# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 2 февралындагы №69 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 2 февралындагы №69 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11173/edition/325922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 2 февралындагы №69 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (07.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57100

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 7-февралы № 69

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине

катышуучу-мамлекеттердин электр энергетикалык

системаларынын туруктуу параллелдүү ишин

камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү

жана аларды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө

макулдашууну бекитүү тууралуу

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин

электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздоо

үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу

жөнүндө 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган макулда-

шуунун 17-статьясына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу мак-

сатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекет-

тердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин

камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу

пайдалануу жөнүндө 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюл-

ган макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуу-

нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-

гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Ше-

риктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенме-

лерди аткаруудан жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы

саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине, "Электр

станциялары" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) жана "Кыр-

гызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна (макул-

дашуу боюнча) жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
