# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 81 "Ссуда алгандардын министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кармап калган каражаттарын мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерди жоюуга чегерүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 81 "Ссуда алгандардын министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кармап калган каражаттарын мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерди жоюуга чегерүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11183/edition/325954/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 81 "Ссуда алгандардын министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кармап калган каражаттарын мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерди жоюуга чегерүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57116

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 9-февралындагы № 81

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ссуда алгандардын министрликтер, администрациялык

ведомстволор, укук коргоо органдары, жергиликтүү

мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары кармап калган каражаттарын

мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерди жоюуга

чегерүү жөнүндө

Министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары,

жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-

мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы менен

алынган бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди өз убагында

кайтарууну камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин Указын аткаруу боюнча Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн негизги милдеттери жөнүндө" токтомуна ылайык кармап

калышкан каражаттарды чарбакер субъекттердин мамлекеттик карыз каражаттар

боюнча береселерин жоюунун эсебине чегерүүнү камсыздоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо орган-

дары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары:

- министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо орган-

дары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары 1999-жылы карыздарды кайруу боюнча кызмат-

тардын акысын төлөөнүн эсебине кармап калышкан каражаттар боюнча салыш-

тыруу актыларын чарбакер субъекттер менен аныкталган тартипте тариз-

дешсин;

- таризделген салыштыруу актыларын өз ара чегерүүлөрдү жүргүзүү

үчүн 2006-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика

жана финансы министрлигине беришсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги берил-

ген салыштыруу актыларынын негизинде министрликтер, администрациялык

ведомстволор, укук коргоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администра-

циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте,

алар чарбакер субъекттердин карыздарын кайруу боюнча кызматтардын акысын

төлөөнүн эсебине кармап калышкан каражаттар бул аталган структуралар үчүн

республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен кайра берилишин

камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине

караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд:

- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, укук коргоо

органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тийиштүү суммалар түшкөндөн кийин

алар менен чарбакер субъекттердин береселерин жоюу боюнча кызматтарга акы

төлөөгө келишимдерди түзсүн;

- министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, укук коргоо

органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарына бересени жоюудан берилчү тийиштүү сумманы

бюджеттик ссудалардын жана чет өлкөлүк кредиттердин жоюлушун камсыздоонун

эсебине түшкөн каражаттардын эсебине берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары, жер-

гиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары карыз каражаттарды өндүрүү боюнча кызмат көрсөтүүдө

кармап калган акча каражаттарды республикалык бюджетте алар үчүн каралган

каражаттардын эсебинен Япониянын Өкмөтүнүн гранттарынын топтоо эсептерине

которууну камсыздасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына, коргонуу жана

укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Эконо-

мика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
