Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эрежелери жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-февралындагы № 121
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк
жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды
берүүнүн эрежелери жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-январындагы № 117 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексине, Кыргыз
Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине, Баланын укугу жөнүндөгү
конвенцияга, ошондой эле эларалык укуктун жалпы кабыл алынган
принциптерине жана ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз
Республикасынын жарандары болгон балдарды Кыргыз Республикасынын
жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар асырап алууда (мындан ары
- асырап алуу) балдардын кызыкчылыгын жана укуктарын коргоого
багытталат.
1.2. Бул Жобо төмөнкү тартиптерди аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алууга
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз
Республикасынын жарандарына берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алууга
чет өлкөлүк жарандарга берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен сырткары да
жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алган
үй-бүлөлөрдө алардын жашоо жана тарбиялануу шарттарына көзөмөлдүктү
ишке ашырууну.
1.3. Жашы жете элек балдарды асырап алууга төмөнкү учурларда жол
берилет, эгерде бирден бир атасы же энеси, же экөө тењ:
- каза болуп калса;
- дайынсыз жоголуп, сот тарабынан дайынсыз жок делип же каза болду
деп таанылса;
- сот тарабынан жарамсыз деп табылса;
- сот тарабынан ата-энелик укуктан ажыратылса;
- белгиленген тартипте асырап алууга макулдук берилсе;
- сот тарабынан себепсиз деп таанылган себептер боюнча, бала менен
6 айдан ашык чогуу жашабаса, аны тарбиялоодон жана багуудан баш
тартса.
Ата-энеси белгисиз болуп, табылган баланы (таштанды баланы) асырап
алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте ички иштер
органдары тарабынан берилген тиешелүү актынын негизинде жүргүзүлүшү
мүмкүн.
1.4. Асырап алуучулар эрезеге жеткен эркектер да, аялдар да болушу
мүмкүн, буларга төмөнкүлөр кирбейт:
1) сот тарабынан жарамсыз деп табылган же жарамдуулугу чектелген
адамдар;
2) бири сот тарабынан жарамсыз же жарамдуулугу чектелген деп
табылган жубайлар;
3) сот тарабынан ата-энелик укуктан ажыратылган же сот тарабынан
ата-энелик укугу чектелген адамдар;
4) мыйзам тарабынан ага тагылган милдетин тиешелүү аткарбагандыгы
үчүн камкорчу (көзөмөлчү) милдетинен четтетилген адамдар;
5) мурда бала асырап алгандар, эгерде сот тарабынан алардын күнөөсү
боюнча асырап алуу жокко чыгарылса;
6) ден соолугуна байланыштуу ата-энелик укугун аткара албаган
адамдар;
7) асырап алуу учурунда асыралган баланын жашоо-турмушу жана
өнүгүшү үчүн нормалдуу шартты камсыз кылуучу кирешеси жок адамдар;
8) туруктуу жашаган жери жок адамдар;
9) асырап алуу мезгилинде жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө
каршы атайын кылмыш үчүн соттуулугу бар адамдар;
10) алкоголду, бањги каражаттарын ашкере пайдалангандар; өнөкөт
жугуштуу оорулар менен ооруган адамдар.
Никеге катталбаган адамдар бир эле баланы бирге асырап ала
алышпайт.
1.5. Асырап алууга талапкерлер төмөнкүлөргө жеке милдеттүү:
- асырап ала турган баланын документтери менен таанышууга;
- баланын ден соолугу жөнүндөгү медициналык корутунду менен
таанышканын жазуу жүзүндө ырастоого;
- асырап алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин бала менен
таанышуу жана (же) маектешүү үчүн балдардын жатак мекемесине жолдомо
алууга жана маектешүү өткөрүүгө асырап алуучу бала жашаган аймактагы
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик
администрациянын тиешелүү камкордук жана көзөмөлчүлүк органына
келүүгө;
- асырап алууга бериле турган бала менен таанышууга жана байланыш
түзүүгө;
- ушул Жобого ылайык зарыл болгон документтерди даярдоого;
- асырап алуу боюнча чечимди алууга (Кыргыз Республикасынын жараны
үчүн - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органынын чечими; Кыргыз Республикасынын аймагынын
чегинен сыртта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, чет
өлкөлүк жарандар үчүн - соттун чечими);
- асырап алуу жөнүндөгү чечимди алгандан кийин баланы жашаган же
турган жеринен алып кетүүгө.
