# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11182/edition/325945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" токтому (08.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57112

---

Бишкек шаары. Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-февралы, № 80

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү

жөнүндө

Айыл жерлеринде туруктуу жашаган жана жер үлүштөрүн алууга укугу

бар, бирок ар кандай себептер боюнча Кыргыз Республикасынын Жер

кодексин колдонууга киргизүү учуруна карата албай калган жарандарды

жер үлүштөрү менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Жер

кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 6-статьясына жана "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жер үлүшүн алууга укугу бар, бирок Кыргыз Республикасынын Жер

кодексин колдонууга киргизүү учуруна карата аларды ар кандай себептер

менен албай калышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына Айыл чарба

жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен

тиркемеге ылайык жер үлүштөрүн акысыз берүү жөнүндө жергиликтүү

кењештердин сунуштары кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору бул маселе

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
