# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери» жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери» жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11224/edition/326018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери» жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (13.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57171

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-февралы, №128

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

23-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Маданият

министрлигинин маселелери» жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу

«Мамлекеттик органдын статс-катчысынын Жогорку администрациялык

мамлекетгик кызмат ордун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-

январындагы № 10 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдьш 23-декабрындагы № 608

«Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери» жөнүндө

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Маданият министрлиги жөнүндөгү жободо:

- 10-пункт төмөнкү редакцияда бекитилсин:

«10. Министрдин статс-катчысы жана эки орунбасары болот.

Статс-катчыны кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу

жана министрдин макулдугу менен менен Кыргыз Республикасынын Премьер-

министри дайындайт жана кызматтан бошотот. Статс-катчынын милдеттери

менен ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен статс-

катчы жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка иш

милдеттер менен ыйгарым укуктарды жүктөшү да мүмкүн.

Министрдин орунбасарларын министрдин сунушу боюнча Кыргыз

Республикасынын Премьер-министри дайындайт, алар министрге түздөн түз

баш ийет жана ишмердигин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишке

ашырат.»;

- 11-пункттун 5-абзацы «министрдин орун басарлары,» деген сөздөрдө

кийин «статс-катчысы,» деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пункттун 17-абзацы «ведомствого караштуу мекемелер,» деген

сөздөрдөн кийин «маданиятты башкаруунун аймактык органдары,» деген

сөздөр менен толукталсын;

- 12-пункт «министр (коллегиянын төрагасы)» деген сөздөрдөн кийин

«стас-катчы» деген сөз менен толукталсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
