомдор түрүндө таризделет. Добуштар тењ болуп калган учурларда
төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Маммүлккомдун төрагасы ишти жетектейт жана жыйынды алып барат, ал
жок учурда бул иш милдетти статс-катчы же төраганын орун басарларынын
бири аткарат.
Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүн катыштырбастан коллегия
мүчөлөрүн кат жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
Коллегиянын ишинин тартиби төрага бекиткен Маммүлккомдун иш регла-
менти менен аныкталат.
Маммүлккомдун ведомстволук жана аймактык органдарынын жетекчилери
аларга берилген ыйгарым укуктар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
на ылайык жоопкерчилик тартат.
16. Маммүлккомдун жалпы мааниге ээ актылары приказ түрүндө чыгары-
лат. Ченемдик эмес мүнөздөгү актылар буйрук түрүндө чыгарылат. Приказ-
дарга Маммүлккомдун төрагасы, ал жок учурда статс-катчы жана төраганын
орун басарлары белгиленген тартипте кол коет.
Буйруктарга Маммүлккомдун төрагасы, ошондой эле өз компетенциясына
кирген маселелер боюнча статс-катчы жана төраганын орун басарлары кол
коюшат.
17. Маммүлккомдун иш милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон
талаш-тартыштар төмөнкү тартипте чечилет:
- ведомстволук жана аймактык органдардын чечимдери Маммүлккомго
даттанылат;
- Маммүлккомдун чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө даттаны-
лат;
- эгер Маммүлккомдун, анын ведомстволук жана аймактык органдары
кабыл алган чечимдердин негизинде юридикалык бүтүмдөр түзүлсө, анда
алар республиканын тиешелүү сотторуна даттанылышы жана бузулушу мүмкүн.
VII. Мамлекеттик мүлк фонду
18. Мамлекеттик мүлк фонду (мындан ары - Фонд) Маммүлккомго караш-
туу өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, казыналыкта эсеби, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик герби жана өз аталышы мамлекеттик жана рас-
мий тилдерде түшүрүлгөн мөөрү бар.
19. Фондго Маммүлкомдун иш милдеттерине ылайык төмөндөгү негизги
иш милдеттерди аткаруу жүктөлгөн:
- менчиктештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
практикалык чараларды ишке ашыруу;
- белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана ижа-
рага алынган мамлекеттик мүлк үчүн ижара акысынын өз убагында
төлөнүүсүнө контролдук кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү
башкарууга берүү жана мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана
тескөө боюнча иштер;
- белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү жана опе-
ративдүү башкарууга бекитүүнү ишке ашыруу;
- менчиктештирүү комиссиясынын ишин түзүү жана ага катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген берилген ый-
гарым укуктун чегинде башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу.
20. Фонд ага жүктөлгөн иш милдеттерди аткаруу үчүн төмөндөгү укук-
тарга ээ:
- мамлекеттин атынан чарбалык шериктиктердин (коомдордун) уюштуру-
учусу катары чыгат, акциялардын мамлекеттик пакети (үлүшү) бар чарбалык
шериктиктерде (коомдордо) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укугун иш-
ке ашырат;
- мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго өзгөртүп уюштуруу-
да мамлекет үчүн акциялардын пакетин аныктоо жана сактоо;
- мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте чарба жүргүзүүгө, опера-
тивдүү башкарууга, ижарага жана пайдаланууга берүүгө;
- мамлекеттин менчигинде турган объектилерди менчиктештирүү
жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл
алууга;
- менчиктештирүүнү, баалоо иш-аракеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл
болгон консультациялык фирмаларды, консалтингдик, баалоо, аудитордук,
юридикалык жана башка, анын ичинде чет өлкөлүк дагы структураларды тар-
тууга;
- Фондун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн республика-
нын статистикалык органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лардан, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, өзүн өзү башкаруу органдарынан, ишканалар жана мекемелерден за-
рыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык
материалдарды суроого жана алууга;
21. Фонд мыйзамдарда каралгандан башка учурларда чарбалык иштерди
жүргүзүүгө укугу жок.
