Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3 февралындагы №62 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-02-03.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2006-жылдын 3-февралы, №62
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-
пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты
М.А.Султанов тарабынан демилге кылынган "Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинежиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2006-жылдын 3 февралы, №24-57/29
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилге
кылынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун
жетекчиликке алуу менен аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер
боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Мыйзам долбоорунда республиканын бийик тоолуу жана
алыскы зоналарында эмгек акысы республикалык бюджеттен
каржылана турган айыл башчысынын кызматын киргизүү
сунушталат.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37
статьясына ылайык республикалык бюджеттен жалпы мамлекеттик
мааниси бар иш-чаралар каржыланат, бул боюнча жоопкерчилик
тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары аркылуу толугу
менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт. Жергиликтүү
бюджеттердин каражаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жергиликтүү маанидеги иштерди чечишине
жумшалат. Айыл башчысынын кызматы жергиликтүү иштерди
оперативдүү башкаруу үчүн айыл өкмөтүнүн чечими менен берил-
ген фуњкцияны аткарат.
Ушуну менен катар бул мыйзам долбоорун кабыл алуу
республикалык бюджеттен кошумча 2006-жылга 12,93 млн. сом
бөлүүнү талап кылат, бул республикалык бюджеттин тартыштыган
көбөйтөт.
Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жыл
сайын жогорулатууга байланыштуу финансы ресурстарынын
чектелүү экендигине, ошондой эле Экономикалык саясат боюнча
меморандумдун көрсөткүчтөрүнө ылайык фискалдык дефицитти
кыскартуу зарылдыгына байланыштуу бул мыйзам долбоорун кабыл
алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 30.07.2005 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон