# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 "Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 "Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11155/edition/1001331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 "Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (03.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57073

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- апрелиндеги № 194 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 30-январы № 47

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 377 токтомунун редакциясында)

Инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал татаалдаган, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар болгон учурларда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чаралардын ыкчам жүргүзүлүшүн камсыздоо максатында, карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ооруларга эпидемиологи- ялык көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды

сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө тир- келген Нускама (мындан ары - Нускама) бекитилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" бекитилген бюджет-

тин чегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине эпи- демиялык фонд боюнча каражаттардын өз убагында бөлүнүшүн камсыздасын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 377 токтомунун редакциясында)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- бул Нускаманы жетекчиликке жана аткарууга алсын;

- эпидемиялык фонд боюнча чыгымдардын сметасын жыл сайын түзсүн

жана бекитсин;

- эпидемиялык фонддун каражаттарын Нускамага ылайык пайдаланууга

контролду камсыздасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш- кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
