# Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2276/edition/325890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 токтому менен бекитилген) (30.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57071

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 30-январындагы № 46

токтому менен бекитилген

Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык

сактоо уюмдарынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1.1. "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги прин-

циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына, ошон-

дой эле "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-статьясына ылайык сала-

маттык сактоо уюмдары жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү меди-

циналык эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина-

лык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялар

программасына (мындан ары - Мамгарантиялар программасы) кирбеген меди-

циналык кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүшү мүмкүн.

1.2. Бул Жобо Мамгарантиялар программасына кирбеген жана саламат-

тык сактоо уюмдары акы төлөнүүчү негизде көрсөтүшкөн медициналык эмес

жана медициналык кызматтан айрым түрлөрүнүн тизмесин аныктайт.

1.3. Мамгарантиялар программасына кирбеген медициналык эмес жана

медициналык кызматтын айрым түрлөрүнө Баалардын прейскуранты Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган тартипте сал-

маттык сактоо уюмдары тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасы-

нын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улут-

тук агенттиги менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Сала-

маттык сактоо министрлиги же ал ыйгарым укук берген орган тарабынан бе-

китилет.

1.4. Медициналык эмес жана медициналык кызматтын айрым түрлөрүн

көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына түшкөн каражаттар атайын ка-

ражаттарга кирет.

1.5. Атайын каражаттар саламаттык сактоо уюмдарынын каржылоо бу-

лактарынын бирин түзүп, саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган

бюджетинин курамына кирет, материалдык-техникалык базасын чыњдоого жана

аларды учурдагы кармоого жумшалат.

1.6. Алынган каражаттар жана анын эсебинен саламаттык сактоо уюм-

дары жүргүзгөн сарптоолор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин

киреше жана чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлөт.

II. Атайын каражаттардын түзүлүшү

2.1. Саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары юридикалык

жана жеке жактар тейлөөнүн төмөнкү түрлөрүнө төлөөнүн эсебинен түзүлөт:

- жумушка, окууга же мектепке чейинки уюмдарга киргенде, ошондой

эле айдоочунун күбөлүгүн алганда жарандардын ден соолугун медициналык

күбөлөндүрүү;

- ҮМБда амбулаториялык дењгээлде вакуум-аспирация (эрте мөөнөттөгү

кош бойлуулукту жасалма ыкма менен түшүрүү);

- декретке чыккан жарандардын ден соолугун пландуу медициналык

күбөлөндүрүү (билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин кошпогондо);

- жашырын текшерүү жана дарылоо;

- стоматологиялык тейлөө (ортопедиялык, ортодонттук, хирургиялык

жана терапиялык);

- сервистик медициналык эмес кызмат (пациенттин комфорттуу шартта

тейлениши, бейтаптарды жеке медициналык жана тиричилик жактан тейлөө,

заказ боюнча тамактануу ж.б.);

- илимий-өндүрүштүк иишердик (балдар азыгын чыгаруу, биостимуля-

торлор, биокошумчалар, вакциналар, сывороткалар, кандын компоненттери-

нен жасалган препараттар, өсүмдүк, минерал жана жаныбарлардан алынган

дары каражаттары, азыктандыруучу чөйрөлөр, дезинфекциялык каражаттар,

медициналык багыттагы буюмдар, айыл чарба жана башка продукция өндүрүү)

тиешелүү документтери бар болгондо;

- дезинфекция, дезинсекция, дератизация жумуштарын жүргүзүү;

- сатуу үчүн дератизациялык татканткыч жана башка дезинфекциялык

препараттарды жасоо;

- ташып келинүүчү жана ташып чыгарылуучу продукцияларга радиомет-

риялык жана дозиметриялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- санитария-гигиеналык, химиялык жана лабораториялык изилдөөлөр;

- санитардык эрежелерге ылайыктыгы тууралуу санитардык-эпидемиоло-

гиялык корутунду берүү, ал "Аткаруу бийлик органдары жана анын структу-

ралык подразделениелери көрсөткөн мамлекеттик акысыз жана акы төлөнүүчү

кызматтардын реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтому менен бекитилген Аткаруу бий-

лик органдары жана анын структуралык подразделениелери көрсөткөн мамле-

кеттик акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтардын реестринин негизинде бе-

рилет;

- косметология кызматы;

- медициналык-педагогикалык ишмердик;

- ижаралык ишмердик;

- чарба-келишимдик иштер;

- турмуш-тиричилик жагынан тейлөө;

- медициналык мекемелердин айылдагы көмөкчү чарбаларынын каражат-

тары;

- маалыматтык-басма ишмердиги;

- соттук-медициналык жана ырасым кызматтары;

- автоунаалык тейлөө;

- тез жардам бригадалары менен массалык-маданият иш-чараларын

тейлөө;

- жарандардын чакыруусу боюнча ырасым кызматтарды көрсөтүү үчүн

медициналык тейлөө.

2.2. Атайын каражаттарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине

катышууга өлкөлөрдүн жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында ту-

руктуу жашаган жарандарды кошпогондо, ошондой эле жашоого укук бере

турган документи бар адамдарга медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн

түшкөн каражаттар кирет. Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кыз-

мат көрсөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-

рлиги эл аралык келишимдерге жана макулдашмаларга ылайык аныктайт.

Көрсөтүлгөн медициналык кызматка төлөө саламаттык сактоо уюмдарынын иш

жүзүндөгү сарптоолору кеткен чыгашалар боюнча жүргүзүлөт.

2.3. Атайын каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-

йык саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматка чет

өлкөлүк жарандардан түшкөн каражаттар да кирет.

III. Атайын каражаттарды колдонуу, эсепке алуу

жана отчеттуулук тартиби

3.1. Атайын каражаттарды сарптоо саламаттык сактоо уюмдары үчүн

белгиленген тартипте бекитилген бөлүштүрүү планын негизинде жүргүзүлөт.

3.2. Атайын каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Рес-

публикасынын Экономика жана финансы министрлигинин талаптарына ылайык

жүргүзүлөт.

3.3. Атайын каражаттарды эсепке алууга карата Казыналыкта эсепти

тейлөө боюнча чыгашалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген

тартипте жана өлчөмдө саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсе-

бинен жүргүзүлөт.
