Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20 -январындагы № 32 токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-январындагы
№32 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция
органдарында кызмат өтөө жөнүндө
Жобо
Бул Жобо Кыргыз Республикасыныи финансылык полиция органдарында
кызмат өтөөнүн укуктук негизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарындагы кызмат
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында (мындан ары -
Финансылык полиция) кызматтарда турган Кыргыз Республикасынын
жарандарынын мамлскеттик кызматынын түрү болуп эсептелет.
2. Финансылык полицияда кызматтын укуктук негизин Кыргыз
Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,
Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары жана ушул
Жобо түзөт.
3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук принциптерине, адам
укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук,
маалымдуулук, Финансылык полициянын тийиштүү мамлекеттик бийлик
органдарына отчеттуулугунун жана анын көзөмөлүндө болуу, кызматтык
тартипти сактоо принциптерине ылайык түзүлөт.
4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо
белгиленген тартипте атайын наамдар ыйгарылган, Финансылык полициянын
аттестацияланган курамынын штаттык кызматтарында турган Кыргыз
Республикасынын жарандары эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын
формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери
Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген
үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр берилет.
Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын
белгиленген тартипте атайын каражаттарды жапа ок атуучу табелдик
куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат этүүчү жана Финансылык
полицияда ыйгарылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын
тастыктоочу расмий документ болуп эсептелет.
Кадрлар бөлүмчөсүнүн башчысы кызматка жањы алынган кызматкерге
кызматтык күбөлүктү тапшырууда документти пайдалануунун жана аны
сактоонун эрежелери боюнча инструктаж өткөзөт.
Финансылык полициянын кызматкерлеринс тиешелүү даярдыктан өткөндөн
кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
табелдик ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды дайыма алып
жүрүүтө жана сактоого укук берилет.
5. Финансылык полицияга кызматка анык аскердик кызматты өтөгөн,
укук коргоо, салык финансы же бажы органдарыпда кеминде эки жылдык
эмгек стажы бар, 35 жаштан ашпаган, өзүнүн жеке, ишкер, кесиптик
сапаттары боюнча жөндөмдүү, билими жана ден-соолугу кызмат милдеттерин
аткарууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу
негизде кабыл алынат.
Финансылык полицйяга кызматка кабыл алуу жарандар милдеттүү түрдө
атайын текшерүүдөн, ошондой эле кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо ү-
чүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же болбосо Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы системаларынын аскер-
дарыгерлик комиссияларында медициналык текшерүүдөн өткөн шартта ишке
ашырылат.
Финансылык полициянын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамынын
кызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку
билими бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полиция кызматкерин жумушка кабыл алуу Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансылык
полициянын жетекчисинин буйругу менен таризделет. Буйрук кызматкерге
кол койдуруу менен тааныштырылат.
Финансылык полиция кызматына кабыл алынган жарандар ушул Жободо
белгиленген тартипте ант беришет.
Финансылык полицияга кызматка жањы кабыл алынып жаткан адамдарга 3
айдан ашпаган сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Талапкер тиешелүү
кызматка катардагы жана кенже башкаруучу курамынын атайын наамын
ыйгаруу менен бирге дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкер насаатчы
бекитилет.
6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматка
төмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:
- соттун күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулуту
чектелүү деп табылса;
- соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен мунапыс
боюнча бошотулса;
- ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талапгарга жооп бербесе;
- башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар,
бир туугандар, байке-инилер, эже-сињдилер, уул-кыздар, ошондой эле
жубайынын ата-энеси, бир туугандары жана балдары) болгон
кызматкерлерге кызматтары түздөн-түз бири-бирпнин баш ийүүсүндө же
бири-биринин контролдутунда турса бир эле Финансылык полиция органында
кызмат өтөөгө уруксат кылынбайт.
Финансылык полиция кызматкери төмөнкүгө укуксуз:
- чыгармачылык, илимий жана педагогикалык иштер менен байланыштуу
кызматтардан тышкары башка акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө;
- ишкердик жүргүзүүгө;
- кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсү болууга;
- финансылык полиция органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча
ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
- кызматтык эмес максатта финансылык, материалдык-техникалык жана
маалыматтык камсыздоо каражаттарьш, мамлекегтик башка мүлктү ошондой
зле кызматтык маалыматты колдонууга;
- саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын
ишине өзүнүн кызаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана кызмат
убактысында катышууга; мамлекеттик кызматтык ишмердүү"лүктүн партиялык
программаларга жана чечимдерге баш ийүүхүнө тыюу салынат;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишке
ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчу жактардан белек, акча жана
кызмат көрсөтүүлөрдү сый акы катары алууга;
Ушул статьянын жоболорун бузган учурда жана ээлеген кызматына
шайкеш келбеген кандайдыр бир иш аракетти жасагандыгы үчүн Финансылык
полиция кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан
кызматтан бошотулууга жатат.
7. Кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы кызмат орундарынын
тизмеси жана ушул кызматтарга шайкеш келген атайын наамдар Финансылык
полицияк ,ш жетекчиси тарабынан аныкталат.
8. Финансылык полициянын атайын наамы бар адамдардын кызматтары
ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык белгиленген тизме менен аныкталат.
Кызматка кабыл алынган Финансылык гюлициянын катардагы, кенже жана
улук башкаруучу курамдагы адамдарга кызматка дайындалгандан үч айдан
кийин Финансылык полициянын жетекчисинин буйругу менен атайын наам
ыйгарылат.
Финансылык полиция кызматкери кызматка дайындалганда аны негизги же
жакын адистиги же болбосо тажрыйбасына ылайык пайдалануу камсыз
кылынат, ал эми зарыл учурларда ал үчүн жањы болгон адистик боюнча
тийиштүү кайра даярдыктан өтүүгө тийиш.
Айрым учурларда Финансылык полициянын кызматкери кызматы боюнча
милдетти аткаруучу болуп дайындалышы мүмкүн. Мында бош кьпмат оруну
боюнча милдеттерди аткаруунун үзгүлтүксүз мөөнөтү эки айдан, ал эми
бош эмес кызмат оруну боюнча төрт айдан ашпоого тийиш.
9. Финансылык полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлер
төмөнкүдөй ант беришет:
"Мен, (аты-жөнү) Финансылык полицияга кызматка кирип жатып Кыргыз
Республикасынын элине берилгендигиме ант берем. Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жана мыйзамдарын, адамдардын жана жарандардын укугун
сактоого, начальниктин бунруктарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант
берем.
Чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекендин экономикалык
таламдарынын чегинде кылдаттык менен турууга, кызматтык сырды бекем
сактоого ант берем.
Эгерде мен антымды бузсам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын".
Ант берүүнүн тартиби жана аземи Финансылык полициянын жетекчиси
тарабынан аныкталат
10. Финансылык полициянын кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу
төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) жогорку кызматка - кызматы боюнча жогорулатуу иретинде;
б) тендеш кызматка - кызматкерди кыйла максатка ылайыктуу
пайдалануу зарылдыгы келип чыкканда же болбосо үй-бүлөлүк абалы, ден-
соолук абалы же курагы боюнча алардын макулдугу менен;
в) төмөнкү кызматка:
- штаттар кыскарганда же Финансылык полиция кайра уюштурулганда бул
адамдарды тењдеш кызматка жылдырууга мүмкүндүк болбогондо алардын
макулдугу менен;
- аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден-
соолугунун абалы боюнча;
- аттестациялоо тартибинде кызматына дал кслбегендиги боюнча;
- дисциплинардык жаза тартибинде;
- жеке өтүнүчү боюнча;
г) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына командировкага
жиберүү тартибинде.
Финансылык полиция кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу бардык
учурларда жылдыруунун негизин көрсөгүү менен буйрук аркылуу
таризделет. Буйрук кызматкерге кол койдуруу менсн билдирилет.
Төмөнкү кызматка жылдырылган Финансылык полиция кызматкери кийин
анын кызматтык квалификациясын, иш тажрыйбасын, ишкер жана жеке
сапаттарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча
жогору кызматка жылдырылышы мүмкүн.
11. Финансылык полициянын кызмач керлери Финансылык полицияны жоюу,
кайра уюштуруу же болбосо штаттык санын кыскартууга байланыштуу
уюштуруучулук-штаттык иш чараларды жүргүзүүдө 4 айдан ашпаган мөөнөткө
Финансылык полициянын кадрлар карамагына киргизилет. Өзгөчө учурларда
кызматкерлердин жеке себептери менен берилген рапорттун негизинде
кадрлар карамагына киргизүүгө уруксат берилет.
Кадрлар карамагындагы Финансылык полиция кызматкерлерине акчалай
үлүштөрдү төлөп берүү кадрлар кызматына тапшырылган табелдин негизинде
жүргүзүлөт:
- биринчи эки ай үчүн - акыркы ээлеген кызматы боюнча маянанын жана
атайын наамы боюнча маянаны өлчөмүндө;
- андан кийинки эки ай,үчүн - атайын наамы боюнча маянанын
өлчөмүндө.
Кызматкердин кадрлар карамагында болгон мөөнөткө убактылуу ишке
жарамсыздыктын мөөнөтү, кезектеги ар жылдык жана башка отпускаларда
болгон убакыт, кылмыштык жоопкерчиликке тартылгандыгьша байланыштуу
камакта болгон мөөнөт, кылмыш иши токтотулган учурда же болбосо сот
тарабынан актоочу өкүм чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн
тартып бошотулган күнүнө чейинки мөөнөттөр эсепке алынбайт.
Кадрлар карамагындагы болгон төрт айлык мөөнөт өткөндөн кийин
штаттык кызматтарга дайындалбаган кызматкерлер кызматтан бошотулууга
жатат.
