# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11178/edition/325932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому (17.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57106

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 17-августундагы № 340 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-февралы № 75

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик

агенттиктин маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 27-сентябрындагы № 695 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы №

462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмү

жөнүндө" жана 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыктарына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик

боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө тиркелген жобо (мындан - ары - Кыр-

гызпатент) жана анын башкаруу схемасы бекитилсин.

2. Кыргызпатенттин иши өзүн-өзү каржылоо шарттарында жүргүзүлөт.

3. Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин сандык

чеги 152 бирдикте бекитилсин.

4. Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын иши тармактык

илимий мекемелерди илимий тейлөөгө тењештирилсин.

5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык мен-

чик боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы № 100 токтому менен бекитилген рес-

публиканын тармактык илимий мекемелеринин илим жана илимий жактан

тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысына 1,8ге чейинки коэффициент сактал-

сын.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы № 100

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык

менчик боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" токтому, 6-пунктунан баш-

касы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-августундагы №

493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык

менчик боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы № 100 токтомуна өзгөртүүлөрдү кир-

гизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-сентябрындагы №

653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык

менчик боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы № 100 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү туралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №

93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик

жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык

комиссия жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги №

278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык

менчик боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы № 100 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү туралуу" токтому.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №

695 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 8-февралындагы № 75

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик

агенттиктин башкаруу схемасы

| Коллегия | ---\> | Директор | \<----- | Апелляциялык кењеш |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| \------------ | Статс-катчы |  | Авторлор кењеши |  |
| Директордун |  | Чектеш укук |  |  |
| орун басары |  | ээлеринин кењеши |  |  |
| \--------------- | Ойлоп табуучулар |  |  |  |
|  | кењеши |  |  |  |
|  | Илимий-техникалык |  |  |  |
|  | кењеш |  |  |  |

v

| БОРБОРДУК АППАРАТ |  |
| --- | --- |
|  |  |

----------v---------- ----------v---------- -----v------

| Интеллектуалдык |  | Мамлекеттик |  | Аймактык |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| менчиктин |  | патент-техникалык |  | бөлүмдөр |
| мамлекеттик фонду |  | китепкана |  |  |
