# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 84 "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда алар орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп эсептеле турган шарттардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кеңешинин 2005-жылдын 12-октябрында Москва шаарында кол коюлган чечимин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 84 "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда алар орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп эсептеле турган шарттардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кеңешинин 2005-жылдын 12-октябрында Москва шаарында кол коюлган чечимин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11186/edition/325957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 84 "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда алар орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп эсептеле турган шарттардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кеңешинин 2005-жылдын 12-октябрында Москва шаарында кол коюлган чечимин бекитүү тууралуу" токтому (09.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57119

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 9-февралындагы № 84

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда алар

орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп эсептеле турган

шарттардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнын

Экономикалык кењешинин 2005-жылдын 12-октябрында Москва

шаарында кол коюлган чечимин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Өндүрүштүк жана технологиялык

операцияларды аткарууда алар орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты

деп эсептеле турган шарттардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө"

КМШнын Экономикалык кењешинин 2005-жылдын 12-октябрында Москва

шаарында кол коюлган чечиминин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик ички жол-

жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда алар орун

алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп эсептеле турган шарттардын

тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кењешинин

2005-жылдын 12-октябрында Москва шаарында кол коюлган чечими (мындан

ары - Чечим) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына товарлардын

Кыргыз Республикасында чыкканын күбөлөндүрүүчү сертификаттарды берүүдө

көрсөтүлгөн Чечимди жетекчиликке алуу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Чечимдин

күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз

Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер

Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