1.6. Асырап алуу боюнча ортомчулук иш-аракетке, башкача айтканда
бала асырап алууну каалаган адамдардын атынан же аньш кызыкчылыгында
асырап алууга балдарды тандоо жана берүү максатындагы башка адамдардын
же коомдук уюмдардын бардык иш-аракетгери, анын ичинен бала жөнүндө
маалымат, балдардын сүрөтүн жана көрмө тасмаларды берүүгө жана асырап
ала турган баланы кошумча медициналык экспертизадан өткөрүүгө кескин
тыюу салынат.
2. Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз
Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз
Республикасынын жарандарынын асырап алуусу
2.1. Кыргыз Республикасынын бала асырап алууну каалаган жарандары
өздөрү жашаган жердеги же баланын жашаган жериндеги камкордук жана
көзөмөлчүлүк органына асырап алуучу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө
корутунду берүүнү өтүнүп, төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз
берет:
1) толук өмүр баяны;
2) иштеген жеринен ээлеген кызматын жана эмгек акысын көрсөткөн
маалымкат же кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү;
3) жарандардын чогуу кирешеси жөнүндөгү маалыматтардын көчүрмөсү
жана жашаган жериндеги үй китепчесинен көчүрмө же болбосо турак-жайына
менчик укугун тастыктаган документ;
4) ички иштер бөлүмүнөн соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат;
5) асырап алууну каалаган адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден
соолугу жөнүндө мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу мекемесинен Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипте
таризделген медициналык корутунду;
6) жашаган жериндеги камкордук жана көзөмөлчүлүк органынан асырап
алуучу болууга мүмкүнчүлүгүн ырастаган (асырап алуучу үй-бүлөнүн ар
бир мүчөсүнө) корутунду;
7) нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгерде никеде турса);
8) иштеген жана жашаган жеринен мүнөздөмө;
9) үй-бүлөнүн жашоо-тиричилик шартын текшерүү актысы;
10) жашаган жеринен жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.
Бул пункттун 2-4-пунктчаларында саналган документтер берилген
күндөн баштап үч айга чейин, ал эми ден соолугу жөнүндөгү медициналык
корутунду бир айга чейин жарактуу.
Асырап алуу өтүнүчү менен кайрылган адам паспортун, ал эми Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралгањ учурларда ким экендигин
тастыктаган башка документин көрсөтүшү керек.
2.2. Камкордук жана көзөмөлчүлүк органы балага үй-бүлөлөрдү тандап
берүүнү ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын жарандарына бала асырап
алууга байланыштуу маселелерди түшүндүрүп берет.
2.3. Камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары асыроочу болуу
мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдоо үчүн бала асырап алууну
каалагандардын социалдык-тиричиликтик шарттарын текшерүүнүн
натыйжасында акты түзөт.
2.4. Арыздын жана ага тиркелген документтердин, ошондой эле бала
асырап алууну каалагандардын социалдык-тиричилик шартгарын изилдеген
актынын негизинде камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары арыз түшкөн
күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде алардын асырап алуучу болууга
мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдашат, ал бала асырап алууга
талапкер катарында каттоого алуу үчүн негиз болуп саналат.
Көзөмөлчүлүк жана камкордук органдары терс корутундуну жана ага
негизделген асырап алууга талапкерлер катарында каттоодон баш тартууну
ага кол коюлган күндөн баштап 5 күндүн ичинде арыз берүүчүгө
билдиришет. Ошол эле убакта арыз берүүчүгө бардык документтери
кайтарылып берилет жана камкордук жана көзөмөлчүлүк органы тарабынан
кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби түшүндүрүлөт.
2.5. Асырап алууга талапкер катары жарандарды каттагандан кийин
камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары аларга асырап алышы мүмкүн
болгон бала (балдар) жөнүндө маалымат беришет жана баланын (балдардын)
жашаган (турган) жерине барууга жолдомо беришет.
