Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Россия Федерациясына туруктуу жашоого кеткен (кетип жаткан) Кыргыз Республикасынын жарандарына пенсия төлөө тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бектитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 15-январындагы
№ 17 токтому менен
бектитилген
Россия Федерациясына туруктуу жашоого кеткен
(кетип жаткан) Кыргыз Республикасынын
жарандарына пенсия төлөө тартиби
жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо 1992-жылдын 13-мартындагы Көз карандысыз Мамлекеттер
Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын укуктарын гаранти-
ялоо жөнүндө келишимге, 1994-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол ко-
юлган Россия Федерациясынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо
министирлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан
коргоо министирлигинин ортосундагы адимнистрациялык келишимге, "Мамле-
кеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Бул Жобо Россия Федерациясына туруктуу жашоого кеткен (кетип
жаткан) Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик социалдык кам-
сыздандыруу боюнча дайындалган пенсияларды (жашы, майыптыгы, багуучусу-
нан айрылгандыгы боюнча) Россия Федерациясында жањы жашаган жери боюнча
пенсия дайындоо жана төлөө укугу пайда болгонго чейин пенсияларын төлөө
тартибин жөнгө салат.
1.3. "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды төлөө тартиби жа-
рандардын Россия Федерациясына туруктуу жашоого кетишине байланыштуу
бул Жобо менен жөнгө салынбайт.
II. Пенсияларды төлөө тартиби
2.1. Ушул Жобонун 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга пенсиялары
алардын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына жазган
арызынын негизинде алардын Россия Федерациясынын аймагында туруктуу жа-
шаган жерине которулат. Пенсия Россия Федерациясында жањы жашаган жери
боюнча пенсия дайындоо жана төлөө укугуна ээ болгон мезгилге чейин пен-
сионердин банктык эсебине пенсияларын которуу, ал эми эсеби жок болгон
учурда жашаган жерине почталык которуу жолу менен төлөнүп берилет.
2.2. Кыргыз Республикасынан Россия федерациясына пенсияларды кото-
руу жолжобосу жагдайлар боюнча төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынын каттоосунан
чыга элек адамдар үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынын каттоосунан
чыккан адамдар үчүн.
2.2.1. Россия Федерациясына кеткенине байланыштуу Кыргыз Республи-
касынын Социалдык фонд органдарынын каттоосунан чыга элек адамдарга
пенсия төлөө пенсиялык иштин негизинде, пенсия төлөөнү калыбына кел-
тирүү жана жањы жашаган жери боюнча пенсияны которуу жөнүндө жазуу
жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзүлөт.
Пенсия төлөөнү калыбына келтирүү жана пенсияны которуу жөнүндө
арыз мурдагы жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-
дунун шаардык же райондук бөлүмүнө берилет. Арызда пенсиянын түрү
көрсөтүлөт. Эгерде пенсионердин банктык эсеби болсо, анда арызында Рос-
сия Федерациясындагы туруктуу жашаган жериндеги банктын аталышы, даре-
ги, банктык реквизиттери жана өздүк эсебинин номери көрсөтүлүшү керек.
Арызга пенсионердин Россия Федерациясында туруктуу жашаган жерин
ырастоочу, Россия Федерациясынын компетенттүү органы берген документи
жана социалдык камсыздоонун тийиштүү органы берген, пенсия дайындоодон
баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн, жањы жашаган жери боюнча пенсия да-
йындоого укугу жоктугу жөнүндө маалымкат тиркелет.
2.2.2. Пенсияны төлөөнү калыбына келтирүү жана эсептөө жүргүзүү
пенсиялык иш боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары
которууга тийиштүү пенсиянын өлчөмү кыйла жогорку пенсияга укук берүүчү
мыйзамдык актыларды кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
тарабынан кайра каралат.
2.2.3. Которууга тиешелүү сумма эсептелгенден кийин Кыргыз Респуб-
ликасынын Социалдык фондунун шаардык же райондук бөлүмү пенсияны Кыргыз
Республикасынын чегинен тышкары белгиленген тартипте которууну
жүргүзөт.
2.2.4. Пенсия Кыргыз Республикасынын аймагында кайсыл айга чейин
төлөнсө (өздүк эсебиндеги маалыматына ылайык) ошол айдан кийинки айдан
тартып төлөнөт. Пенсия төлөөнү улантуу үчүн пенсионер алты айда бир жо-
лу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкү документтерди тап-
шырышы керек: Россия Федерациясында пенсия дайындоо укугу жоктугу
жөнүндө маалымкатты жана Россия Федерациясынын компетенттүү органы бер-
ген пенсионердин туруктуу жашаган жерин ырастоочу документти.
2.2.5. Россия Федерациясында пенсия дайындоого жана төлөөгө укугу
пайда болгондо пенсиялык ишти салып жиберүү Россия Федерациясынын соци-
алдык камсыздоо органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы же пенсия алуу-
чунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынын каттосунан чы-
гаруу тууралуу арызы боюнча жүргүзүлөт. Каттоодон чыгаруу жөнүндө су-
роо-талап келип түшкөн айдан кийинки айдан баштап Кыргыз Республикасы-
нын Социалдык фонду тарабынан пенсия төлөө токтотулат. Пенсиялык иш ко-
шумча аттестатты тиркөө менен салып жиберилет, анда пенсия Кыргыз Рес-
публикасынын Социалдык фонду тарабынан кайсыл айга чейин төлөнгөнү
көрсөтүлөт.
