Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3 февралында №63 «Кыргыз Республикасынын Президентинин „Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун жоюу жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт үйү,
2006-жылдын 3-февралы, №63
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Агробизнестин
Кыргыз Республикалык борборун жоюу жөнүндө" Жарлыгын ишке
ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Агробизнестин Кыргыз
Республикалык борборун жоюу жөнүндө" 2005-жылдын 10-сентябрындагы
№ 371 Жарлыгын аткарууда мамлекеттик башкаруу системасын
өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын функцияларын кайталоону
четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөржай министрлиги:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агробизнестин
Кыргыз Республикалык борборун жоюу жол-жоболорун ишке ашырсын;
Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун жоюу боюнча
комиссия түзсүн;
Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборунун документалдык
фондун Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөржай министрлигинин архивине сактоого өткөрүп берсин;
Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборунун
негизги фонддорун жана каражаттарын Кыргыз Республикасынын
Жарандык кодексинин 83-статьясынын 2-пунктунун негизинде Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөржай министрлигинин балансына кабыл алуу-өткөрүп берүүнү
ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы
Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 60 дарегинде
жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Айыл,
суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин А.Дуйшеев
атындагы Мал чарба, ветеринария жана жайыттар боюнча
кыргыз илимий-изилдөө институтунун балансына белгиленген
тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу
боюнча мамлекеттик комитети:
ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу-
өткөруп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары
тарабынан администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо
реестрге өзгөртүү киргизсин.
"Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 60 дарегиндеги имаратты
өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-
жылдын 6-мартындагы № 108 токтомунун 1 жана 3-пункттары күчүн
жоготту деп табылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөржай бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 6 марта 2003 года № 108 "О передаче здания по адресу: гор.Бишкек, ул.Тоголок- Молдо, 60"Постановление · 06.03.2003 · № 108
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2005-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 371 "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун жоюу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.09.2005 · № 371
- Постановление Правительства КР от 6 марта 2003 года № 108 "О передаче здания по адресу: гор.Бишкек, ул.Тоголок- Молдо, 60"Постановление · 06.03.2003 · № 108