# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11145/edition/968335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтому (11.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57050

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 11-майындагы № 171 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 20-январы, №32

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция

кызматынын маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы №

597 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө"

Жарлыгын аткаруу иретинде, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция

кызматынын ишин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат

өтөө жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын башкаруу

схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын

кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 320 бирдиктен (тейлөө

кызматкерлерин кошпогондо), анын ичинде борбордук аппарат - 80

бирдиктен турары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Финансылык полиция кызматынын борбордук аппаратын жана

аймактык подразделениелерин күтүүтө 2006-жылга зарыл каражаттарды

карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

башкармалыгына жана анын аймактык подразделениелерине бекитилген

материалдык-техникалык каражаттар, имараттар жана кызматтык жайлар

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматына белгиленген

тартипте өткөрүп берилээри белгилесин.

5. "Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы

полициясы органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын

катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-

бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособис

дайындоопун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 1995-жылдын 13-январындагы № 12

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

полиция башкармалыгына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын

Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

жогоруда корсөтүлгөн токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына,

ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, жазык-аткаруу

системасынын органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы

адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн,

пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 8-лункттун "б" пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын

директорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция

кызматынын төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Финансылык полиция башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз

Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

- 20-пункттун жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын" деген сөздөр "Кыргыз

Республикасынын Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

- 22-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

полиция башкармалыгына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын

Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун № 4 тиркемесинин 3-пунктунун "г"

пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

полиция башкармалыгынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын

Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. "Ишкердик субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоочу

органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик

субъекттерин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик

контролдоочу органдарынын тизмесинин 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда

берилсин:

"19. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы".

7. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

башкармалыгынын туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармалыгы"

деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген

сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.

8. "Кыргыз Респуоликасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полиция

органдарынын жетекчи жана катардагы курамдагы кызматкерлери үчүн

кызматтык кийимди кийип жүрүүнүн эрежесин, берүүнүн нормаларын жана

кийип жүрүү мөөнөттөрүн, айырмалоо белгилеринин сүрөттөмөсүн,

мундирдин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын

сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-

жылдын 12-апрелиндеги № 247 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюыча "Өкмөтүнө караштуу"

деген сөздөр алып салынсын.

9. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

башкармалыгынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай

компенсациянын нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 14-июнундагы № 434 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү

киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын"

деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын"

деген сөздөр менен алмаштырылсын.

10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин. мамлекеттик

комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, мамлекеттик

комиссняларынын, алардын ведомстволук, структуралык аймактык

подразделениелеринин кызматкерлеринин жогорку санын белгилөө жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-мартындагы №181

токтомунун Тиркемесинин 31-пункту;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

башкармасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-

апрелиндеги №169 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат

өтөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн-

2005-жылдын 16-июлундагы №296 токтомунун 1-пункту.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