2.2.6. Социалдык фонд органдарынын каттоосунан Россия Федерациясы-
на кетүүсүнө байланыштуу чыккан жана Россия Федерациясында пенсия да-
йындоо укугу пайда болгонуна байланыштуу каттоого турган адамдар үчүн
пенсия төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынан каттоо-
дон чыккан айдан баштап Россия Федерациясынын аймагында пенсия төлөнө
баштаган айга чейин, бирок 3 жылдан ашпаган баардык мезгилге бир жолу
жүргүзүлөт.
2.2.7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынан каттоо-
дон чыккан айдан баштап Россия Федерациясында пенсия төлөнө баштаган
айга чейинки мезгил үчүн пенсия төлөп берүү жөнүндө арыз мурдагы жаша-
ган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун шаардык же
райондук бөлүмүнө берилет.
Арызында пенсиянын түрү көрсөтүлөт. Эгерде пенсионердин банктык
бет эсеби болсо, анда арызына Россия Федерациясындагы туруктуу жашаган
жери боюнча банктын аталышын, дарегин, банктык реквизиттерин жана бет
эсебинин номерин көрсөтүшү керек. Бул арызга Россия Федерациясынын ком-
петенттүү органы берген, Россия Федерациясында туруктуу жашаган жерин
ырастоочу документи жана Россия Федерациясынын аймагында ага пенсия да-
йындоого укугу жоктугуна байланыштуу пенсионерге пенсия төлөнбөгөн мез-
гилди көрсөтүү менен социалдык камсыздоонун тийиштүү органынын маалым-
каты тиркелет.
2.2.8. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун шаардык же район-
дук бөлүмү пенсионердин Россия Федерациясында туруктуу жашаган жери бо-
юнча которууга жатуучу пенсиясынын суммасын эсептейт. Тийиштүү сумманы
эсептөө пенсионердин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен ай-
дан кийинки айдан баштап, бирок пенсия төлөнгөн айдан кийинки айдан
мурда эмес жана пенсионердин туруктуу жашаган жеринде пенсия төлөнө
баштаган айга чейин жүргүзүлөт. Которууга тийиштүү пенсияны эсептөө жа-
былган өздүк эсеби боюнча, пенсия алуучу Кыргыз Республикасынын чегинен
кеткен кездеги өздүк эсебинде көрсөтүлгөн өлчөмдө (пенсиялардын кийинки
кайра эсептөөлөрүн эске албастан) жүргүзүлөт.
2.2.9. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарынын каттоо-
сунан чыккан, бирок жањы жашаган жеринде пенсия дайындоого укугунун
жоктугуна байланыштуу Россия Федерациясында пенсия төлөнбөгөн адамдар,
пенсиялык ишин мурдагы жашап турган жериндеги Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун шаардык же райондук бөлүмүнө кайтарып беришет, мында
ушул Жобонун 2.2.1-2.2.5-пункттарына ылайык пенсияны төлөө калыбына
келтирилет.
2.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсияларга
компенсациялык төлөөлөр Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары которуу-
га жатпайт.
2.4. Пенсияларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары которуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна пенсионердин тирүү экендигин
аныктоочу документти тапшырган учурда гана жүргүзүлөт. Мындай документ-
ти жањы жашаган жери боюнча Россия Федерациясынын компетентүү органы
берет.
Эмгекке жарамсыз жарандарга (16 жашка жетпеген балдарына, бир туу-
гандарына, эже-карындаштарына жана неберелерине) жана белгиленген тар-
типте сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган жарандарга дайындал-
ган пенсияларды төлөө үчүн алуучулары алардын мыйзамдуу өкүлдөрү болуш-
са, жарандын тирүү экендигин ырастоочу документ пенсия алуучуга жана
пенсия дайындалган жаранга берилет.
2.5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жарандын пенсиясын
Россия Федерациясындагы анын банктагы эсебине же башка финансы-кредит-
тик мекемесине же болбосо почта бөлүмү аркылуу почталык которуу жолу
менен которууну жүргүзөт.
2.6. Россия Федерациясына пенсияны которуу Кыргыз Республикасынын
Социалдык фонду тарабынан квартал сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын операция жүргүзүлгөн күнгө белгилеген курс боюнча Россия Феде-
рациясынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- СОГЛАШЕНИЕ государств СНГ о гарантиях прав граждан государств-участников Содружества Независимых Государств в области пенсионного обеспеченияСоглашение · 13.03.1992
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 15-январындагы, № 17 "Россия Федерациясына туруктуу жашоого кеткен (кетип жаткан) Кыргыз Республикасынын жарандарына пенсия төлөө тартиби…Постановление · 15.01.2006 · № 17 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57