# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 61 "Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 61 "Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11165/edition/325909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 61 "Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57089

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-февралы № 61

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу

мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн керектүү

күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-

лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссияга

күйүүчү-майлоочу материалдардын төмөнкүдөй көлөмдөгү: бензин - 5,0 мињ

тонна, дизелдик отун - 10,0 мињ тонна жана реактивдүү отун - 1,0 мињ

тонна азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү үчүн кошумча акча каражат

бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүүдө көрсөтүлгөн каражаттарды караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия (координа-

тор):

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн азайтылбачу мамлекеттик резерв-

деги күйүүчү-майлоочу материалдардын номенклатурасына жана толуктоо

нормаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган токтомунун долбоорун

даярдасын;

- мамлекеттик азайтылбачу запас үчүн күйүүчү-майлоочу материалдар-

ды сатып алуу боюнча тендерлик комиссия түзсүн. Тендерлик комиссиянын

курамына төмөнкүдөй өкүлдөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинен

(комиссиянын төрагасы);

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар

жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиядан;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энер-

гетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар

бөлүмүнөн;

- күйүүчү-майлоочу материалдардын резервге коюлган көлөмүн Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорунун жана буйруктарынын не-

гизинде гана брондон чыгарсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы күйүүчү-майлоочу материалдардын жогоруда көрсөтүлгөн көлөмүн

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178 жана 179-статьяларына ылайык

атайын бажылык режимде тариздесин.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара ас-

кери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция

кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик бажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик салык инспекциясы күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз

Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып келүүнү токтотуу

боюнча чараларды күчөтүшсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына, экономикалык

өнүктүрүү башкармалыгына жана отун-энергетика комплекси, кен казып алуу

тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