2.6. Бала асырап алууга талапкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
- бала жана анын болгон туугандары жөнүндө толук маалымат алууга;
- бала жашаган мекеменин өкүлүнүн катышуусу менен асыралуучу баланы
медициналык көз карандысыз кайрадан күбөлондүрүү өткөрүү үчүн
медициналык мекемеге кайрылууга.
2.7. Эгерде баланы асырап алууга талапкерлер өздөрү жашаган жерден
бала тандай алышпаса, өзүнүн каалоосу боюнча башка камкордук жана
көзөмөлчүлүк органы же болбосо Кыргыз Республикасынын Билим берүү,
илим жана жаштар саясаты министрлигине асырап алуучу бала жөнүндө
маалымат алуу үчүн кайрыла алышат.
2.8. Конкреттүү баланы асырап алуу мүмкүндүгү жөнүндө маселени
чечүү үчүн негиз болуп асырап алууну аныктоо тууралуу өтүнүч менен
асырап алууга талапкерлердин арызы эсептелет, аны алар баланын жашаган
(турган) жериндеги камкордук жана көзөмөлчүлүк органына Кыргыз
Республикасынын үй-бүлөлүк кодексинде жана Кыргыз Республикасынын
Жарандык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте беришет.
2.9. Он жашка чыккан баланы асырап алууда анын жазуу жүзүндөгү
макулдугу талап кылынат. Баланын макулдугу камкордук жана көзөмөлчүлүк
органы тарабынан аныкталат жана өзүнчө документте же болбосо асырап
алуунун негиздүүлүгү жөнүндөгү жана анын асыралуучу баланын таламына
ылайыктыгы жөнүндөгү корутундуда чагылдырылат.
Эгерде жергиликтүү мамлекеттик администрацияга асырап алуу жөнүндө
арыз бергенге чейин бала асырап алуучунун (алуучулардын) үй-бүлөсүндө
жашаса жана аны (аларды) өз ата-энем деп эсептесе асырап алуу өзгөчө
тартипте асыралуучунун макулдугусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.
2.10. Ата-энеси баланы асырап алууга конкреттүү адамга же болбосо
конкреттүү адамды көрсөтпөстөн макулдук бере алат. Ата-энелердин
алардын баласын асырап алууга макулдугу ал төрөлгөндөн кийин гана
берилиши мүмкүн жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2.11. Асырап алуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же
шаардын мэриясынын чечими менен баланын туруктуу жашаган жери боюнча
Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдарында белгиленген
тартипте жүргүзүлөт.
2.12. Асыралуучу баланын туруктуу жашаган (турган) жери боюнча
камкордук жана көзөмөлчүлүк органы асырап алуунун негиздүүлүгү жөнүндө
жана асыралуучу баланын таламына анын ылайыктыгы тууралуу асыралуучу
бала менен асырап алуучунун (асырап алуучулардын) жеке
маектешүүсүнүнүн фактысы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен
корутунду даярдайт. Балага таандык мүлктүн турган жерин жана анын
сакталышы боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен мүлктүн тизмесин
даярдайт.
2.13. Асырап алуучулардын жана асыралуучу баланын укуктары жана
милдеттери баланы асырап алууну аныктагандыгы жөнүндө жергиликтүү
мамлекеттик администрациянын чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн
баштап пайда болот.
2.14. Асырап алуучулар паспортун же асырап алуучунун ким экендигин
ырастоочу башка документин жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациянын чечимин көрсөтүп, баланы жашаган (турган) жеринен
жеке өзү алып кетүүгө милдеттүү.
2.15. Мамлекеттик балдар мекемесинде тарбиялануудагы баланы асырап
алууда ушул мекеменин директорунун жазуу жүзүндөгү макулдугу талап
кылынат. Бала өкмөттүк эмес кайрымдуулук балдар үйүндө, жетим балдар
үйүндө болгон учурда мекеменин жайгашкан жериндеги камкордук жана
көзөмөлчүлүк органынын макулдугу талап кылынат.
