# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11168/edition/1149846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому (04.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57092

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 3-февралы № 64 Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2012-жылдын 23-майындагы № 305, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Суу кодексин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.

2. Тиркелгендер бекитилсин:

- Суу боюнча улуттук кеңештин курамы;

- Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо.

3. Суу боюнча мамлекеттик администрациянын функцияларын убактылуу аткаруу Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментине жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрөөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Ф.Кулов

Тиркеме

Суу боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 305, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары. Улуттук кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин башкы директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору.