22. Фондду Маммүлкомдун төрагасы дайындаган директор башкарат.
23. Фондун директору:
- Фонддун иш-аракеттерин жетектейт жана Фондго жүктөлгөн милдеттер
менен иш милдеттердин аткарылуусуна жеке жоопкерчиликте болот;
- үчүнчү жактар менен мамилесинде Фондун атынан чыгат;
- Фондун компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктарды, ошон-
дой эле уюмдаштыруу жана башка документтерди чыгарат жана кол коет;
- Фонддун атынан ишеним кат берет;
- менчиктештирүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- мамлекеттик мүлктүн объектилеринин баалоо наркын бекитет;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- конкурстарды, аукциондорду өткөрүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
чечим кабыл алат;
- объектилерди сатууга коюу жөнүндө чечим кабыл алат;
- менчиктештирүү объектилерин баалоого (акциялардын мамлекеттик
пакеттери, үлүштөр) көз карандысыз баалоо уюмдарын (жеке баалоочу) тар-
тат жана келишимдерди түзөт.
24. Директор жок болгон учурда директордун милдетин директордун
орунбасары аткарат.
25. Фонддо 5 кишиден турган башкарма түзүлөт. Башкарманын курамына
кызматы боюнча Директор (башкарманын төрагасы), директордун орунбасары,
бөлүмдөрдүн начальниктери, сектор башчылары кирет.
Башкарма өз заседаниелеринде Фондун иш-аракеттеринин маанилүү ма-
селелерин карайт.
26. Фондун башкармасы төмөндөгү ыйгарым укуктарга ээ:
- Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын аткарууну уюш-
турат;
- мамлекеттик менчиктин объектилерин менчиктештирүү жөнүндө, анын
ичинде башка мамлекеттердин аймагында жайгашкандар боюнча да чечимдерди
белгиленген тартипте кабыл алат;
- Фонд өткөргөн аукциондор, конкурстардын жыйынтыгын бекитет;
- башкарманын төрагасынын же анын мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча
башка маселелерди карайт.
27. Башкарманын заседаниеси зарыл болгон учурда өткөрүлүп жана
протокол менен таризделет.
Башкарманын чечими башкарманын мүчөлөрүнүн катышуусуз башкарманын
мүчөлөрүн кат жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынышы мүмкүн.
Фондун директору башкарманын ишине жетекчилик кылат жана жыйынды
алып барат, ал жок болгон учурда ал иш милдеттерди директордун орунба-
сары аткарат.
28. Фонддун ишинин конкреттүү укуктук жана уюштуруу негиздери, иш
милдеттери жана каражат түзүү булактары тиешелүү ченемдик укук актылар
жана Маммүлкком бекитүүчү Фонд жөнүндө жобо менен аныкталат.
VIII. Банкроттук иштер боюнча башкармалык
29. Банкроттук иштер боюнча башкармалык (мындан ары - Башкармалык)
Маммүлккомго караштуу өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, ал аркы-
луу Маммүлкком банкроттукту алдын алуу, ошондой эле "Банкроттук (куду-
ретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкроттоо
процессин ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик сая-
сатты ишке ашырат.
Башкармалыктын казыналыкта эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекет-
тик герби жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүрүлгөн
мөөрү бар.
