# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №31 «Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин «эл» жана «эмгек синирген» деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №31 «Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин «эл» жана «эмгек синирген» деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11144/edition/444316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №31 «Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин «эл» жана «эмгек синирген» деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (25.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57047

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 19-январы № 31 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-ноябрындагы № 392 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмү 50 процентке көбөйтүлсүн.

2. "Эл" жана "эмгек сиңирген" ардактуу наамдары үчүн үстөк акысы негизги иштеген жери боюнча, Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган кызмат акыга жана тарифтик ставкага карата белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги 2006-жылга каралган эмгекке акы төлөө фондунун чектеринде зарыл ассигнование жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ф.Кулов