2.16. Ата-энелеринињ камкордугусуз калган балдар туруучу балдар
интернаттарынын же башка балдар мекемелеринин администрациясынын
асыралышы же көзөмөлдүккө, камкордукка берилиши мүмкүн болгон
балдардын ушул мекемелерде болушу жөнүндө маалыматтарды билдирүүсүнө
жана ушундай балдар жөнүндө маалыматтарды камкордук жана көзөмөлчүлүк
органынан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар
саясаты министрлигинен башка айрым жарандарга же юридикалык жактарга
беришине таптакыр тыюу салынат. Ата-энелеринин камкордугусуз калган
балдар турган интернат мекемелери жайгашкан жердеги камкордук жана
көзөмөлчүлүк органынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ушул балдар менен
аларды асырап алуу, көзөмөлчүлүк, камкордук көрүү, асырап алууну
каалаган адамдардын көзөмөл кылуусу же балага көзөмөлчүлүк, камкордук
көрүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандары менен тааныштырууга
жол берилбейт.
2.17. Балдардын кызыкчылыгына асырап алуу туура келген учурларды
кошпогондо бир туугандарды (ага, ини, карындаш, эже) түрдүү адамдардын
асырап алышына жол берилбейт.
2.18. Асырап алууда бир туугандарды бөлүү асырап алуучулар асырап
алуунун сырын сактоону суранбаганда жана асырап алынган баланын бир
туугандары менен мамиле түзүүсүнө тоскоол болбоого милдеттенме алган
учурда уруксат берилет.
Асырап алууда бир туугандарды бөлгөн учурда жергиликтүү мамлекеттик
администрациянын алдындагы камкордук жана көзөмөлчүлүк органы же
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы асырап алуучуларга баланын бир
туугандары бар экендигин жана алардын турган жерлери жөнүндө билдирүү
милдетин жүктөйт.
2.19. Асырап алынган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын
коргоо максатында асырап алынган баланын жашаган жериндеги камкордук
жана көзөмөлчүлүк органы анын жашоо жана тарбиялануу шартына
контролдук жүргүзөт.
2.20. Аймагында баланы асырап алуу жүргүзүлгөн камкордук жана
көзөмөлчүлүк органы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими
мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин 7 күндүк мөөнөттө асыралган баланын
жашоосунун жана тарбиялануусунун шарттарына контролдук жүргүзүү үчүн
тиешелүү маалыматты асыралган бала менен асырап алуучунун
(алуучулардын) жашаган жериндеги камкордук жана көзөмөлчүлүк органына
жиберет. Айтылган маалыматтарды жиберүүдө асырап алуунун сыры
сакталууга тийиш. Аны жайылтып жиберүүгө күнөөлүү адамдар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
2.21. Асыралган баланын жашоосунун жана тарбияланышынын шарттарын
контролдук текшерүү камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын балалыкты
коргоо боюнча инспектору тарабынан асырап алуу аныкталгандан кийинки
алгачкы үч жылдын ичинде жыл сайын жүргүзүлөт. үч жыл өткөндөн кийин
контролдук текшерүү жүргүзүү зарылдыгы асырап алуучунун (алуучулардын)
үй-бүлөсүндө түзүлгөн конкреггүү жагдайга ылайык камкордук жана
көзөмөлчүлүк органы тарабынан аныкталат. Асыралган баланын жашоосунун
жана тарбиялануусунун шарттарын контролдук текшерүү асырап алуунун
сырын сактоо менен жүргүзүлөт.
2.22. Камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын балалыкты коргоо боюнча
үй-бүлөгө келген адиси контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча
асыралган баланын жашоосунун жана тарбиялануусунун шарттары жөнүндө
отчет түзөт. Отчетто баланын ден соолугунун абалы, окуусу, анын
эмоционалдык жана жүрүм-турумдук өнүгүшү, өзүн-өзү тейлөө көндүмү,
тышкы көрүнүшү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилеси жөнүндө маалыматтар
чагылдырылууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды чет
өлкөлүк жарандардын асырап алышы
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-январындагы № 117 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №11 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2009 · № 117 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз…Постановление · 22.02.2006 · № 121 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №11 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2009 · № 117 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөЗакон · 21.05.2007 · № 70
- Конвенция о правах ребенка (КР присоединилась постановлением Жогорку Кенеш от 12 января 1994 года № 1402-XII)Конвенция · 20.11.1989
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 40-б (Бала асырап алуу маселелерин тартипке салуу, бала асырап алууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү…Распоряжение · 04.02.2009 · № 40-р · Күчүн жоготкон
- О гражданстве Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1333-XII · Күчүн жоготкон