Кадрлар карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук менен жазуу түрүндө
тааныштырууда кызматкер төрт айлык мөөнөт өткөндөн кийин Финансылык
полициядан кыматтан бошотулууга жатаары тууралуу маалымдалат.
Финансылык полициянын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген
кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз
Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан
кызматтан четтетүү жөнүндө токтом чыгарылганда - иш боюнча акыркы
чечим чыкканга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (териштирүү кызматкердин өзүнүн
талабы менен дайындалган учурдан тышкары) - териштирүүнү жүргүзүүнүн
толук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматкердин кызматтак милдеттерин
аткарууга мүмкүнчүлүк бербеген тартипти одоно түрдө бузган учурда,
кызматта алкоголдук, бањгилик жана токсикалык мас абалында болгон
учурларда.
Кызматкерди кызматтан убактылуу чеггетүү учурунда ушул пункттун 6-
пунктчасына ылайык анын эмгек акысы сакталат. Башка учурларда эмгек
акы сакталбайт.
12. Финансылык полициянын кызматкерин башка жерлерге которууга анын
өтүнүчү боюнча Финансылык полициянын тийиштүү органдарынын
начальниктеринин макулдугу боюнча жол берилет.
13. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлери Финансылык
полициянын кадрларында калтырылуу менен Финансылык полициянын
ишмердигине түздөн-түз байланыштуу болгон атайын мүнөздөгү иштерди
аткаруу үчүн мамлекеттик жогорку органдарга иштөөгө жиберилиши мүмкүн.
Финансылык полициянын кызматкерлерик мамлекеттик бийлик жана
башкаруу органдарына иштөөгө жиберүү жана алардын бул органдарда
кызмат өтөө тартиби ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары үчүн
белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
14. Финансылык полициянын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо,
кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын
жана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт.
15. Финансылык полиция органдарынын катардагы, орто жана улук
башкаруучу курамынын адамдарын аттестациялоо алардын ээлеген кызматына
шайкеш келүүсүн жана кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоого, алардын
кесиптик даярдыгынын дењгээлине, укуктук маданиятына баа берүүгө,
адамдар менен иштей билүү жөндөмүн аныктоого, кызматкерлердин иштөө
натыйжалуулугун жогорулатууга, кадрларды тандоояу, жайгаштырууну жана
тарбиялоону жакшыртууга, алардын кватафикациясын, демилгесин,
чыгармачыл активдүүлүгүн жана тапшырылган ишке жоопкерчилигинин
жогорулашына түрткү берүү максатында жүргүзүлөт.
Аттестациялоодо баа берүүнүн негизги критерийи болуп
кызматкерлердин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу болуп эсептелет.
Кызматкерлерди аттестациялоо Финансылык полицияда кызматта ар бир
үч жыл өткөндөн кийин бир жолу жүргүзүлөт (бирок көрсөтүлгөн мөөнөттөн
6 айдан кеч эмес).
Аттестациялык комиссия Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан
түзүлөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин аттестациялоого даярдоо жана
өткөзүү тартиби Финансылык полициянын башчысы тарабынан бекитилет.
Аттестациялык комиссия аттестациялоону аттестациядан өтүп жаткан
кызматкердин катышуусу менен жүргүзөт.
Аттестациялык комиссиянын заседаниесине жөндүү себеп менен
катышпаган кызматкерлер (отпуска, оору, командировка) аттестациядан
кызматка келгенден кийин өтүшөт.
Кызматкер аттестациялык комиссиянын заседаниесине себепсиз келбеген
учурда комиссия болгон материалдардын негизинде аттестация
өткөрүлгөндүтү жөнүндө чечим чыгаруугаукуктуу.
II. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто
жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу
(ажыратуу) тартиби
16. «Аскердик наамдарды, класстык чиидерди, атайын класстык
чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык полиция органдарынын
кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
-финансылык полициянын кенже атайым наамы катардагыдан прапорщикти
кошо алганда ага чейинки;
- финансылык полициянын орто атайын наамы кенже лейтенанттан
капитанды кошо алганда ага чейинки;
-финансылык полициянын улук атайын наамы - майордон, полковникти
кошо алганда ага чейинки;
-финансылык полициянын жогорку атайын паамы - генерал-майорду кошо
алганда ага чейинки.
Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу,
жекелик түрдө алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон
мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын эске алуу
менен ыйгарылат.
Ыйгаруунун ыраатына жараша атайын паамдар алгачкы жана кезектеги
болуп бөлүнөт. Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы
атайын наамындагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтунөн мурда
же болбосо ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир
баскычка жогору наам иштеги жогорку натыйжаларга жеткендиги жана
кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн колдоого алуу
катарында Финансылык полициянын башчысы тарабынан ыйгарылышы мүмкун.
Жогорку атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
ыйгарылат.
