Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-01-19.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 19-январындагы № 30
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар
министрлиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлиги (мындан ары - Минтранскоммуникация) мамлекеттик
башкаруунун борбордук органы болуп саналат, ал жол-транспорт
комплексинде, байланыш жана маалыматташтыруу тармагында аткаруу-тескөө
милдетин аткарат,
Минтранскоммуникация транспорттук комплекстин (автомобилдик, темир
жол, электр, аба жана суу транспортунун) иштеши жана анын өнүгүшү,
автомобилдик жана темир жол, байланыш жана маалыматташтыруу тармагында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирдиктүү саясатын жүргүзөт.
2. Минтранскоммуникация өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз
Peспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле
ушул Жобону жана башка нормативдик укуктук актыларды жетекчиликке
алат.
3. Минтранскоммуникация юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тушүрүлгөн, өзүнүн аталышы
мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин казыначылык системасында
эсептери болот.
II. Негизги милдеттери
4. Минтранскоммуникацияга төмөнкү негизги милдеттер жүктөлгөн:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жол-транспорт комплексинин,
байланыш жана маалыматташтыруунун мамлекеттер аралык жана тышкы
экономикалык байланыштарын өркүндөтүү;
- чарбалык иштин бардык түрлөрүн өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды
түзүү, транспорт, байланыш жана маальшатташтыруу чөйрөсүндө калкка
сервистик кызмат кылуу рыногунун калыптанышына көмөктөшүү;
- транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү менен үзгүлтүксүз жана
коопсуз ташууларды камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде ободо коопсуз дењгээлде
жүрүүнү башкарууну камсыз кылуу;
- финансылык ресурстарды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун
кармоо, оњдоо жана өркүндөтүү үчүн максаттуу жана натыйжалуу
пайдалануу;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун, темир жана суу
жолдорунун техникалык абалын кармап туруу жана жакшыртуу үчүн шарт
түзөт, жүк ташуулардын тынымсыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу;
- эл аралык автомобиль жолдорунун системасына интеграциялоо менен
автомобилдик жол магистралдарынын тармагын түзүү;
- мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын
жана жарандардын маалымат ресурстарына жетишүүсүн камсыз кылуу жолу
менен, компьютердик техниканы жана байланыш каражаттарын кењири
жайылтуунун негизинде алардын маалыматтык керектөөсүн камсыз кылуу
үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- мамлекеттик маалымат саясатынын, маалыматтык технологиялардын
жана маалыматтык коопсуздук саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү
жана ишке ашыруу;
- "электрондук өкмөттү" түзүү жана иштешин камсыздоо;
- электрондук, электр жана почта байланышы системасынын иштеши
жана аны өнүктүрүү келечеги үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу.
III. Минтранскоммуникациянын милдеттери
5. Минтранскоммуникация өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык
төмөнкү функцияларды аткарат:
а) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- жол-транспорт, байланыш жана маалыматташтыруу комплексинде
бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
- транспорттун бардык түрлөрүн, автомобилдик жана магистралдык
темир жолдорду, байланыш жана маалыматташтыруу тармактарын өркүндөтүү
концепциясынын долбоорлорун даярдайт;
- нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдайт, тармактык
нормативдик жана нормативдик-техникалык актыларды, эрежелерди,
нускамаларды, сертификаттык талаптарды иштеп чыгат жана кабыл алат,
жол органдары, транспорт, байланыш жана маалыматташтыруу органдары
көрсөтүүчү кызматтарга тарифтерди бекитет;
- транспорттун бардык түрлөрү менсн эл аралык ташуу, автомобиль
жолдорунун жана байланыш каражаттарынын тармагын жакшыртуу боюнча
макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыпат жана аларды ишке ашырат;
- жол кыймылынын коопсуздугун арттыруу жана аилана-чөйрөгө
автомобиль транспортунун зыяндуу таасирин азайтуу, иштетилип жаткан
транспорт каражаттарын техникалык жактан оњ абалда кармоо боюнча иш-
чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- тиешелүү органдар менен бирдикте тармактарды жарандык коргонуу
боюнча даярдоонун мобилизациялык пландарын жана чараларын иштеп чыгат;
- эл аралык банктардын кредиттеринин эсебинен инвестициялык
долбоорлордун аткарылышын үзгүлтүксүз контролдойт;
- мамлекеттик менчикте турган транспорттук жана жол
комплекстеринин объекттерин менчиктештирүүгө жана акционерлештирүүгө
белгиленген тартипте катышат;
- байланыш жана маалыматташтыруу тармагын өркүндөтүүнүн
ведомстволор аралык финансылык жана уюштуруу-техникалык планын түзөт;
- почталык төлөө белгилерин, почталык конверт жана открыткалардын
үлгүлөрүн, номиналын жана тираждарын аныктайт, алардын басылышын жана
таратылышын уюштурат.
б) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- жол-транспорт комплексинде, байланышта жана маалыматташтырууда
инвестициялык процессти мамлекеттик жөнгө салууга жана
инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн
шарт түзүүгө катышат, ушул маселелер боюнча белгиленген тартипте эл
аралык финансылык жана башка уюмдар менен аракеттешет;
- эл аралык макулдашууларга ылайык эл аралык автомобилдик
ташууларда транзиттик жүрүүгө, кирүүгө жана чыгууга уруксат берет;
- жалпы пайдалануучу автомобилдик жолдордун ажыратуу тилкесинде,
контролдонгон зонада жана четке чыгаруу тилкесинде жол боюндагы сервис
объекттерин жайгаштырууга техникалык шарттарды берет;
- төмөнкүлөргө лицензияларды берет:
жүргүнчүлөрдү ташууга (жењил таксилерден башкасы), эл аралык жүк
ташууларга, автобекеттердин ишине;
суу транспорту менен ташууга;
жүргүнчүлөрдү ташууга жана эл аралык жүк ташууларга, авиациялык
иштердин бардык түрлөрүн аткарууга, граждандык авиациянын аба
кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга, аба кемелерин, алардын
жабдууларын техникалык тейлөөгө укуктарды берет;
- автомобилдик транспорт чөйрөсүндө:
автотранспорт каражаттарынын техникалык абалына экспертиза
жүргүзөт, жүргүнчүлүк транспорттун жүрүү маршруттарынын схемаларын
түзүү жана транспорттук каражатты текшерип кароо боюнча кызматтарды
көрсөтөт;
- суу транспорту чөйрөсүндө:
чакан көлөмдүү кемелерди башкарууга укук берүү үчүн кеме
айдоочулардан экзамен алат жана билимин текшерет, консультациялык-
эксперттик жумушту, кемелердин жана алардын моторлорунун сапатын сыноо
жана текшерүү, сууда калкып жүрүүчү каражаттарга жана жээктеги
курулуштарга долбоордук-сметалык документацияны макулдашат, ошондой
эле сууда калкып жүрүүчү каражаттарды жана алар тура турган базаларды
(курулуштарды) каттайт (кайрадан каттайт), ишке жарактуулугун баштапкы
жана жыл сайын күбөлөндүрөт;
- граждандык авиация чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү берет:
авиациялык техниканы техникалык тейлөөнү оперативдүү жана мезгил-
мезгили менен аткарууга шайкештик сертификаттарын;
эксплуатанттын күбөлүгүн (сертификатын);
граждандык аба кемесин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү;
аэродромдун мамлекеттик каттоосу жана анын ишке жарактуулугу
жөнүндө күбөлүктү;
жарандык аба кемесинин учууга жарактуулугу жөнүндө күбөлүктү;
жарандык аба кемесинин үнү боюнча тийиштүү жерлерде жарактуулугу
жөнүндө күбөлүктү;
радиожабдыктарга уруксатты.
в) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө:
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын жана башка
нормативдик укуктук актылардын аткарылышын камсыз кылат;
- суу, автомобиль, электр жана аба транспортунун жүктөрдү жана
fүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча иштерин,; байлањыш жана
маалыматташтыруу кызматын өнүктүрүүнү координациялайт;
- транспорт, коммуникациялар, байланыш жана маалыматташтыруу
тармактарында корпоративдик башкарууну уюштурууга катышат;
- жол-транспорт комплексинин жана байланыштын ведомстволук
башкармалыктарынын, ишканаларынын жана уюмдарынын финансылык-чарбалык
иштерине талдоо жүргүзөт жана алардын натыйжалуу иштөөсүн уюштурат;
- транспорт, жол курулушу жана маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлордун ишке ашырылышын
координациялайт жана контролдойт;
- тармактардын мамлекеттик мүлкүн оперативдүү башкарат. жана анын
сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- жол-транспорт комплексинин ишканалары менен мекемелеринин иш-
аракетин координациялайт, өндүрүштө авариялардын алдын алуу.жана
змгектин коопсуз шарттарын түзүү, болжолдоо маселелеринде жөнгө
салуучу механизмдерди иштсп чыгат;
- республиканын башка тармактары менен экономикалык жана илимий-
техникалык кызматашууну координациялайт;
- илим-изилдөө, долбоордук-технологиялык жана конструкторлук
иштерди координациялайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мыйзамдык жана башка ченемдик
укуктук жана ченемдик техникалык актылардын аткарылышын контролдойт,
аларды транспорт комплексинде колдонуу практикасына талдоо жүргүзөт
жана анын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү
боюнча сунуштарды берет;
- кызмат көрсөтүүнүн тышкы жана ички рынокторун изилдейт;
- транспорттук ишкердик жүргүзгөн жана кызмат көрсөткөн юридикалык
жана жеке жактардын, менчигинин түрүнө карабай алардын транспорттук
процессти камсыз кылган иштерине мамлекеттик контроль жүргүзөт;
- автовокзалдардын жана автостанциялардын иштерин алардын
менчигинин түрүнө карабай шаар четиндеги, шаар аралык жана
республикалар аралык каттамдарда автобустарды пайдаланган
жүргүнчүлөргө ыњгайлуу шарт түзуү максатында координациялайт;
- автотранспорттун бардык түрү (жеке менчиктер да) элдин жана
мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу жана сарамжалдуу
пайдаланылышын координациялайт жана контролдойт;
- өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде граждандык авиацияны, суу
транспортун, автовокзал жана автостанцияларды башкарат;
- республиканын автомобилдик жолдорун башкаруунун экономикалык
жана укуктук негиздерин жүргүзөт, жалпы пайдалануучу автомобилдик
жолдорду сакталышын, өнүгүшүн, оњдолушун жана кармалышын камсыз кылат;
- республиканын автотранспорт комплексинин иш-аракетин талдоо жана
маалымат чогултуу жолу менен эки жыл сайын Жол фондусунун көлөмүн
тактайт;
- жалпы пайдалануучу автомобилдик жолдордуњ контролдоњгон
зонасында имараттарды, коммуникацияларды курууга, жайгаштырууга,
карьерлерди иштетүүгө байланыштуу маселелерди координациялайт жана
макулдашат;
- транспорт каражаттарынын салмак габаритинин параметрлерин
сактоону контролдойт;
- «Автомобилдик жолдор жана транспорт курулмалары» Техникалык
комитеттин автомобилдик жолдордо, жолду долбоорлоо, куруу,
реконструкциялоо, оњдоо жана кармоого, коопсуздукту камсыз кылууга
тиешелүү техникалык актыларды, стандарттарды, ченемдерди, эрежелерди,
жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгуу боюнча.иштерин
координациялайт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде фельдъегердик, атайын жана
өкмөттүк байланыштарды башкарат;
- мамлекеттик жана мамлекеттер аралык телекоммуникациялык,
почталык жана маалымат системаларын жана байланыштарын
координациялайт;
- маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны жана
технологияларды өнүктүрүүнү тармактар аралык координациялайт;
- жол-транспорт комплексинде техникалык каражаттарды жана
маалыматташтыруу системаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, алардын
сапатын арттыруу, жеткиликтүүлүгүн жана маалыматтык коопсуздугун
камсыз кылуу, ошондой эле байланыштын технологиялык тармагын, анын
ичинде спутник системаларын жана навигация каражаттарын колдонуу менен
түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат жана
координациялайт;
- жыштык камсыз кылуу пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу,
транспорттук комплексте радиоэлектрондук каражаттардын жыштыгын тартып
алуудан эл аралык-укуктук коргоо боюнча иштерге катышат; транспорттук
комплексте колдонулган радиоэлектрондук каражаттар үчүн бөлүнгөн
радиожыштык спектринин тилкесин пайдаланууну уюштурат жана ага
контролдук жүргүзөт;
г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- жүргүнчүлөр транспортунун маршруттар схемасын түзүү жана
транспорт каражаттарын кароо боюнча кызмат көрсөтөт;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оњдойт жана аларды
жолдо жүрүүнүн коопсуздук талаптарына жооп берген абалда кармайт, ал
жолдордун жакшыртылып турушун камсыз кылат;
- автомобилдик жолдорду долбоорлоону, курууну жана
реконструкциялоону жүргүзөт жана курулуш жүргүзүлгөн региондо
социалдык инфраструктураны эксплуатациялайт.
