# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №27 "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулутун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №27 "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулутун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11140/edition/325847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №27 "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулутун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (19.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57043

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1-январы, №27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-

айкындуулутун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

14-майындагы № 361 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Акыйкат башкаруу саясатынынын алкагында кабыл алынган Кен казып алуу

тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуунун

демилгелери принциптерин (КТИАЖД) ийгиликтүү ишке ашыруу, жана кен

казып алуучу тармагынын иш-аракеттери жөнүндө маалыматтын ачыктыгын

илгерилетүү маселелеринде комплекстүү мамилени камсыз кылуу,

кирешелерди башкарууну өркүндөтүү жана инвесторлор үчүн тармактын

өзүнө тартуучулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана бийлик органдарынын

структурасындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун

жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун

жогорулатуунун демилгелери принциптерин ишке ашыруу боюнча комитетинин

курамы ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун

жогорулатуунун демилгелери принциптерин ишке ашыруу боюнча

консультациялык жардам көрсөтүү боюнча кењештин курамы ушул токтомдун

№ 2 тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

2. «Кен казуучу тармактардын иштеринин ачык-айкындуулугун

жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 642 токтому

күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасыньш

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
