# Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоо жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-февралындагы № 104 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоо жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-февралындагы № 104 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2288/edition/325986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоо жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-февралындагы № 104 токтому менен бекитилген) (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57144

---

КР Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 12-февралындагы № 104

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок

шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү

уюмдарын каржылоо жөнүндө

УБАКТЫЛУУ ЖОБО

Бул Жобо бир окуучуга эсептегенде (ар бир жанды каржылоо) каржыло-

онун жањы ыкмасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор өткөрүүнүн чектерин-

де Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмда-

рын (мындан ары - жалпы билим берүүчү уюмдар) каржылоонун шарттарын жа-

на тартибин аныктайт.

Жалпы жоболор

1. Каржылоонун жана башкаруунун жањы ыкмалары Кыргыз Республика-

сында жалпы билим берүү системасын реформалоонун чектеринде иштелип

чыккан жана жалпы билим берүүчү уюмдардын чектеринде каржылоо жана ре-

сурстарды башкаруу аркылуу жалпы билим берүү системасын жакшыртууга ба-

гытталган.

2. Ар бир жанды каржылоо системасы - бул бир окуучуга жана окуган-

дардын санына чыгымдардын белгиленген нормасына ылайык билим берүү ме-

кемелеринин ортосунда каражаттарды бөлүштүрүү ыкмасы.

3. Ар бир жанга каржылоо системасына Чүй облусунун Токмок шаарынын

баштапкы, орто жана жалпы билим берүүчү (баштапкы, негизги жана орто

жалпы билим берүүчү мектептер) мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдары

кирет.

Ар бир жанды каржылоонун бюджетин түзүү

4. Ар бир жанды каржылоо системасынын чектеринде учурдагы иштерди

жүргүзүүгө сарптоолор бөлүгүндө Чүй облусунун Токмок шаарындагы жалпы

билим берүүчү уюмдардын чыгымдары жабылат.

5. Капиталдык курулушка, капиталдык ремонтко, ыйгарым укуктуу ор-

ган тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык зарыл жабдууларды (автотранс-

порт ж.б.у.с) сатып алууга, окуу китептерин алууга чыгымдар ар бир жан-

ды каржылоо системасына кирбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-

на ылайык өзүнчө каржыланат.

6. Билим берүү башкармалыгы финансы башкармалыгы менен макулдашуу

боюнча төмөнкүлөрдү белгилейт:

- ар бир жанга каржылоо системасынын чектеринде билим берүү бюдже-

тинин жалпы чыгымдарын;

- бир окуучуга базалык ар бир жанга нормативди аныктайт;

- ар бир жанга каржылоо системасына кирүүчү жалпы билим берүүчү

уюмдардын бюджетин эсептөөнү жүргүзөт жана аны бекитет;

- учурдагы айга каржылоо планында каралган көлөмдө жана жалпы би-

лим берүүчү уюмдарды каржылоого арыздар аркылуу бир эле учурда казына-

лык системасы аркылуу бардык жалпы билим берүүчү уюмдарды ай сайын кар-

жылоону жүргүзөт.

7. Юридикалык жактын статусуна ээ жалпы билим берүүчү уюмдарды

каржылоо казыналыктагы каржылоонун өздүк эсебинде жүргүзүлөт.

8. Өзүлөрүнүн эсептери жок жалпы билим берүүчү уюмдарды каржылоо

шаардык билим берүү башкармалыгынын алдындагы борбордоштурулган бухгал-

терия аркылуу жүргүзүлөт, мында каражаттардын түшүшүнүн жана пайдалануу

эсеби жалпы билим берүүчү уюмдарга карата жана жалпы билим берүүчү уюм-

дардын жетекчилеринин суроо-талабы боюнча жүргүзүлөт.

9. Бир окуучуга эсептегенде каржылоонун базалык нормативи капитал-

дык ремонтко, капиталдык курулушка, кымбат жабдууларды жана окуу китеп-

терин сатып алууга чыгымдарды кошпогондо, шаардын билим берүү секторун-

дагы сарптоолордун түзүлгөн дењгээлин чагылдырат.

9.1. Келечекте ("Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү меке-

мелерин бюджеттик каржьшоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 271 токтомун атка-

руунун чектеринде) бир окуучуга эсептегенде каржылоонун базалык норма-

тиви Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабы-

нан белгиленет. Шаардын ар бир жанга каржылоо каражаттарынын жалпы

өлчөмү бир окуучуга карата базалык нормативге жана шаардын окуучулары-

нын жалпы санына жараша аныкталат.

10. Ар бир жанга каржылоо системасынын чектеринде жалпы билим

берүүчү уюмдардын бюджети окуучулардан жылдык орточо санына көбөйтүлгөн

бир окуучуга каржылоонун базалык нормативине жана ошол уюмдун специфи-

калык өзгөчөлүгүн чагылдыруучу түзөтүү коэффициентине барабар.

11. Окуучулардын жылдык орточо саны шаардык билим берүү башкарма-

лыгы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдары тарабы-

нан бекитилет.

12. Мектептердин спецификалык өзгөчөлүгүн чагылдыруучу түзөтүү ко-

эффициенттери билим берүүнүн облустук башкармалыктары жана Кыргыз Рес-

публикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен

макулдашуу боюнча шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан иштелип

чыгат жана бекитилет.

13. Жалпы билим берүүчү уюмдарды ар бир жанга каржылоонун бюджетин

эсептөөнүн негизинде чыгымдардын сметасы түзүлөт жана белгиленген тар-

типте бекитилет.

Жалпы билим берүүчү уюмдардын

дењгээлинде каражаттарды башкаруу

14. Жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилери өз иштерин Уставга,

Жобого, башка нормативдик документтерге жана мыйзам актыларына ылайык

ишке ашырат.

15. Жалпы билим берүүчү уюмдар шаардын финансы башкармалыгы менен

макулдашуу аркылуу жалпы билим берүүчү уюмдардын жалпы бюджетинин чек-

теринде каражаттарды өз алдынча пландаштырууга, пайдаланууга жана

бөлүштүрүүгө укуктуу.

16. Үнөмдөлгөн каражаттар (жыл жыйынтыгы боюнча) жалпы билим

берүүчү уюмдарда сакталат жана кызматкерлерди материалдык жактан колдо-

ого, уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыњдоого жумшалышы

мүмкүн.

17. Жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилери шаардык билим берүү

бөлүмү менен макулдашуу боюнча кызмат орундарынын тизмесин өз алдынча

түзүүгө жана бекитүүгө укуктуу.

18. Жалпы билим берүүчү уюмдар колдонуудагы мыйзамдар менен беки-

тилген финансылык жана статистикалык отчеттуулуктун бардык формаларын

беришет.
