# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11154/edition/381353/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому (01.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57068

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-январы № 46

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарына

медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн

2006-жылга мамлекеттик гарантиялар

программасы жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, калктын медициналык кыз-

маттарга жетишин жакшыртуу, калктын аялуу топторун социалдык коргоо ме-

ханизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын жа-

рандарынын ден соолугун коргоо укуктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам

көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы;

- 2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык

сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-сани-

тардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар прог-

раммасын каржылоо көлөмүнөн ашыкча медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн

кошумча төлөө жөнүндө жобо;

- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмда-

рынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам

көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууга жибе-

рилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө жобо.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлиги, Кыр-

гыз Республикасынын Социалдык фонду, Бишкек шаарынын мэриясы саламаттык

сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча 2006-жылдагы

мамлекеттик бюджетти толук көлөмдө аткарууну камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз

Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн

2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасын аткарууну камсыз кыл-

сын.

4. "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-

дам көрсөтүүнүн 2005-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-февралындагы № 110 ток-

тому менен бекитилген 2005-жылы мамлекеттик гарантиялар программасы бо-

юнча каржылоо көлөмүнөн ашыкча берилген медикаменттер, тамактануу жана

медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрү үчүн стационардык дары-

ланууда кошумча төлөө өлчөмү ушул токтом күчүнө киргенге чейин колдону-

лаары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын жаран-

дарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2005-жылга мамлекеттик

гарантиялар программасы жөнүндө" 2005-жылдын 26-февралындагы № 110 ток-

томунун 1-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп

табылсын.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