- кызыкчылыгы бар жактарга жалпы пайдалануудагы автомобиль
жолдорунун өтүмдүүлүк абалы тууралуу маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка акы төлөнүүчү
жана акысыз кызматтарды көрсөтөт.
е) колдоо көрсөтүү жана башкаруу чөйрөсүндө:
- ведомстволук уюмдардын финансылык-чарбалык иштеринин эсеби
өркүндөтүлүшүн камсыз кылат жана тармактык жыйынтык отчетторду жана
баланстарды түзөт;
- Минтранскоммуникациянын борбордук аппаратын кармоого, ошондой
эле республикалык бюжеттен каржылана турган ведомстволук уюмдардын
башкаруу аппаратын кармоого чыгымдардын сметаларын бекитет;
- Минтранскоммуникация органдарынын жана мекемелеринин кадрларын
тандоону, жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- жол-транспорт комплексинин, байланыш жана маалыматташтыруунун
кызматкерлерин социалдык коргоо боюнча чараларды ишке ашырат;
- тармактагы финансылык божомолдоону жана пландаштырууну ишке
ашырат;
- эл аралык чөйрөдө байланыштарды түзөт;
- ведомстволук байланышты жана маалыматтармагын уюштурат;
- транспорттук комплексте түзүлчү маалымат банкын, мунун йчинде
анын субъекттеринин реестрин жүргүзөт жана сактайт, транспорттук
комплекстин уюмдарынын маалыматтык камсыз болушун уюштурат;
- транспорттук комплексте милдеттүү жана ыктыярлуу
камсыздандырууга көмөктөшөт, камсыздандыруу уюмдарынын финансылык
ресурстарын трањспорттук комплекстин коопсуз иштешин камсыз кылуу
боюнча иш-чараларды инвестициялоого жумшоого жардам берет;
- автомобилдик жолдордун ээлеринин жана жолдор карамагында турган
ведомстволорунун укуктары сакталышын, милдеттери жана жоопкерчиликтери
аткарылышын камсыз кылат;
- республиканын Жол фондусунун эсебинен жалпы пайдалануудагы
автомобиль жолдорун кармоо жана оњдоо жыл сайын толук масштабдуу
(нормативдик) каржыланышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарын оперативдүү
башкарат жана Жол фондун, анын ичинде Жол фондунун каражаттарын
каржылоо жагында республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;
- маалыматтык системалардын жана маалыматтык ресурстардын,
колдонулуучу программалык каражаттардын ведомстволор аралык интеграция
системасын ишке киргизет.
