# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 111 "Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 111 "Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11209/edition/1149834/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 111 "Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтому (20.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57151

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-февралы № 111

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоњсарыой

айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый

комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө

Курманжан Датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоодогу жана чыњдоо-

догу сињирген зор эмгегин, Россия жана Борбордук Азия регионунун мамле-

кеттери менен достук мамилелерди түзүүдөгү анын тарыхый ролун, ошондой

эле мекен алдында сињирген кызматын таануу жана Кыргыз Республикасынын

маданий мурасын сактоо, байытуу, "Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук

фондуна жер участогун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 20-мартындагы № 148 токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы

Чоњсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комп-

лексти (мындан ары - Комплекс) куруу жөнүндө Курманжан Датка атындагы

Кайрымдуулук фондунун сунушу жактарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- Комплекстин долбоорлоо иштерин жана тарыхый-маданий маанидеги

объекттерди курууну (скульптуралык композиция жана музей) "Капиталдык

салымдар" статьясы боюнча 2006-жылга республикалык бюджеттин эсебинен 2

млн. сом суммасында каржылоого киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте

Комплекстин курулушун грант бөлүүгө артыкчылыктуу долбоорлордун тизме-

сине, ошондой эле Кыргыз Республикасына ШОСтун чектеринде келүүчү

жењилдетилген кредиттин тизмесине кошсун;

- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Курманжан Датка

атындагы Кайрымдуулук фонду менен бирдикте Комплексти долбоорлоого жана

курууга гранттарды тартуу жөнүндө маселени иштеп чыксын.

3. Комплекстин тарыхый-маданий маанидеги объекттерин (скульптура-

лык композиция жана музей) долбоорлоого жана курууга заказчы болуп Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча

мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик турак жай курулуш департаменти

аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн

дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык финансылык жана донордук уюмдар

менен Комплексти долбоорлоого жана курууга инвестициялар менен грант-

тарды тартуу жөнүндө маселелерди иштеп чыксын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттик Комплексти долбоорлоого жана курууга ар

тараптан колдоо жана жардам көрсөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Комплекске кирүүчү

тарыхый-маданий объекттерди уюштуруу жана тариздөө маселелеринде Кур-

манжан Датка атындагы Кайрымдуулук фондуна көмөк көрсөтсүн.

7. "Чыгыш электр" акционердик коомуна Комплексти электр менен жаб-

дууну камсыздоо үчүн жабдууларды жана материалдарды сатып алуу,

төмөнкүлөрдүн жалпы чыгымдарын 50 процент өлчөмүндө каржылоо менен анда

энергетикалык объекттерди куруу маселелерин кароо сунушталсын:

- кубаттуулугу 2 x 630 кВА комплектүү трансформатордук подстанция-

ны;

- 10-04 кВ электр өткөргүч линиясын.

Жалпы чыгымдардын калган 50 проценти Курманжан Датка атындагы Кай-

рымдуулук фонду тарабынан каржыланат.

8. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы Комплекстин куру-

лушуна жана иштешине байланыштуу уюштуруу маселелерине көмөк көрсөтсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жана курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
