# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 108 «Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 108 «Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11206/edition/1154634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 108 «Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (20.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57148

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-февралы, № 108

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары

А.А.Сабиров, А.М.Марипов, Б.М.Мурзубраимов, О.Т.Мамасаидов,

О.М.Артыкбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасында

кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши

2006-жылдын 20-февралындагы

№ 20-57/1

«Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутатгары А.А.Сабиров, А.М.Марипов, Б.М.Мурзубраимов,

О.Т.Мамасаидов, О.М.Артыкбаев тарабынан демилге көтөрулгөн «Кыргыз

Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып аны төмөндөгү

пикирлерди эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.

1. 4-статьясынын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- инсулин каражаттардын, диагностика жана өзүн өзү контролдоо

каражаттарынын сапатына мамлекеттик көзөмөл жана/же -контроль;",

анткени азыркы рыноктук шартта дарыканалар тармагына түшүп жаткан

инсулин каражаттардын, диагностика жана өзүн өзү контролдоо

каражаттарынын сапатын көзөмөлдөөгө да, контролдоого да зарылдык бар.

2. 19-статьясынын биринчи абзацы "социалдык" деген сөздөн мурда

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пособиелери жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык "ай сайынкы" деген сөз менен

толукталсын.

3. Социалдык жардам көрсөтүүнү, тийиштүү жењилдиктерди берүүнү

жөнгө салуу менен байланышкан маселелер, тактап айтканда "Мамлекеттик

пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралчу

предметтер болгондуктан, 18 жана 22-статьялардын биринчи абзацтарын

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен

толуктоону сунуш кылабыз.

Премьер-министр Ф.Кулов