30. Башкармалыкка Маммүлккомдун иш милдеттерине ылайык төмөндөгү
негизги иш милдеттерди аткаруу жүктөлгөн:
- "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замына ылайык банкроттоо процессин ишке ашыруунун шарттарын камсыз кы-
луу жана анын жүрүшүнө контроль жүргүзүү;
- ири, экономикалык же социалдык маанилүү чарбакер субъектилердин
уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан алардын
финансы-экономикалык абалына талдоо жүргүзүүнү ишке ашыруу, мындай
субъекттерди финансылык жактан чыњдоо боюнча сунуштарды Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө берүү;
- ири, экономикалык же социалдык маанилүү чарбакер субъектилердин
эсебин камсыз кылуу;
- "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замында белгиленген учурларда жана тартипте банкроттоо процессин соттук
жана соттон тышкары тартипте козгоону камсыз кылуу;
- банкроттоо боюнча адистердин (администраторлордун) кесиптик
дењгээлин баалоо, даярдоо системасын уюштуруу, банкроттоо процессинде
жарандардын ишмердигин администраторлор катары лицензиялоону жана ли-
цензияны кайтарып алууну камсыз кылуу;
- Башкармалыктын компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктар-
ды, ошондой эле уюштуруу жана башка документтерди чыгаруу жана кол ко-
юу;
- банкроттоого жана анын алдын алууга байланышкан маселелер боюнча
ченемдик укук актыларды өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгуу жана
белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү, ошондой эле
алардын аткарылышын контролдоо;
- банкроттоо процессинде администраторлордун ишин өнүктүрүүгө
көмөктөшүү;
- сот тартибинде банкроттоо процессинин жол-жоболорун жүргүзүүдө
администраторлорду дайындоо, чететтүү жана бошотуу;
- жок болгон карызкорду банкроттоону ишке ашырууда шарттарды
түзүү;
- банкроттоо процессинде администраторлор катары кесиптик иш-ара-
кеттерди жүзөгө ашырган адамдарга талаптарды бекитүү;
- администраторлордун отчеттору боюнча сотко корутунду берүү
(банкроттоо процессин сот тартибинде жүргүзгөн учурда);
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана мыйзам
тартибинде белгиленген администрациялык жазаларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди
жүзөгө ашыруу.
31. Башкармалыктын ишинин конкреттүү укуктук жана уюштуруу негиз-
дери, иш милдеттери жана каражаттарды түзүү булактары Кыргыз Республи-
касынын тиешелүү ченемдик укук актылары жана Маммүлкком бекиткен Баш-
кармалык жөнүндө жобо менен аныкталат.
IX. Маммүлккомдун аймактык органдары
32. Аймактык органдар Маммүлккомдун чечими боюнча түзүлөт, кайра
уюштурулат жана ишин токтотот.
33. Аймактык органдарга Маммүлкомдун иш милдеттерине ылайык
төмөндөгү негизги иш милдеттерди аткаруу жүктөлгөн:
- тиешелүү облустарда жана Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик
мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча практикалык ча-
раларды иштеп чыгуу жана иштерди уюштуруу;
- менчиктештирүү процессинин динамикасын, мамлекеттик мүлктү мам-
лекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программаларынын аткарылышынын
жүрүшүн талдоо жана алардын аткарылышы жөнүндө отчет берүү;
- мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча иштер-
ди аткаруу, мамлекеттин атынан акцияларында мамлекеттин пакети (үлүшү)
бар чарбалык шериктиктердин (коомдордун) акционеринин (катышуучусунун)
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик мүлктүн сарамжалдуу пайдаланылышын жана сакталышын,
аны инвентаризациялоону, эсепке алууну жана баалоону контролдоо ишин
уюштуруу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте банкроттоо процессин ишке ашы-
руунун шарттарын камсыз кылуу;
- региондордо ишканаларды кайра уюштуруп түзүү, структурасын
өзгөртүү, жоюу боюнча иштерди уюштуруу;
- мамлекеттик менчик объектилеринин эсебин алуу;
- менчиктештирүү процесстерине ишкерлерди тартуу жолу менен рес-
публикада чакан жана орто бизнести, жеке менчик секторду өнүктүрүүгө
көмөктөшүү;
- Маммүлккомдун мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында
түшкөн дивиденддерди менен акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарда белгиленген тартипте нормативдерге ылайык алуу жана кото-
руу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү
ижарага, ишенимдүү башкарууга жана күрөөгө берүүнү ишке ашыруу, ижарага
же ишенимдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн пайдаланылуусуна
контролдук кылуу.
