# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 8 февралы, №72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 8 февралы, №72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11176/edition/1216653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 8 февралы, №72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө (16.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57103

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 8-февралы № 72 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун "Кыргыз Республикасынын финансы системасынын башкаруу органдарын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын туусу жана символикасы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобо.

2. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кызматы боюнча департаменти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 116 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

Ф.Кулов
