# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылынын 15-февралындагы № 96 " Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылынын 15-февралындагы № 96 " Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11196/edition/578809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылынын 15-февралындагы № 96 " Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтому (01.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57133

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 15-февралы № 96

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист- рлигинин баштапкы кесиптик билим берүү тутумун реформалоо жөнүндө" Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтүнун 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 700 токто- му менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүү тутумун реформалоо боюнча иш-чаралардын планын иш- ке ашыруу жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим

берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистрлигинин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгы ушул токтомду аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги баш-

тапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын реабилитациялык борборлорун жана чыгымдарынын корголгон статьяларын өз убагында жана толук көлөмдө кар- жылоону камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш- кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
