Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 15-февралындагы № 96
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим
берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын
материалдык жактан камсыз кылуу жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан кор-
гоо министрлигинин баштапкы кесиптик белим берүү тутумун реформалоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-сентябрындагы
№ 700 токтому менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын
баштапкы кесиптик белим берүү тутумун реформалоо боюнча иш-чаралардын
планын аткарууда баштапкы кесиптик билим берүү тутумунун билим берүү
уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу маселелерин тар-
типке келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
"Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларында жетим балдар үчүн билим
берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө"
1999-жылдын 15-октябрындагы № 566, "Кем-карч үй-бүлөдөн, жетим балдар-
дан, майыптардан, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынан жана башка со-
циалдык аялуу категориялардан чыккан жашы жетпегендерди социалдык-эм-
гектик реабилитациялоо чаралары жөнүндө" 1999-жылдын 2-декабрындагы №
658, "Социалдык-маданий мекемелердеги тамак-аштын нормалары жөнүндө"
(мындан ары - эсептик нормалар) 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтом-
дорунан ылайык иштелип чыккан.
1. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын
окуучуларына акысыз тамак-аш уюштуруу
1.1. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучулары
(камкордукта, көзөмөлдүктө тургандарды кошкондо) эсептик нормаларга
ылайык бекер тамак-аш менен камсыз кылынат.
1.2. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын аш-
каналарында окуучулардын тамак-ашынын рационунун наркы ашкананын чыгым-
дарын жабууга кошулуучу бааны эсепке албастан белгиленген.
1.3. Өндүрүштүк практиканын мезгилинде окуучуларга тамак-аштын ор-
дуна акчалай компенсация же бекитилген норма боюнча кургак поек бери-
лет.
1.4. Тамак-аштын ордуна окуучуларга накталай акча төлөө окуу жай
боюнча буйрук менен бекитилген тизме боюнча жүргүзүлүшү керек.
2. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларында
окуган жетим балдардын жана реабилитациялык борборлордун
окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу
2.1. Жашы жетпеген (18 жашка) жана ата-энесинин жоктугун ырастоочу
төмөнкүдөй документтерди көрсөткөн окуучулар жетимдер болуп саналат:
- ата-энесинин өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- баланы таштап кеткендигин ырастоочу документтерди;
- балдар мекемелеринен же билим берүү бөлүмүнөн маалымкатты.
2.2. Реабилитациялык борборлордо кем-карч үй-бүлөлөрдүн балдары,
жетим балдар, майыптар, балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын
тарбиялануучулары, көзөмөлсүз калган жана башка социалдык аялуу катего-
риялардын балдарынан турган окуучулар окушат.
2.3. Реабилитациялык борборлордун окуучулары жана жетим балдар
үчүн тамак-аштын рационунун наркы, окуу мөөнөтүнө карабастан эсептик
нормаларга ылайык аныкталат.
2.4. Ооруп калган мезгилдерде, каникул күндөрүндө, эгерде окуучу-
лар уюштурулган эс алуучу жерлерге барбаса, ошондой эле ысык тамак-аш
уюштурууга мүмкүнчүлүк болбогондо, окуучуларга накталай акча же эсептик
нормаларга ылайык кургак паек берүүгө уруксат берилет.
3. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин
тамак-ашын уюштуруу
3.1. Билим берүү уюмдарынын ашканаларында кызматкерлердин тамакта-
нуусу накталай эсептешүү менен жүргүзүлөт.
3.2. Окуу жайлардын кызматкерлеринин тамактануусу үчүн ашканага
билдирүү окуучулардын тамактануусуна билдирүүдөн өзүнчө берилет жана
кызматкерлердин жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде түзүлөт.
4. Ашкананы кармоо
4.1. Билим берүү уюмдарынын ашканаларын кармоо накталай каражаттар
менен берилүүчү сумманын кошпогондо "Тамак-аш" деген 1.3.2.3-статьядан
тамак-аш азыктарын сатып алууга багытталган иш жүзүндөгү суммадан окуу
жайдын атайын эсебине 20 пайыздык чегерүүнүн эсебинен ишке ашырылат.
4.2. Окуу жайда ашкана жок болгон же иштебеген учурларда окуучу-
ларга накталай акча же эсептик нормаларга ылайык кургак паек берүүгө
уруксат берилет, бирок 20 пайыз өлчөмүндө чегерүү жүргүзүлбөйт.
4.3. Бул чегерүүлөр окуу жайдын атайын эсебинин максаттуу каражат-
тары болуп саналат, ал пайда алууну же киреше түзүүнү көздөбөйт жана
ашкананын төмөнкүдөй чыгымдарын жабууга багытталат:
- шеф-ашпозчунун же ашканадагы коомдук тамактануунун кызматкерле-
рине эмгек акы төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүгө;
- идиш-аяк жана ашкана приборлорун сатып алууга;
- эмерек, технологиялык жана башка жабдууларды сатып алууга.
5. Окуучу-спортсмендердин тамак-ашын
уюштуруу
5.1. Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары
(спортсмендери) эсептик нормаларга ылайык бекер тамак-аш менен камсыз
кылынат.
6. Реабилитациялык борборлордун окуучуларын
жана жетим балдарды инвентарлар жана башка
материалдар менен камсыз кылуу
6.1. Реабилитациялык борборлордун окуучулары жана жетим балдар
эсептик нормаларга ылайык кийим, бут кийим, төшөнчү-орун, дары-дармек,
жабдуулар, окуу китептери, окуу материалдары, ошондой эле кењсе буюмда-
ры менен камсыз кылынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2002 года № 510 "О нормах питания в социально-культурных учреждениях"Постановление · 31.07.2002 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 сентября 2004 года №700 " О реформировании системы начального профессионального образования Министерства труда и социальной защиты Кыргызской…Постановление · 20.09.2004 · № 700 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылынын 15-февралындагы № 96 " Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык…Постановление · 15.02.2006 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 октября 1999 года №566 "О мерах по обеспечению доступности образования для детей-сирот в учебных заведениях начального профессионального…Постановление · 15.10.1999 · № 566 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 декабря 1999 года N658 "О мерах социально-трудовой реабилитации несовершеннолетних из малообеспеченных семей, детей-сирот, инвалидов…Постановление · 02.12.1999 · № 658 · Күчүн жоготкон