# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топтору үчүн азык-түлүктү керектөөнүн минималдуу нормалары жана минималдуу керектөө бюджетинин структурасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топтору үчүн азык-түлүктү керектөөнүн минималдуу нормалары жана минималдуу керектөө бюджетинин структурасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11159/edition/325902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топтору үчүн азык-түлүктү керектөөнүн минималдуу нормалары жана минималдуу керектөө бюджетинин структурасы жөнүндө" токтому (30.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57080

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-январы № 53

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын калкынын

социалдык-демографиялык топтору үчүн

азык-түлүктү керектөөнүн минималдуу

нормалары жана минималдуу керектөө

бюджетинин структурасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Минималдуу керектөө бюджети жөнүндө" Мый-

замынын 5-статьясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топтору

үчүн азык-түлүктү керектөөнүн минималдуу нормалары;

- Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топтору

үчүн минималдуу керектөө бюджетинин структурасы.

2. Бул токтом менен жактырылган Кыргыз Республикасынын калкынын

социалдык-демографиялык топтору үчүн азык-түлүктү керектөөнүн минимал-

дуу нормалары жана минималдуу керектөө бюджетинин структурасы Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-

нистри Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык топтору

үчүн азык-түлүктү керектөөнүн минималдуу нормаларын жана минималдуу ке-

ректөө бюджетинин структурасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине керектөө

корзиналарына кирген керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө

баа индексинин өсүшүн эске алуу менен минималдуу керектөө бюджетинин

нарктык өлчөмүн ай сайын аныктоо сунушталсын.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографи-

ялык топтору үчүн азык-түлүктү керектөөнүн аталган минималдуу нормала-

рын жана минималдуу керектөө бюджетинин структурасын Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Кењеши бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-майындагы № 155

"Минималдуу керектөө бюджетинин нарктык өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токто-

му күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 30-январындагы № 53

токтому менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демографиялык

топтору үчүн азык-түлүктү керектөөнүн

МИНИМАЛДУУ НОРМАЛАРЫ

(жан башына айына кг менен)

| Тамак-аш азыктары | Калктын | Эмгекке | Алардын ичинен |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | жан | жарамдуу калк | \--------------------- |  |  |
|  | башына |  | Эркектер | Аялдар |  |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |  |
| Дан азыктары | 7,43 | 8,03 | 8,68 | 7,38 |  |
| Картошка | 4,78 | 5,17 | 5,47 | 4,86 |  |
| Жашылчалар | 12,53 | 15,28 | 15,20 | 15,35 |  |
| Мөмө-жемиштер | 9,37 | 10,23 | 10,34 | 10,12 |  |
| Сүт жана сүт азыктары | 15,40 | 13,34 | 13,34 | 13,34 |  |
| Эт жана эт азыктары | 3,26 | 3,42 | 3,50 | 3,34 |  |
| Балык | 0,64 | 0,61 | 0,61 | 0,61 |  |
| Жумуртка (даана) | 13,83 | 14,15 | 13,50 | 14,80 |  |
| Өсүмдүк майы | 0,80 | 0,88 | 0,91 | 0,85 |  |
| Йоддолгон туз | 0,18 | 0,18 | 0,18 | 0,18 |  |
| Чай | 0,09 | 0,09 | 0,09 | 0,09 |  |
| Кант жана кондитердик | 1,81 | 1,90 | 1,98 | 1,82 |  |
| азыктар |  |  |  |  |  |
| Аш болумдуулугу |  |  |  |  |  |
| Энергия, Ккал | 2430,70 | 2551,37 | 2661,25 | 2440,36 |  |
| Белок, г | 78,55 | 74,52 | 77,52 | 71,48 |  |
| Май, г | 73,08 | 70,37 | 72,27 | 68,44 |  |
| Пенсионер- | Алардын ичинен |  |  |  |  |
| лер | \---------------------------------------------------------- |  |  |  |  |
|  | Балдар | 1-3 жаш | 4-6 жаш | 7-13 жаш | 14-17 жаш |
| 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
| 6,85 | 6,66 | 4,25 | 5,36 | 7,17 | 8,08 |
| 3,95 | 4,36 | 2,74 | 3,65 | 4,56 | 5,47 |
| 9,61 | 9,08 | 5,35 | 6,93 | 9,3 | 12,31 |
| 9,18 | 8,16 | 5,11 | 6,44 | 8,66 | 10,28 |
| 16,48 | 18,20 | 23,13 | 14,13 | 17,52 | 18,96 |
| 3,34 | 3,02 | 1,95 | 2,49 | 3,19 | 3,71 |
| 0,61 | 0,70 | 0,52 | 0,61 | 0,76 | 0,76 |
| 10,10 | 14,06 | 10,08 | 11,48 | 14,80 | 16,88 |
| 0,82 | 0,68 | 0,55 | 0,61 | 0,70 | 0,76 |
| 0,18 | 0,18 | 0,18 | 0,18 | 0,18 | 0,18 |
| 0,09 | 0,09 | 0,09 | 0,09 | 0,09 | 0,09 |
| 1,52 | 1,72 | 1,22 | 1,52 | 1,82 | 1,98 |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
| 2319,25 | 2275,71 | 1761,90 | 1824,71 | 2383,61 | 2693,43 |
| 76,80 | 75,99 | 68,94 | 60,51 | 78,17 | 86,47 |
| 73,02 | 69,03 | 68,11 | 54,61 | 70,43 | 76,46 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 30-январындагы № 53

токтому менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын калкыныы социалдык-демографиялык

топтору үчүн минималдуу керектөө бюджетинин

СТРУКТУРАСЫ

(процент менен)

| Тамак-аш | Калк- | Эмгек- | Алардын | Пен- | Бал- | Алардын ичинен |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| азыктары | тын | ке | ичинен | сио- | дар | \----------------------- |  |  |  |  |
|  | жан | жарам- | \----------- | нер- |  | 1-3 | 4-6 | 7-13 | 14-17 |  |
|  | башы- | дуу | Эр- | Аял- | лер |  | жаш | жаш | жаш | жаш |
|  | на | калк | кек- | дар |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  | тер |  |  |  |  |  |  |  |
| Азык- | 63,96 | 60,34 | 60,34 | 60,34 | 69,45 | 70,92 | 69,78 | 70,54 | 72,06 | 70,16 |
| түлүк |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| товарла- |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| ры |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Азык- | 16,46 | 16,50 | 16,50 | 16,50 | 9,55 | 16,64 | 17,24 | 14,54 | 16,34 | 18,84 |
| түлүк |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| эмес |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| товарлар |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Кызмат | 17,68 | 20,17 | 20,17 | 20,17 | 21,00 | 12,44 | 12,98 | 14,92 | 11,60 | 11,00 |
| көрсө- |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| түүлөр |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Салыктар | 1,9 | 2,99 | 2,99 | 2,99 | \- | \- | \- | \- | \- | \- |
