# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-февралындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-февралындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11174/edition/1149855/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-февралындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (08.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57101

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 7-февралы №7

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык

мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик

комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз

Республикасынын Социалдык фондунун, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын жана жергиликтүү «өз алдынча башкаруу органдарынын

нормативдик укуктук актыларын жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы №681 токтомуна төмөнкүдөй

толуктоолор киргизилсин:

-1-пункттун биринчи абзацында «расмий» деген сөздөн мурда «Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталында же» деген сөздөр менен

толукталсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн, министрликтердин, мамлекеттик

комитеттердин, мамлекеттик комиссиялардын, алминистративдик

ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз

алдынча башкармалыгынын нормативдик укуктук актыларын жарыялоонун

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Тартибине төмөндөгүдөй

толуктоолор киргизилсин:

- буткул текст боюнча «мамлекеттик комиссия» деген сөздөр алып

салынсын;

- 2-пунктта «(мындан ары - Тиркеме)» деген сездөрдөн кийин «же

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталында» деген сөздөр

менен толукталсын;

- 4-пунктта «Тиркемеде» деген сөздөн кийин «же Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик Интернет-порталында» деген сөздөр менен

толукталсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

Премьер-министр Ф.Кулов
