Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Чет өлкөлүк кредиттер жана бюджеттик ссудалар боюнча мөөнөтү өткөн карыздары бар Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнөр жай секторунун жана агроөнөр жай комплексинин чарбакер субъектгерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-02-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-февралы, №65
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Чет өлкөлүк кредиттер жана бюджеттик ссудалар боюнча мөөнөтү өткөн
карыздары бар Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнөр жай
секторунун жана агроөнөр жай комплексинин чарбакер субъектгерине
мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
1992-2000-жылдардын мезгилинде берилген чет өлкөлүк кредиттер жана
бюджеттик ссудалар боюнча мөөнөтү өткөн карыздары бар республиканын
экономикасынын өнөр жай секторунун жана агроөнөр жай комплексинин
ишканаларынын оор финансылык абалын эске алып, алардын финансы-
экономикалык абалын турукташтыруу, өндүрүштү калыбына келтирүү жана
өнүктүрүүнү стимулдоо, мамлекеттик заемдук каражаттардын кайтарылышын
камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1992-2000-жылдарда берилген чет өлкөлүк кредиттер жана бюджеттик
ссудалар боюнча карыздарды жоюу шарты өзгөрүүчү чарбакер субъекттердин
тиркелген тизмеси (мындан ары - Тизме) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги менен бирдикте 2005-жыдын 1 -апрелиндеги абал боюнча чет
өлкөлүк кредит жана бюджеттик ссуда боюнча карызды экономиканын өнөр
жай секторунун жана агроөнөр жай комплексинин чарбакер субъекттери
тарабынан Тизмеде көрсөтүлгөн жоюу шарттарын айрым өзгөртүү аркылуу
төмөнкүдой шарттарда реструктуралаштыруу жүргүзсүн:
- мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздын негизги
суммасын жоюу мүмкүндүгүн берүү үчүн кыйла кийинки мезгилге
карыздардын мөөнөтүн узартуу жүргүзүлбөгөн, 1992-2000-жылдарда
чарбакер субъекттерге берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк
кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн заемдук мйражаттарды
пайдалануу үчүн проценттерди жана айыптык санкцияларды эсептөөнү 2007-
жылдын 31-декабрына чейин токтотуу;
- карызкорлор негизги карыздын суммасын 2007-жылдын 31-декабрына
чейин толук кайтарса айыптык санкцияларды жана эсептелген сумманы
пайдалангандыгы үчүн азайтууну камсыз кылган заемдук каражаттардын
кайтарым шарттарын 10 пайызга чейин өзгөртүү;
- карызкорлор негизги карыздын суммасын 2008-жылдын 31-декабрына
чейин толук кайтарса айыптык санкциялары, эсептелген жана төлөнбөгөн
сумманы пайдалангандыгы үчүн азайтууну камсыз кылган заемдук
каражаттардын кайтарым шарттарын 30 пайызга чейин өзгөртүү;
- негизги карыздын суммасын толук кайтаруу белгиленген датадан 6
айдын аралыгында азайтылган 10 жана 30 пайызга чейин карызкорлордун
кайтаруусу жүргүзүлсүн;
- жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө карыздын негизги суммасы боюнча
мөөнөтү өткөн карыздарды төкпөгөн бардык чарбакер субъекттер үчүн
мурдагы кредитгик келишимдерде каралган шарттар калыбына келтирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги чет
өлкөлүк кредиттер жана бюджеттик ссудалар боюнча чарбакер
субъекттердин карыздарын жоюу шарттарын өзгөртүү тартиби жөнүндө бир
айлык мөөнөттө методикалык көрсөтмөнү иштеп чыксын жана оекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги "Сельхозхимия", "Зооветснаб" системаларынын, Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнер жай
министрлигинин Суу чарба департаментинин кредиттери боюнча мөөнөтү
өткөн карызды талдоо жүргүзүп, алардын финансылык-экономикалык абалын
изилдесин жана аларды төгүп берүү боюнча 2006-жьшдын 1-мартына чейин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекетгик комитети бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер
боюнча мөөнөтү өткөн карызды 2008-жылдын 31 -декабрына чейин ушул
токтомдун 2-пунктуна ылайык төлөп бербеген чарбакер субъекттердин
банкроттук системасын белгиленген тартипте ишке ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул
токтомдун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө квартал сайын маалымат берип турсун.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жана Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын…Постановление · 20.03.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон