Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-02-20.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 20-февралы, № 108
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
А.А.Сабиров, А.М.Марипов, Б.М.Мурзубраимов, О.Т.Мамасаидов,
О.М.Артыкбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасында
кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
2006-жылдын 20-февралындагы
№ 20-57/1
«Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутатгары А.А.Сабиров, А.М.Марипов, Б.М.Мурзубраимов,
О.Т.Мамасаидов, О.М.Артыкбаев тарабынан демилге көтөрулгөн «Кыргыз
Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып аны төмөндөгү
пикирлерди эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
1. 4-статьясынын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- инсулин каражаттардын, диагностика жана өзүн өзү контролдоо
каражаттарынын сапатына мамлекеттик көзөмөл жана/же -контроль;",
анткени азыркы рыноктук шартта дарыканалар тармагына түшүп жаткан
инсулин каражаттардын, диагностика жана өзүн өзү контролдоо
каражаттарынын сапатын көзөмөлдөөгө да, контролдоого да зарылдык бар.
2. 19-статьясынын биринчи абзацы "социалдык" деген сөздөн мурда
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пособиелери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык "ай сайынкы" деген сөз менен
толукталсын.
3. Социалдык жардам көрсөтүүнү, тийиштүү жењилдиктерди берүүнү
жөнгө салуу менен байланышкан маселелер, тактап айтканда "Мамлекеттик
пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралчу
предметтер болгондуктан, 18 жана 22-статьялардын биринчи абзацтарын
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен
толуктоону сунуш кылабыз.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 октября 2015 года № 720 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении стандартов государственных…Постановление · 21.10.2015 · № 720 · Күчүн жоготкон