IV. Минтранскоммуникациянын укуктары
6. Минтранскоммуникация өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу
максатында төмөнкүлөргө укугу бар:
- жол-транспорт комплексинин, байланыш жана маалыматташтыруунун
абалына жана аны өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер боюнча нормативдик
укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын
мыйзам долбоорлорун жана башка нормативдик укуктук актыларынын
долбоорлорун макулдашууга;
- жол-транспорт комплексинин жана байланыштын эл аралык уюмдардын
ишмердиги боюнча (Эл аралык электрбайланыш союзу, Дуйнөлүк почта
союзу, Байланыш тармагындагы региондук шериктештик жана Байланыш
тармагындагы региондук шериктештикке караштуу Маалыматташтыруу боюнча
координациялык кењеш) иш-аракетине байланыштуу иштерге толук укуктуу
мүчө болуп катышууга;
- белгиленген тартипте ведомстволук объекттерди эксплуатацияга
кабыл алуу боюнча комиссияларды чакырууга, ошол объекттерди кабыл алуу
жөнүндө актыларды бекитүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
ведомстволук түзүмдүк бөлүкчөлөрдү түзүүгө, өзгөртүп уюштурууга жана
жоюуга;
- зарылчылыкка жараша министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден,
администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынан жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик
органдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайлашкан
ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден менчигинин түрлөрүнө карабай
транспорт, байланыш, маалыматташтыруу, жол чарбасы жана жолдо жүрүүнүн
коопсуздугуна байланыштуу маселелер боюнча маалымат алууга;
- ведомстволук ишканалардын, уюмдардын, департаменттердин,
бирикмелердин, башкармалыктардын жетекчилеринин докладдарын жана
билдирүүлөрүн угууга, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу
боюнча кењешме чакырууга, керектүү учурларда алардын буйруктарын жана
тескемелерин жокко чыгарууга;
- министрликтин өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүүгө;
- тармактык саясатты жүргүзүүгө, менчигинин түрүнө карабай
транспорт жана коммуникациялар тармагында чарбалык субъёкттердин
отчетторун алууга;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетинин ишканалардын башкаруучулук кадрларын
пландаштыруу комиссиясынын ишине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында каралган
башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
V. Минтранскоммуникациянын ишин уюштуруу
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигин Министр башкарат, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт.
8. Министрликтин структурасында статс-катчы жана Министрдин эки
орун басары бар. Статс-катчыны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана министрдин макулдугу
менен дайындайт, ошондой эле статс-катчынын милдетине Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши менен күндөлүк, учурдагы иштерди
жүргүзүү кирет. Министрдин орун басарларын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри министрдин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.
Статс-катчы жана министрдин орун басарлары министрге тике баш ийип,
өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде министрликтин ишин
уюштурушат.
9. Министр:
- бир башчылык негизде министрликтин ишине жалпы жетекчилик
жүргүзөт жана министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке
жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен,
Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет
мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамиле
түзүүдө министрликтин өкүлү болот, өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде
сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте министрликтин
компетенциясына бөлүнгөн маселелер боюнча өз ара аракеттешүү жана
кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана
протоколдорго кол коет;
- өзүнүн орун басарларынын жана министрлик системасынын башка
кызмат адамдарынын оперативдүү, уюштуруу-штаттык, кадрлык, финансылык,
өндүрүштүк-чарбалык жана министрликтин компетенциясына тиешелүү башка
маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт, алардын
ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, өзүнүн ыйгарым укугунун айрымдарын
аткарууну тапшырат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине номенклатурага ылайык
кызмат орундарга алуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Транспорт инспекциясынын, Граждандык авиация
департаментинин, Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу
боюнча мамлекеттик дирекциянын, Өкмөттүк байланыштын мамлекеттик
ишканасынын жетекчилеринин орун басарларын, "Кыргызинтранс" эл аралык
автомобилдик ташуулар башкармалыгынын башкы директорун, № 1, 3, 4,
жана 6 өндүрүштүк-линиялык автожол башкармалыктарынын начальниктерин,
"Бишкек-Ош" автожолунун башкы дирекциясынын башкы директорун, «Ош-
Сарыташ-Иркештам» автожол башкармалыгынын начальнигин, «Ош-Баткен-
Исфана» башкармалыгынын начальнигин, «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожол
башкармалыгынын начальнигин, "Кыргыздортранспроект" мамлекеттик
долбоорлоо институтунун директорун, автомобиль транспортунун региондук
башкармалыктарынын жетекчилерин, Минтранскоммуникацияга түз баш ийген
бирикмелердин, ишканалардын, уюмдардын жетекчилерин, ошондой эле башкы
башкармалыктардын, департаменттердин жана бирикмелердин курамына
кирген ишканалардын, уюмдардын жетекчилерин кызматка дайындайт жана
кызматтан бошотот;
- Минтранскоммуникациянын борбордук аппаратынын кызматкерлерин
кызматка дайындайт, кызматтан которот жана бошотот, аларга аныкталган
тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Минтранскоммуникациянын борбордук аппаратынын, ошондой эле
ведомстволук мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын структуралык
бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана уставдарды бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын структурасын жана штаттык
тизмесин сарптоолордуњ бекитилген сметасынын чегинде бекитет;
- министрликтин ведомстволук уюмдары менен мекемелеринин
структурасын жана штаттык тизмелерин бекитет;
- Минтранскоммуникациянын бардык ишканалары, уюмдары жана
мекемелери үчүн аткарууга милдеттүү буйруктарды жана тескемелерди
чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Минтранскоммуникацияга караштуу ведомстволук департаменттердин,
башкармалыктардын, бирикмелердин, ишканалардын жана уюмдардын
жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген
буйруктарын, тескемелерин токтотот, жокко чыгарат;
- Минтранскоммуникациянын коллегиясынын ишин уюштурат, жетектейт
жана иш планын бекитет;
- Минтранскоммуникациянын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин
белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарды
ыйгарууга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
мамлекеттик кызматчыларга класстык чин ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
10. Башкы транспорттук инспектор, Граждандык авиация
департаментинин директору, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын
башкы директору, Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу
боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору жана Өкмөттүк
байланыштын мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кыргыз
Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка
дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин системасына
кирген, мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордо мамлекеттик
өкүлдөрдү дайындоо же ыйгарым укуктарын мөөнөттөн эрте токтотуу
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетине сунуш киргизет.
12. Минтранскоммуникациянын кызматкерлеринин укуктук жана
социалдык корголушу "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик
укуктук актылары менен жөнгө салынат.
13. Минтранскоммуникация системасында кызматчыларды жумушка кабыл
алуу, кызмат өтөө жана кызматтан бошотуу тартиби "Мамлекеттик кызмат
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын
Эмгек кодексинин негизинде ишке ашырылат.
14. Минтранскоммуникациянын мамлекеттик кызматчыларына класстык
чин ыйгарылат.
15. Класстык чин ыйгарылганы жөнүндө маалымат
Минтранскоммуникациянын мамлекеттик кызматчысынын өздүк ишине жана
кызматтык күбөлүгүнө жазылат.
16. Транспорт комплексинин жана байланыштын иштешинин жана аларды
өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин кароо үчүн Минтранскоммуникацияда 11
мүчөдөн турган коллегия түзүлөт, анын курамына министр (коллегиянын
төрагасы), статс-катчы, министрдин орун басарлары, Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлү, ошондой эле
министрликтин, башкармалыктардын, департаменттердин, бирикмелердин
жана ишканалардын башка жетекчи кызматкерлери кирет.
Коллегиянын мүчөлөрүн, коллегияга кызмат орду боюнча киргендерди
кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Министрдин сунушу
боюнча бекитет.
17. Минтранскоммуникациянын коллегиясы өзүнүн жыйындарында
Минтранскоммуникациянын ишинин негизги маселелерин карайт.
18. Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн добушунун жалпы санынын
жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Коллегиянын чечимдери токтом
түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйруктары менен ишке ашырылат.
Добуштар коллегиянын мүчөлөрүнүн ортосунда тењ бөлүнгөн учурда төрага
добуш берген чечим кабыл алынат. Мындай чечимге макул болбогон
коллегиянын мүчөлөрү өзүнүн пикирин кат түрүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө билдире алышат. Коллегиянын ишинин тартиби министр бекиткен
регламент менен аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 19.01.2006 · № 30 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 19.01.2006 · № 30 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минтранскоммуникаций КР от 9 октября 2006 года №364 «Об утверждении Положения «О проведении открытых конкурсов на организацию пассажирских перевозок автомобильным…Приказ · 09.10.2006 · № 364 · Күчүн жоготкон