Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30 январындагы №54 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-01-30.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-январы № 54
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков
тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине то-
луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 30-январы № 17-5739
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз
Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга
төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын 32-пунктуна
ылайык "Салык салынуучу жөнөтүүлөр" - бул КНСтен бошотулган
жөнөтүүлөрдөн тышкары салык салынуучу субъект тарабынан ишке ашырылуучу
жөнөтүүлөр жана ушул Кодекстин 138-статьясына ылайык ал төмөнкүлөрдү
билдирет:
а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жөнөтүүлөрдү;
б) Кыргыз Республикасында акы төлөтүү менен ишке ашырылуучу жумуш-
тарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөрдү.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын 38-пунктуна
ылайык "Жөнөтүү" - экономикалык иш жүргүзүүчү адам тарабынан товарларды
жүктөнү (салык алынуучу товарларды субъект тарабынан жеке максаттарда
сатуу, белекке берүү, ошондой эле сатып алуу)" жумуштарды аткарууну жа-
на кызматтарды көрсөтүүнү (мүлккө болгон менчиктен аны ээликтен ажырат-
пастан жалдоого жана ижарага, ошондой эле жерди кошумча ижарага
берүүдөн пайда алууну, кошо алганда) билдирет.
Айрым чарбакер субъекттерге берилүүчү Кыргыз Республикасынын салык
мыйзамдарында каралбаган ар кандай салыктык жењилдиктер салык салуунун
негизги принциптеринин бирин - бардык чарбакер субъекттер үчүн чарба
жүргүзүүнүн бирдей шарттарын түзгөн акыйкаттык принцибин бузууга алып
келет, салыктар жана төлөмдөр өзүнчө субъекттердин ортосунда акыйкат
жана бирдей бөлүштүрүлүүгө тийиш. Экономикалык иш-аракеттин бир түрүнө
салыктык жењилдиктерди берүү менен мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүнүн
аткарылышына жетишүү үчүн иштин башка түрлөрү үчүн да салыктык жана ба-
жылык төлөмдөрдү жогорулатууга мажбур болот. Ошентип, салыктык оорчу-
луктун бирдей эмес бөлүштүрүлүшү келип чыгат.
Анын үстүнө сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-ию-
нундагы № 410-II токтому менен жактырылган 2001-2010-жылдарга Кыргыз
Республикасынын салык саясатын өркүндөтүүнүн колдонуудагы концепциясы-
нын жоболоруна жана "Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүү
концепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 29-майындагы № 255 токтомуна карама-каршы келет.
Ошондой эле суу чарба курулмаларын жана ага байланышкан мүлктү
берүүлөрдү КНСтен бошотулган берүүлөргө киргизүү (негиздемеде аларды
айыл өкмөттөрүнүн, райондук суу чарба башкармалыктарынын жана суу чарба
курулмаларынын чарбакер субъекттеринин балансынан АВПнын балансына же
менчигине өткөрүп берүү учуру келтирилген) кабыл алгылыксыз, анткени:
- биринчиден, бул норма КНС төлөөдөн тышкары болуучу экономикалык
иш жүргүзүүгө укукту өткөрүп берүү катары (133-статья) Кыргыз Республи-
касынын Салык кодексинде айтылган;
- экинчиден, жогоруда көрсөтүлгөндөргө ассоциация тарабынан башка
жакка (экинчилик рынокко) мүлктү жол берилбеши керек болгон сатуу туура
келет.
Айыл чарба продукцияларын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн иш-араке-
тин жењилдетүү үчүн салыктык оорчулукту жењилдетүү эмес, ал эми суу
берүүгө тарифтерди белгилөөнүн негиздүүлүгүн контролдоону күчөтүү ке-
рек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар жөнүндө
кодексинин (Салык кодекси) жањы редакциясынын долбоорунда суу алуу ку-
рулмаларынын объекттерин жана башка ушу сыяктуу объекттерин акысыз не-
гизде мамлекеттик бийлик же өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп
берүүдө КНСтен бошотууну караган норма киргизилген.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү
максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 мая 2001 года №255 "О проекте Концепции совершенствования налоговой политики в Кыргызской Республике"Постановление · 29.05.2001 · № 255 · Күчүн жоготкон