Улук жана жогорку башкаруучу курамдын жетектөөчү кызматына кабыл
алынган жаранга алгачкы атайын наам финансылык полициянын
подполковнигинен жогору атайын наамдан жогору эмес, запас боюнча андан
жогорку аскердик же атайын наамы болбогон учурда ыйгарылышы мүмкүн.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине ушул
Жободо каралган учурлардан тышкары, ордун алмаштыруучу штаттык кызмат
боюнча каралган алардьш наамына ылайык ырааттуу түрдө жана мурдагы
наамындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
Финансылык полицияга кызматка алынган запастагы офицерлердин
аскердик наамдарындагы иштеген жылдарынын мөөнөтү. алардын Финансылык
полицияга кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда аларга
штаттык кызмат боюнча каралган наамынан жогору
болбогон кезектеги атайын наамдар ыйгарылышы мүмкүн. Мурдагы аскер
кызматчыларына, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, салык
жана финансылык полициянын, жетекчилик курамынын адамдарына, ошондой
эле аскердик, атайын наамдары же класстык чиндери бар Финансылык
полицияга кьгзматка алынган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка
органдарынын жана мамлекеттик комиссияларынын кызматкерлерине атайын
наам алардын мурдагы аскердик, атайын наамдарын же класстык чиндерин
эске алуу менен ыйгарылат.
Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурупку атайын наамында иштөөнүн
белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык
кызматында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наам туура келгенде
ыйгарылат.
Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка
жогору болгон кезектеги атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынын
белгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Ушул учурда
ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайы наамдан бир баскычка
жогору жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда
кызмат өтөө жылдарынын мезгилинде бир жолу жүргүзүлөт.
Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу
жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
Пенсия дайындоодо эске алынуучу жыйырма жылдык жана андан ашык
иштеген, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана
аттестациядан жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги
атайын наам ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамга карабастан
курагы же оорусу боюнча аларды кызматтан бир эле учурда бошотуу менен
Финансы полициясынын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаруучу
курамдагы кызматка дайындалган Финансылык полициянын кызматкерлери
ошол наамында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу
курамдын алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине
кызматка дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган
учурда, алып салына элек дисциплинардык жазасы болгондо, кылмыш-жаза
иши, реабилитациялоочу негиз боюнча кызматтык иликтөө иши (бирок бир
айдан ашык эмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт.
Финансылык полиция бөлүмчесүнүн жетекчиси кызматкерине кезектеги
атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечењдеткендиги үчүн
дисциплинардык жоопкерчилик тартат.
17. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку
башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөй
мөөнөттөру белгиленет:
финансылык полициянын кенже сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын улук сержантынын наамында - эки жыл;
финансылык полициянын старшинасы наамында - төрт жыл;
финансылык полициянын прапорщиги наамында - беш жыл;
финансылык полициянын кенже лейтенанты наамында - бир жыл;
финансылык полициянын лейтенанты наамында - эки жыл;
финансылык полициянын улук лейтенанты, финансылык полициянын
капитаны, финансылык полициянын майору наамында - үч жыл;
финансылык полициянын подполковниги намында - төрт жыл.
Жогорку окуу жайын аяктагандыгы боюнча финансылык полициянын
лейтенантынын алгачкы атайын наамы ыйгарылган финансылык полициянын
кызматкерлери үчүн финансылык полициянын лейтенантынын наамында
иштеген жылдарыиын мөөнөтү бир жылга белгиленет.
Фииансылык полициянын катардагы, полковниги, генерал-майору атайын
наамында иштөө жылдарынын мөөнөтү белгиленбейт.
III. Финансылык полицияда кызмач тартиби
18. Финансылык полициянын кызмат тартиби Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында, Антта, ошондой эле Финансылык полициянын жетекчисинин
буйруктарында жана ушул Жободо белгиленген нормаларды жана эрежелерди
кызматкерлеринин сакташын билдирет.
19. Финансылык полиция органынын начальниги ага баш ийгендердин
арасында кызмат тартабинин абапына жекече жоопкерчилик тартат.
Начальник:
- баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл
болгон шарттарды түзөт;
- баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине
жоопкерчилик сезимин тарбиялайт;
- баш ийгендердин кь зматтык иштерине баа берүүдө ачык-
айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылат;
- баш ийгендердин кадыр-баркын коргойт;
- жеке курамдьщ арасында коррупция көрүнүштөрүнүн алдын алуута,
Финансылык полициянын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же
кемчиликтерин сындоо боюнча баш ийгендсрдин артынан түшүүгө бөгөт
коет.
20. Милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жапа кызматтык иштеринде жогорку
натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полициянын
кызматкерлерине сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат:
а) алкыш жарыялоо;
б) акчалай сыйлыктарды берүү;
в) кымбат-баалуу белектер менен сыйлоо;
г) ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо;
д) грамота же Ардак грамота менен сыйлоо;
е) атайын наамында кеминде жарым моөнот иштесе мөөнөтүнөн мурда
кезектеги атайын наам ыйгаруу;
ж) ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир
баскычка жогору кезектеги атайын наам ыйгаруу;
з) Финансылык полициянын төш белгиси менен сыйлоо;
и) мурунку дисциплинардык жазасын алып салуу.
Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда
көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сињирген өзгөчө
эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына
көрсөтүлүшү мүмкүн.
Кызматтык милдетин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартипти
бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине төмөнкүдөй жаза
чаралары колдонулушу мүмкүн:
а) эскертүү;
б) сөгүш;
в) катуу сөгүш;
г) кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү;
д) атайын наамын төмөндөтүү;
е) кызматынан төмөндөтүү;
ж) Финансылык полициядан иштен кетирүү.
Сыйлоолор жана дисциплинардык жаза берүүлөр буйрук менен
жарыяланат. Жазага дуушар оолгон адамга кабыл алынган чечим үч күндүк
мөөнөттө (кол койдуруу менен) Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөсү
тарабынан билдирилет.
Сыйлоо тартиби Финансылык полициянып жетекчиси тарабынан өзүнүн
компетенциясынын чегинде аныкталат.
Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын
кызматкерлерине дисциплинардык жаза Фипансылык полициянын жетекчиси
бекиткен анын дисциплинардык уставыиа ылайык колдонулат.
21. Сыйлоо жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча начальниктердин
укуктары Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан белгиленет.
Эгерде Финансылык полициянын кызматкерине, анын начальнигинин
укуктарынын чегинен сырткары сыйлоо же жаза колдонуу чараларын
колдонуу зарыл боло, анда ал ушул тууралуу өзүнөн жогорку жетекчиге
өтүнүч кат киргизет.
Эгерде мурда жарыяланган жаза чарасы жасалган жосундун оордугуна
ылайык келбесе, жогору турган жетекчи төмөнкү начальник тарабынан
колдонулган дисциплинардык жазаны алып салууга укуктуу.
Сыйлоо жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча укуктарын ашыкча
колдонгон начальник ал учун дисциплииардык жоопкерчилик тартат, ал эми
сыйлоо жана жаза көрүү тууралуу буйруктар Финансылык полициянын
жетекчиси тарабынан жокко чыгарылат.
Финансылык полициянын кызматкери ага карата колдонулган
дисциплинардык чара көрүүнү жогору турган начальникке Финансылык
полициянын жетекчисине чейин же болбосо сотко даттанууга укуктуу.
IV. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары
22. Финансылык полициянын ички тартиби иштин өзгөчөлүктөрүн эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарьша ылайык Финансылык
полициянын жетекчиси тарабынан оелгиленет.
Керектүү учурларда Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген
убакыттан тышкары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам
күндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.
V. Финансылык полиция кызматкерлеринин
отпускалары жана социалдык гарантиялары
23. Финансылык полиция кызматкерлерине отпусканын төмөнкүдөй
түрлөрү белгиленет:
ар жылдык;
кыска мөөнөттөгү;
кошумча (иштеген жылдары үчүн);
социалдык (оорусу боюнча, төрөгөндүгүнө, бала бакканына
байланыштуу);
окуу (окуу жайлардын угуучуларыпа, сырттан окуган кызматкерлерге);
чыгармачылык;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отпускалардын башка
түрлөрү.
Кызматкерлердин кезектеги ар жылдык отпускасын пайдаланбай иштен
бошоп кеткен учурларын кошпогондо отпусканы акчалай компенсациялоого
жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес кун деп белгиленген
жалпы мамлекеттик майрам күндөрү отпускалардын узактыгын аныктоодо
эске алынбайт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине ар жылдык отпуска 30
календардык күн мөөнөтүнө берилет.
Ар жылдык отпускага укугу бар Фииансылык полициянын кызматкерлерине
аны бөлүп колдонууга уруксат берилет.
Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) отпуска ар жылдык отпускалардын
графигине ылайык Финансылык полициянын ар бир кызматкерине календардык
жыл ичинде сөзсүз турдө берилиши керек.
Ар жылдык отпуска (анын бөлүгү), отпуска мезгилинде кызматкердин
убактылуу ишке жараксыздыги болгон учурда башка мөөнөткө которулат же
узартылат, бирок бул учурда акчалай үлүш отпускага дал келген күндөр
үчүн сакталат.
Кезектеги отпускадан кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык
полициянын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык
зарылдык учурунда жол берилет. Кезектеги отпускадан чакырып алууда
анын пайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылы берилет.
Узактыгы 45 күн болго кезектеги отпуска иштеген жылдарына
карабастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан
жогору) кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.
Кызматы аттестацияланган курамдагы жењилдетилген шарттарда пенсия
чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүк
кезекгеги отпуска алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердин
тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
24. Кечиктирилгис социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн,
ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча Финансылык полициянын
кызматкерине узактыгы 10 күнгө чейин кыска мөөнөттүү отпуска берилиши
мүмкүн. Ал кезектеги отпусканын эсебине эсептелбейт.
25. Финансылык полициянын кызматкерипе оорусуна байланыштуу отпуска
врачтык комиссиянын корутундусулун негизинде берилет. Көрсөтүлгөн
отпусканын узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат.
Узакка ооруган катардагы жана башкаруучу курамдын адамдары эгерде
ишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же
жыл ичинде үзгүлтүктөр менен беш амды түзсө Финансылык полициянын
кадрлар бөлүмчөсү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө
жарактуулугун аныктоо максатында аскердик-врачтык комиссиянын
медициналык текшерүүсүнө жиберилет.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же
майыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда
жүргөн мезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө
дарылоо бүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.
Оорусуна байланыштуу отпуска кезектеги ар жылдык отпусканын эсебине
кошулбайт.
26. Кошумча ар жылдык жана социалдык отпуска. Финансылык полициянын
кызматкерлсринс иштеген жылдары үчүн (календардык эсептөөдө) акы
r5k5m5 турган кошумча отпуска берилет:
а) 5тен Южылга чейин - жыл сайын 2 капендардык күн мөөнөткө;
б) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 5 календардык күн мөөнөткө;
в) 15тен 20 жылга чейин - жыл сайын 10 календардык күн мөөнөткө;
г) 20 жыл жана андан жогору - жыл сайын 15 календардык күн
моөнөткө.
Кызматкердин каалоосу боюнча эмгек отпускасы эки бөлүккө бөлүнүшү
мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбоого тийиш.
Финансылык полиция кызматкерлерине кош бойлуулук жана төрөт боюнча,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бала асырап
алгандыгы үчүн отпуска Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына
ылайык берилет.
Мындай отпускада жүргөн мезгили атайын наамында иштеген жылдарынын
мөөнөтүн жана кызматтык маянасына коэффицент белгилөө үчүн стажын жана
пенсия чектөөгө эсептелет.
Социалдык отпуска (окуу, чыгармачыл ж.б.) Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген узактыкта жана тартипте берилет.
Мындай отпускалардын узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин
кезектеги ар жылдык отпускасына кошулбайт.
27. Финансылык полиция кызматкерлеринин акчалай үлүгшү ээлеген
штаттык кызматы боюнча маянаны, ыйгарылган атайын наамы боюнча
маянаны, иштеген жылдары үчүн проценттик устөктү, иштин жашырын мүнөзү
жана жашырын иш алып баргандыгы үчүн кызматтык маянасына 25 пайызды,
кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки персоналдык үстөктү жана укук
коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарьшда каралган башка төлөмдөрдү камтыйт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине жыл сайын эки айлык өлчөмүндө
акчалай материалдык жардам көрсөтулөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине Финансылык полициянын ишинин
жалпы натыйжасына алардын кошкон жеке салымьша жана кызматтык
милдеттерин аткарууга мамилесине ылайык төрт айлык өлчөмүндө акчалай
сыйлык төлөнөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин атайын формалык кийим-кече
менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген норма жана
тартип боюнча жүргүзүлөт.
Иштеген жылдары үчүн кызмат маяналарына үстөктөр иш стажысына
жараша Финансылык полициянын кьгшаткерлерине ай сайын Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
28. Финансылык полициянын кызматкерлерин, ошондой эле Финансылык
полициянын пенсионерлерин медициналык жана санаторий-курорттук тейлөө
Кыргыз Республикасынын мыГпамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин милдеттүү мамлекеттик, жеке
жана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жүргүзүлөт.
29. Иштеген жылдары боюнча пенсияга укуктуу жана иштеп жаткан
аттестацияланган курамдын адамдарына негизги акчалай күтүүнүн
төлөмдөрүнүн учуруна дал келүүчү пенсиянын суммасынын 50 пайызы
өлчөмүндө кошумча төлөнөт.
VI. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу
30. Финансылык полициядагы кызмат өтөөнүн токтотулушунун негизи
төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
а) Финансылык полиция оогандарынан кызматтан бошоо;
б) Финансылык полициянын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартипте
кабарсыз келбей койду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;
в) атайын наамынан ажыроо;
г) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу;
д) Финансылык полиция кызматкеринин дүйнөдөн кайтышы.
31. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция
органдарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
а) өз каалоосу боюнча;
б) ушул Жобонун 32-пунктунда белгиленген куракка жеткенде;
в) иштеген жылдарынын мөөнөтү пенсияга чыгуу убагына жеткенде;
г) штаттардын кыскарышы боюнча - Финансылык полиция органы
жоюлганда же кайра түзүлгөндө, Финансылык полициянын кызматкерин
кызматка пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбой калганда;
д) оорусу боюнча - Финансылык полиция органдарында иштөөгө
жарамсыздыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун
негизинде;
е) ден-соолугунун абалы боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүү
экендиги жөнүндө, ээлеген кызматыыа ылайык милдетин ден-соолугуна
байланыштуу аткарууга мүмкүн эместиги, кызматы боюнча башка жерлерге
барып иштей албастыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун
негизинде;
ж) аттестациянын негизинде кызматына ылайык келбестиги;
з) кызмат тартибин одоно жана дайыма бузушу;
и) Финансылык полициянын кызматкеринин жеке сапатына коюлуучу
талаптарга коошпогон иштерди жасагандыгы;
к) соттун айып коюлган өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин
кылмышы үчүн кесилгендигине байланыштуу;
л) белгиленген тартипте башка мамлскстгик, укук коргоо жана
контролдоочу органдарга которулгандыгына байланыштуу.
Финансылык полициянын кызматкерлерин ушул пункттун "б", "в"
пунктчаларында каралган негиздер боюнча иштен бошотуу кызматкердин
өзүнүн, ошондой эле Финансылык полициянын тиешелүү органдарынын
начальниктеринин демилгеси боюнча да ишке ашырылышы мүмкүн.
32. Финансылык полициянын кызматкерлери аларга ыйгарылган атайын
наамдарына жараша Финансылык полицияда төмөнкүдөй куракка жеткенге
чейин иштей алышат:
- Финансылык полициянын катардагылары, сержанттары, улук
сержанттары, старшиналары, прапорщиктери жана улук прапорщиктери -45
жашты кошо алганда ага чейин;
- Финансылык полициянын кенже лейтенантынан подполковнигине чейин -
50 жашты кошо алганда ага чейин;
- Финансылык полициянын полковниктери - 55 жашты кошо алганда ага
чейин;
- Финансылык полициянын генерал-майорлору - мөөнөтү чектелбейт.
Белгиленген чектеги куракка жеткен Финансылык полициянын
кызматкерлери Финансылык полиция органдарында кызматтан кетүүгө тийиш.
Зарыл учурларда Финансылык полициянын кызматкеринин макулдугу менен
жана медициналык каршы көрсөткүчтөрү жок болсо алардын иштеши
Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан 5 жылдык мөөнөткө узартылышы
мүмкүн. Өзгөчө учурларда Финансылык полициянын кызматкерлеринин кызмат
өтөнү ушундай эле тартипте дагы 5 жылга узартылышы мүмкүн, мында
алардын курагы 60 жаштан ашпоого тийиш.
Кызмат мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим ушул Жободо каралган
негиздер боюнча Финансылык полициянын кызматкеринин иштен бошонуу
мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Чектелген куракка жете элек же болбосо кызмат өтөөнүн чектелген
курагынан ашып, кызматта калтырылган Финансылык полициянын
кызматкерлери иштен запаска (аскердик каттоого тургузуу менен) же
кызмат өтөөнүн чектелген курагына жеткенге чейин отставкага же болбосо
кызматта калтырылган мөөнөтүнүн бүткөидүгүнө байланыштуу бошотулушу
мүмкүн.
33. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку
башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу
Финансылык полициянын жетекчисииин буйругу менен ишке ашырылат.
Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта керсөтүлбөсө, кызматтан
бошотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери иштен бошотула тургандыгы
тууралуу кеминде бир ай мурда өзүлөрүнүн түздөн-түз начальниктерине же
болбосо Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөлөрүнө жазуу түрүндө
билдирет.
Каза болгон (курман болгон), белгиленген тартипте кабарсыз жок деп
табылган Финансылык полициянын кызматкерлери, ошондой эле атайын
наамынан ажыраган кызматкерлер кьвмиткерлердин тизмесинен Финансылык
полициянын жетекчисинин буйругу менен чыгарылат.
34. Финансылык полициянын кызматксри иштен бошогондугу тууралуу
буйрукту алган күндөн тартып бул тууралуу сотко даттанууга укуктуу.
35. Финансылык полициянын кызматкерлерпн пенсия менен камсыз кылуу
"Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана нормалар боюнча ишке
ашырылат.
36. Пенсияга чыгуу укугу менен кызматгап бошогон Финансылык
полициянын кызматкерлерине бир жолку пособие, ал эми пенсияга чыгуута
укугу жок бошогондорго - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
аныкталган өлчөмдөрдө иштен чыгуу пособиеси төлөнөт.
Кызмат өтөөдө чектелген куракка жеткен, ден-соолугуна байланыштуу
же уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу иштен бошогон Финансылык
полициянын кызматкерлерине кызмат өтөөнүн жалпы узактыгына жараша
төмөнкүдөй бир жолку пособие төлөнөт:
5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай күтүүнүи 5 маянасы өлчөмүндө;
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 10 маянасы өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 15 маянасы өлчөмүндө;
20 жылдан ашуун - акчалай күтүүнүн 20 маянасы өлчөмүндө.
Башка негиздер бок» ча кызматтан бошогон Финансыльгк полициянын
кызматкерине ушул пункттун экинчи бөлүмүндө көрсөтүлгөн бир жолку
пособиени төлөө өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары менен аныкталат.
Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган Финансылык полициянын
кызматкерлерине бир жолку пособиенин өлчөмү акчалай күтүүнүн эки
маянасына көбөйтүлөт.
VII. Финансылык полициядагы кызматын,
атайын наамдарын жана ишин калыбына келтирүү
37. Иштен мыйзамсыз же негизсиз жылдырылган, кызматтан бошотулган,
же болбосо төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын
наамынан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансылык полиция органдарынан
мыйзамсыз бошотулган деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлери
белгиленген тартипте Финансылык полицияда тиешелүү түрдө кызматы,
атайын наамы, иши калыбына келтирилүүгө тийиш.
Финансылык полицияда кызматын, атайыи наамын, ишин калыбына
келтирүү үчүн соттун чечими менен мыйзамдуу күчүнө кирген жана
кызматтык тершитирүүнүн натыйжалары боюнча корутунду негиз болуп
саналат.
38. Кызматтан жылдыруу, бошотуу, кызматган төмөндөтүү, атайын
наамын төмөндөтүү, Финансылык полициядан иштен кетирүү жөнүндө
чечимдерге Финансылык полициянын кызматкери макул болбосо кызматтан
жылдыруу, бошотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү,
Финансылык полициядан иштен кетирүү тууралуу буйруктун көчүрмөсү
колуна тийген күндөн тартып же болбосо Финансылык полицияда кызматын,
атайын наамын, ишин калыбына келтирүү жөнүндө баш тарткандыгы тууралуу
жазуу жүзүндөгү билдирүүсү тапшырылган күндөн тартып сотко даттанууга
укуктуу.
Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына
келтирүү жөнүндө соттун чечими эгерде Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жогорку инстанцияларга апелляциялык даттануулар
берилбесе аткарылууга тийиш.
Финансылык полицияда ишин калыбына келтирүү иштен бошогон
Финансылык полициянын кызматкерин мурдагысына тете ишке дайындоо
аркылуу ишке ашырылат.
39. Финансылык полицияда иши калыбына келтирилген кызматкерге
кезектеги атайын наамды ыйгаруу, проценттик үстөк төлөө жана пенсия
чектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына кызматын
калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган күнгө чейинки алардын
иштен бошогон учуру кошулат.
VIII. Корутунду жоболор
40. Финансылык полициянын кызматкерлери ушул Жобонун жана
Финансылык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз
Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларынын талаптарын
сактоого жекече жоопкерчилик тартышат.
Финансылык полициянын улук кызмат адамдары тарабынан Финансылык
полициянын кызматкерине карата укукка жат иш-аракеттер кызматкерге
келтирилген зыяндын ордун толтүруу менен кызматтык калыс териштирүүдөн
өтүүгө тийиш, ал эми мындай тартип бузууларда күнөөлүү адамдар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик
тартат.
41. Финансылык полицияга кызматка өткөн Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо
министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин,
Кыргыз Республикасынын Экономика жаыа финансы министрлигинин, Кыргыз
Республикасыпын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспокциясынын, прокуратура жана сот органдарынын, Кыргыз
Республикасынын юстиция органдарынын аскер кызматчыларына жана
кызматкерлерине алар тиешелүү кызматтарга дайындалгандан кийин
аскердик, атайын наамдарын жана класстык чиндерин эске алуу менен ата-
йын наамдар ыйгарылат.
Көрсөтүлгөн кызматкерлерге Финансылык полицияда иштеген жылдары,
анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн органдарда алардын иштеген мөөнөтүн
эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн да, Кыргыз Республикасынын
нормативдик укуктук актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет.
Финансылык полиция кызматкерлеринин согуш учурунда жана өзгөчө
кырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
42. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон же
кызмат өтөп бүтүшкөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган
жаракаттан, контузиядан, оорудан улам өлгөн Финансылык полициянын
кызматкерлерин көмүү Финансылык полиция органдарынын каражатынын
эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү структуралык бөлү;мчөлөрдүн
башчылары тарабынан уюштурулат.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын ар айлык кошумча акчалай
үлүшүнүн түрлөрү жана акчалай күтүүнүн анын өлгөн күнүнө чейин
алынбаган маянасы (анын ичинде кызматкср өлгөн ай үчүн толук) аны
менен чогуу жашамн үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан
өлгөн кызматкердин багуусундагы адамдарга төлөнүп берилет.
Мындан тышкары, аларга өлгөн кызматкердин көзү бар учурда укугу
пайда болгон бир жолу төлөнүүчү акчалай үлүш төлөнүп берилет.
үй-бүлө мүчөлөрүнө пайдаланылбаган отпуска үчүн компенсация да
төлөнөт.
Финансылык полициянын каза болгон кызматкерин көмүү расымдарынын
тартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
43. Финансылык полицияда кызмат өтөонүн жана шарттарын сактоону
контролдоону ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын
Президенти ишке ашырат.
Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн тартибин жана шарттарын
сактоого түздөн-түз контролдукту Финансылык полициянын жетекчиси,
ошондой эле Финансылык полициянын тиешелүү структуралык бөлүмчөлөрүнүн
начальниктери ишке ашырат.
Финансылык полицияда кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдардын так жана бир
түрдүү сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
жана ага баш ийген прокурорлор ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2006 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон