Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдаланууну тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тиркелген Тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине товардак белгилерди жана тейлөө белгилерин мамлекеттик каттоону жүргүзүүдө товардык белгилерде жана тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу жөнүндө маселелерди чечүү укугу берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. "Товардык белгилерде (тейлөө белгилеринде) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасын, атын пайдалануу менен байланышкан маселелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-мартындагы № 136 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы №…Правила · 23.01.2024 · № 18
- Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрү жана сөз айкаштарын пайдалануунун Татиби ( Кыргыз…Порядок · 13.02.2006 · № 94
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.07.2019 · № 343
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 19.10.2023 · № 555
- Постановление Правительства КР от 28 марта 2001 года №136 "О вопросах, связанных с порядком использования государственной символики, названия Кыргызской Республики в товарных…Постановление · 28.03.2001 · № 136 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы №343 токтомуПостановление · 08.07.2019 · № 343
Шилтеме берет (4)
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 24.03.2023 · № 70
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 "Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.07.2019 · № 343
- Постановление Правительства КР от 28 марта 2001 года №136 "О вопросах, связанных с порядком использования государственной символики, названия Кыргызской Республики в товарных…Постановление · 28.03.2001 · № 136 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 7 · Күчүн жоготкон