# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы № 104 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жаңы ыкмаларына өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы № 104 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жаңы ыкмаларына өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11203/edition/325985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы № 104 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жаңы ыкмаларына өткөрүү жөнүндө" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57143

---

КР Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-февралы № 104

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик

жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун

жањы ыкмаларына өткөрүү жөнүндө

Билим берүү секторун каржылоо системасын андан ары өркүндөтүү жана

мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарды ар бир жанга каржы-

лоо" эки жылдык пилоттук долбоорун 2006-жылдын 1-январынан тартып

өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-

рлиги жана Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясы менен макулдашылган

Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрли-

гинин сунушуна макулдук берилсин.

2. Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү

уюмдарын каржылоо жөнүндө тиркелген Убактылуу жобо бекитилсин.

3. "Мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарды ар бир жанга каржы-

лоо" пилоттук долбоорун Чүй облусунун Токмок шаарында ишке ашыруу мез-

гилинде төмөнкүлөр белгиленсин:

- мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын бюджетин түзүү жана

учурдагы каржылоо Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим

берүүчү уюмдарын каржылоо жөнүндө убактылуу жобого ылайык жүргүзүлө

тургандыгы;

- мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлоруна шаардык

билим берүү бөлүмү жана Чүй облусунун Токмок шаарынын финансы башкарма-

лыгы менен макулдашуу боюнча кызмат орундарынын тизмесин өз алдынча

түзүүгө жана бекитүүгө укук бериле тургандыгы.

4. Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү

уюмдарынын уюштуруучулары юридикалык жактар катарында жалпы билим

берүүчү уюмдарды мамлекеттик каттоо жана Казыналык системасында эсеп-

терди ачуу боюнча чараларды көрүшсүн.

5. Чарбалык иштердин кыйла үнөмдүү ыкмаларын өздөштүрүүнүн жана

тармактын сарптоо натыйжалуулугун жогорулатуучу башка иш-чаралардын

эсебинен Чүй облусунун Токмок шаарындагы мамлекеттик жалпы билим

берүүчү мекемелердин жана жалпы эле билим берүү системасынын дењгээлин-

де үнөмдөлгөн каражаттар алып коюлууга тийиш эместиги жана жалпы билим

берүүчү уюмдарды өнүктүрүүгө жумшала тургандыгы белгиленсин.

6. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын

Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республи-

касынын Экономика жана финансы министрлиги ушул пилоттук долбоорду ишке

ашырууга ар тараптан колдоо жана практикалык жардам көрсөтүшсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

менен бирдикте Чүй облусунун Токмок шаарында пилоттук долбоорду

өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча республиканын башка региондорунда каржылоо-

нун жањы моделин колдонуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыксын жана

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
