# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3 февралындагы №62 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3 февралындагы №62 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57090>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11166/edition/1154608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3 февралындагы №62 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө токтому (03.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57090

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2006-жылдын 3-февралы, №62

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү

мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-

пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

М.А.Султанов тарабынан демилге кылынган "Жергиликтүү өз алдынча

башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинежиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2006-жылдын 3 февралы, №24-57/29

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү

мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилге

кылынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү

мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун

жетекчиликке алуу менен аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер

боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Мыйзам долбоорунда республиканын бийик тоолуу жана

алыскы зоналарында эмгек акысы республикалык бюджеттен

каржылана турган айыл башчысынын кызматын киргизүү

сунушталат.

"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги

принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37

статьясына ылайык республикалык бюджеттен жалпы мамлекеттик

мааниси бар иш-чаралар каржыланат, бул боюнча жоопкерчилик

тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары аркылуу толугу

менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт. Жергиликтүү

бюджеттердин каражаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын жергиликтүү маанидеги иштерди чечишине

жумшалат. Айыл башчысынын кызматы жергиликтүү иштерди

оперативдүү башкаруу үчүн айыл өкмөтүнүн чечими менен берил-

ген фуњкцияны аткарат.

Ушуну менен катар бул мыйзам долбоорун кабыл алуу

республикалык бюджеттен кошумча 2006-жылга 12,93 млн. сом

бөлүүнү талап кылат, бул республикалык бюджеттин тартыштыган

көбөйтөт.

Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жыл

сайын жогорулатууга байланыштуу финансы ресурстарынын

чектелүү экендигине, ошондой эле Экономикалык саясат боюнча

меморандумдун көрсөткүчтөрүнө ылайык фискалдык дефицитти

кыскартуу зарылдыгына байланыштуу бул мыйзам долбоорун кабыл

алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.

Премьер-министр Ф.Кулов