34. Мамүлккомдун аймактык органдарынын жетекчилери алардын иш-ара-
кеттеринде кетирилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулары үчүн
толук жоопкерчилик тартат.
35. Маммүлккомдун коллегиясынын чечимдерин, приказдарын, буйрукта-
рын ведомстволук жана аймактык органдар аткарууга милдеттүү.
36. Аймактык органдарда курамында аймактык органдын начальниги
(Кењештин төрагасы), начальниктин орунбасары, бөлүмдүн начальниги, фи-
нансы жана юридикалык маселелер боюнча кызматкерлери болгон Кењеш
түзүлөт. Кењеш мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, төлөмгө кудуретсиз
ишканалардын жетекчилерин кызматтан алуу жана дайындоо, банкроттоо про-
цессинин жол-жоболорун колдонуу, ошондой эле Кењештин төрагасынын суну-
шу боюнча башка маселелер жөнүндө чечим кабыл алат.
Аймактык органдардын иштеринин конкреттүү укуктук жана уюштуруу
негиздери, иш милдеттери жана каражат түзүү булактары Маммүлкком бе-
китүүчү тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана
Аймактык органдар жөнүндө жобо менен аныкталат.
37. Аймактык органдар өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, ка-
зыналыкта жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-
гинин Борбордук казыналыгынын банк-агенттеринде эсептери, Кыргыз Рес-
публикасынын Мамлекеттик герби жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий
тилдерде түшүрүлгөн мөөрү болот.
X. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары
менен өз ара карым-катнашы
38. Маммүлкком жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз
Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын ат-
карылышы жөнүндө жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүү процессинин
жүрүшү жөнүндө, ошондой эле анын компетенциясына кирген башка маселелер
боюнча отчет берет.
39. Маммүлкком квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мен-
чиктештирүүнүн темпи жана көлөмдөрү, программаларды аткаруунун дењгээли
жана мөөнөттөрүн сактоо жөнүндө, каражаттардын менчиктештирүүдөн түшүшү
жана сарпталышы жөнүндө, ишканаларды кайра уюштуруунун, санациялоонун
жана банкроттоонун жүрүшү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жөнүндө маалы-
маттарды берет, Зарыл учурда Маммүлкком Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кат жүзүндөгү суроо-талабы боюнча оперативдүү маалыматтарды
берет.
40. Маммүлкком министрликтер, мамлекеттик комиттер жана админист-
рациялык ведомстволор менен бирдикте Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү
программасын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыру-
усуна берет.
41. Маммүлкком тармактын ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана
менчиктештирүү жөнүндө айрым министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-
дин жаиа администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин отчетун угуу-
нун зарылдыгы жөнүндөгү сунушун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-
гизүүгө укуктуу.
XI. Финансы жана чарбалык иштер
42. Маммүлкомдун мүлкү негизги фонддордон жана жүгүртүү каражатта-
рынан турат.
43. Маммүлккомдун мүлкүн түзгөн булактар төмөнкүлөр:
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн алынуучу сатуу баасынан
ашык 7% өлчөмдөгү комиссиялык жыйымы негизин түзгөн Маммүлккомдун өздүк
каражаттары;
- белгиленген тартипте бекитилген Мамлекеттик менчиктештирүү фон-
дунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө жобого ылайык Мамле-
кеттик менчиктештирүү фондунун каражаттары;
- депозиттерден кирешелер;
- банктын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка
булактар.
44. Маммүлкком атайын каражаттарды үнөмдөөдөн Маммүлккомдун кыз-
маткерлерин материалдык жактан колдоо жана өнүктүрүү фондун Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарга ылайык түзүүгө укуктуу.
45. Маммүлкком системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери"Постановление · 28.02.2006 · № 130 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери"Постановление · 28.02.2006 · № 130 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.04.2009 · № 236 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74