Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 2 февралындагы №69 «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 7-февралы № 69
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине
катышуучу-мамлекеттердин электр энергетикалык
системаларынын туруктуу параллелдүү ишин
камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү
жана аларды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө
макулдашууну бекитүү тууралуу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин
электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздоо
үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу
жөнүндө 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган макулда-
шуунун 17-статьясына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу мак-
сатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекет-
тердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин
камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу
пайдалануу жөнүндө 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюл-
ган макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуу-
нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-
гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Ше-
риктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенме-
лерди аткаруудан жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы
саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине, "Электр
станциялары" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) жана "Кыр-
гызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна (макул-
дашуу боюнча) жүктөлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон