Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20 -январындагы № 32 токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20 -январындагы № 32
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция
кызматы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы (мындан ары -
Финансылык полиция кызматы) Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик
системасындагы мамлекеттик укук коргоо органы, ал юридикалык жактын
статусуна ээ, анын иши мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз
кылууга, экономикалык, салыктык кылмыштарды аныктоого, алдын алууга,
аларды табууга жана териштирүүгө багытталган.
2. Өз ишинде Финансылык полиция кызматы Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын, Кыргыз
Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону
жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын
укук улантуучусу болуп эсептелет.
II. Финансылык полиция кызматынын негизги милдеттери
4. Финансылык полиция кызматынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр
саналат:
- ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттин экономикалык
коопсуздугун, коомдун, ишкердик субъекттеринин жана жарандардын
мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу;
- экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча алгачкы текшерүүнү
жана тергөөнү жүргүзүү;
- финансылык, салыктык жана бажылык мыйзамдар чөйрөсүндө укук
бузууларды жана кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу;
- кызмат адамдары өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен экономикалык
ишке мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн же ишкерликке тоскоолдук кылышынын
фактыларынын алдын алуу, аларды табуу жана оогөт коюу боюнча чараларды
иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу
(адалдоо) фактыларына жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү
кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө
ашыруу;
- Финансылык полиция кызматынын карамагына кирген маселелер боюнча
эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
III. Финансылык полиция кызматынын функциялары жана ыйгарым укуктары
5. Финансылык полиция кызматы коюлган милдеттерди аткаруу максатында
төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- финансылык полициянын аймактык органдарынын ишинин негизги
багыттары боюнча алардын аракеттерине жетекчиликти, координациялоону
жана макулдашууну камсыз кылат;
- финансылык полиция органдарынын изин суутпай издөө жана тергөө
ишинин практикасын талдайт;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында каралган
ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
- экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү формаларын
жана ыкмаларын өркүндөтөт, изин суутпай издөө ишинин тактикасын жана
методикасын аныктайт, финансылык полиция органдарынын ишинин
натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана турмушка
ашырат;
- финансылык полиция органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарын
аныктайт; аларды турмушка ашыруунун укуктук, уюштуруу жана
экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;
- финансылык полициянын аймактык органдарынын кадрларын тандоону,
жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- финансылык полиция органдарына жүктөлгөн милдеттерди турмушка
ашырат, аларды финансылык полициянын аймактык органдары аткарышына
контролдук кылат;
- эсепке алууну жана отчеттуулукту, иштердин жана оперативдүү,
тергөө, эксперттик жана кадр ишинин материалдарынын абалыпа баа
берүүнү уюштурат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын
финансылык полиция органдарынын аткаруусу үчүн буйруктарды чыгарат
жана көрсөтмөлөрдү берет;
- изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырат, ошондой зле уюштурууну
камсыз кылат жана финансылык полициянын аймактык органдары көрсөтүлгөн
ишти жүзөгө ашырышына контролдук кылат жана аларга практикалык жана
методикалык жардам берет;
- төмөнкү издөөлөрдү жүзөгө ашырат:
Финансылык полиция органдарынын карамагына кирген кылмыш-жаза иштери
боюнча жактарды;
соттун токтому боюнча мамлекеттин таламында коюлган тиешелүү доолор
боюнча жоопкерлердин турган жери белгисиз болгон учурда аларды;
- Кыргыз Республикасынын фискалдык органдарынын кызматкерлеринин
кызматтык милдеттерин аткарууда жана алардын үй-булө мүчөлөрүн коргоо
зарыл болгондо, алардын коопсуздугун коргоо боюнча иш-чараларды иштеп
чыгат жана ишке ашырат;
- өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын укук коргоо
жана контролдоочу органдары менен өз ара аркеттенет;
- экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү маселелери
боюнча КМШга катышуучу өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен өз ара
аракеттенет, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде эл аралык уюмдардын
ишине катышат;
- экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн абалы
жөнүндө кызыкдар мамлекеттик органдарга маалымдайт;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик каражаттарды
максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат, алар боюнча
эсепке алууну жана отчеттуулукту, ошондой эле финансылык полициянын
аймактык органдарынын финансы-чарбалык ишине ички ведомстволук
контролдукту жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
жүзөгө ашырат.
6. Финансылык полиция кызматы өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык
төмөнкүлөргө укуктуу:
- Финансылык полиция органдарын түзүү жана кайра уюштуруу жөнүндө,
ошондой эле финансылык полиция органдарын уюштуруу-штаттык, кадрдык
жана материалдык-техникалык жактан чыњдоо маселелери боюнча Кыргыз
Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык
аагачкы текшерүү жана тергөө жүргүзүүгө;
- өндурүштө болгон материалдар жана кылмыш-жаза иштери боюнча
министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан,
мекемелерден жана уюмдардан, жеке адамдардан тоскоолдуксуз жана акысыз
маашмат алууга, аларды берүүнү уюмдардын жетекчилеринен жана башка
кызмат адамдарынан, жеке жактардан талап кылууга, алардан
көчүрмөлөрдү алууга, түшүнүктөрдү алууга;
- өндүрүштө болгон кылмыш-жаза иштери боюнча чакыруу менен келүүдөн
качкан адамдарды алып келүүтө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
дсжументтерди, товарларды, буюмдарды же башка мүлктү алып коюуга же
алып коюуну жүргүзүүгө;
- негизи болсо чарбакер субъекттердин менчигинин түрүнө карабастан,
салык төлөөчүлөр киреше алуу үчүн пайдаланган баардык өндүруштук,
кампалык, соодалык жана башка жайларына Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды
экономикалык, кызматтык кылмыштардын фактылары боюнча маалымат алуу
максатында текшерүүгө;
- мыйзам бузуунун аныкталган фактылары боюнча тийиштүу мамлекеттик
органдарга, менчигинин турүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин,
уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле ишкердик жүргүзген адамдарга
мыйзам бузууга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча
аткаруу жана чара көрүү үчүн милдеттүү сунуштарды киргизүүтө;
- козголгон кылмыштык иштер боюнча соттук-экономикалык
экспертизаларды, ошондой эле түшкөн материалдар боюнча изилдөөлөрдү
жүргузүүгө;
- мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча,
ошондой эле финансылык полиция органдарынын ишине тийиштүү маселелер
боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга
катышууга;
- Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү программаларын
иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым
укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан текшерүүлөрдү, аудитти
жана баа беруунү жургүзүүнү талап кылууга;
- финансылык полиция органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү
камсыз кылуучу маалымат системасын тузуүгө жана пайдаланууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды
жүзөгө ашырууга.
IV. Финансылык полиция кызматынын мүлкү
6. Мүлк Финансылык полиция кызматына оперативдүү башкаруу укугунда
бекитип берилет.
7. Финансылык полиция кызматы ага бекитил берилген мулктү өз алдынча
ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө акысыз.
Финансылык полиция кызматына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген учурларда жана чектерде мүлктү тескоо укугу берилиши
мүмкүн.
V. Финансылык полиция кызматынын ишин уюштуруу
8. Финансылык полиция кызматын Кыргыз Республикасынын Нрезиденти
кызматка дайындап жана бошото турган төрага жетектейт.
Төраганын эки, анын ичинде бир биринчи орун басары болот, алар
тораганын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кызматка дайынлалат жана кызматтан бошотулат.
9. Төрага Финансылык полиция кызматынын ишин уюштурат жана
жетектейт, өз компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл
алат жана Финансылык полиция кызматынын иши үчүн жекече жоопкерчилик
тартат.
10. Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- Финансылык полиция кызматына жана Кыргыз Республикасынын
финансылык полиция органдарына жетекчилик кылат;
- бардык мамлекеттик органдарда Финансылык полиция кызматынын
атынан чыгат;
- белгиленген тартипте Финансылык полиция кызматынын борбордук
аппаратынын, ошондой эле аймактык бөлүмдөрүнүн структурасын жана
штаттык расписаниесин, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын
Финансылык полиция кызматынын башкармалыктары (бөлүмдөрү) жөнүндө
жоболорду бекитет;
- Финансылык полиция органдарынын катардагы, кенже, орто жана улук
башкаруу курамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан
бошотот;
- өзүнүн орун басарларынын, Финансылык полиция кызматынын борбордук
аппаратынын жана облустук, Бишкек, Ош шаарларынын аймактык Финансылык
полиция кызматынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин
бөлүштүрөт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын
Финансылык полиция органдарынын аткарышы үчүн милдеттуү болгон
буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция органдарынын
кызматкерлерине жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансылык
полиция органдарынын кызматкерлерин сыйлоо, материалдык жардам
көрсөтүү маселесин чечет жана тартип жазасын колдонот, аларды
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардак
наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
- Финансылык полиция кызматынын коллегиясы жөнүндө жобону бекитет
жана коллегиянын жыйындарын өткөрүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды
жүзөгө ашырат.
10. Финансылык полиция кызматында жети кишиден турган коллегия
түзүлөт.
Финансылык полиция кыз.матынын төрагасы (коллегиянын төрагасы) жана
анын орун басарлары кызматы боюнча коллегия мүчөлөрү болуп
эсептелишет. Коллегиянын жекече курамы Финансылык полиция
кьпматынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен Финансылык полиция кызматынын
төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан бекитилет.
Финансылык полиция кьпматынын коллегиясы Кыргыз Республикасынын
финансылык полиция органдарынын ишмердигинин кыйла маанилүү
маселелерин карайт.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө чыгарылат жана Финансылык полиция
кызматынын төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат.
VI. Финансылык полиция органдарында кызмат өтөө тартиби
11. Финансылык полициянын кызматкери Кыргыз Республикасынын
Финансылык полиция органдарында кызмат орундарын ээлеген адам болуп
саналат, аларга белгиленген тартипте атайын наамдар ыйгарылат.
Финансылык полиция кызматына кызматка дайындалган аскерге
милдеттүүлөр белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана
Финансылык полиция кызматына каттоого турушат.
12. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция органдарында кызмат
өтөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
VII. Финансылык полиция кызматынын кызматкерлерин укуктук жактан
коргоо
13. Финансылык полиция кызматынын кызматкери кызматтык милдетин
аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин
коргоосу астында болот.
14. Финансылык полициянын кызматынын кызматкерлеринин мыйзамдуу
талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында жарандар менен кызмат
адамдарынын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
15. Финансылык полиция кызматынын кызматкерлеринин мыйзамдуу
талаптарын аткарбай коюу жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга
жолтоо болгон аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.
16. Финансылык полиция кызматынын кызматкерлерине өз милдеттерин
аткарууга жолтоо кылуу, алардын абийирин жана ар-намысын мазактоо,
коркутуу, каршылык көрсөтүү, зомбулук кылуу же алардын кызматтык
милдеттерин аткаруусу менен байланыштуу анын өмүрүнө, ден соолутуна
жана мүлкүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
жоопкерчиликке алып келет.
VIII. Финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
17. Финансылык полиция кызматынын ишин каржылоо республикалык
бюджеттен жүргүзүлөт.
18. Финансылык полиция органларынын кызматкерлерине Кыргьп
Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө азык-түлүк паегу үчүн
компенсация төлөнөт.
IX. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин укукка каршы
аракеттери үчүн жоопкерчилиги, финансылык полиция органдарынын ишине
контролдук
кылуу жана көзөмөлдүк жүргүзүү
19. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлери укукка каршы
аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
жоопкерчиликтерди тартат. Финансылык полиция органынын
кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери менен жарандарга,
ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыян Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулууга
тийиш.
Финансылык полиция органынын кызматкерлеринин аракеттерине жарандар
жана юридикалык жактар Финансылык полициянын жогору турган органына,
прокуратурага же сотко даттана алат.
20. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция органдарынын ишине
контролдукту Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.
Финансылык полиция органдарынын мыйзам актыларын так жана бир түрдүү
аткарышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага
баш ийген прокурорлор ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2006 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон