# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жана "Кыргыз Республикасында турак жай сертификаттарын чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-июнундагы №397 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жана "Кыргыз Республикасында турак жай сертификаттарын чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-июнундагы №397 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11128/edition/325818/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жана "Кыргыз Республикасында турак жай сертификаттарын чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-июнундагы №397 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57027

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-январы №14

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жана

"Кыргыз Республикасында турак жай сертификаттарын чыгаруунун,

жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

30-июнундагы № 397 токтомун күчүн жоготту деп табуу

жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335,

2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына

ылайык)

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында ипотекалык турак жайды узак мөөнөттүү

кредиттөө жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 20-декабрындагы № 799 токтому менен беки-

тилген Кыргыз Республикасында ипотекалык турак жайды узак мөөнөттүү

кредиттөө жөнүндө убактылуу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толукто-

олор киргизилсин:

- 1.2-пункттагы "Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамында" деген сөздөр

менен алмаштырылсын;

- 1.4-пунктгун а) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"а) ипотека - бул менчик укугунда же кыймылсыз мүлккө болгон дагы

башка буюмдук укукта же күрөө предметинин курамында кыймылсыз мүлктү

камтыган күрөө, анын ичинде мүлктүк комплекс катары ишкана күрөөсүн

күрөөгө койгон акчалай же акчалай формада туюнтулган милдеттенмени ат-

карууну камсыз кылуу ыкмасы;".

- 2.1-пункттун онунчу жана он биринчи абзацтары алып салынсын;

- 2.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он алтынчы абзацтар менен

толукталсын:

"Ипотека боюнча мамлекеттик адистештирилген мекеме - карыздык баа-

луу кагаздардын рыногунун иштешин камсыз кылуучу, ипотекалык кредит бо-

юнча карыздык милдеттенмелерди колдонууну стимулдоочу, турак жайлык

ипотекалык кредиттөөнү рефинансылоо механизмин камсыздоочу мамлекеттик

орган.

Ипотека боюнча мамлекеттик адистештирилген мекеме юридикалык жак

болуп саналат, анын иш-аракети "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук акты-

лары менен жөнгө салынат.

Ипотека боюнча мамлекеттик адистештирилген мекеме Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү тарабынан гарантияланган мамлекеттик карыздык ипотекалык

баалуу кагаздарды чыгаруу максатында карыздык ипотекалык турак жай мил-

деттенмесин сатып алууга укуктуу.

Карыздык ипотекалык турак жай милдеттенмелерин чыгаруу жана колдо-

нуу мыйзам менен жөнгө салынат.

Карыздык ипотекалык турак жай милдеттенмелерин сатып алуу Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим менен таризделет. Ипотека

боюнча мамлекеттик адистештирилген мекеме келишимди тариздөөдө көз ка-

рандысыз баалоочуну тартуу менен ипотека предметине кошумча баалоо

жүргүзө алат.

Сатып алынган карыздык ипотекалык турак жай милдеттенмелеринин не-

гизинде ипотека боюнча мамлекеттик адистештирилген мекеме рынокто эркин

чыгарылуучу мамлекеттик карыздык ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарат.

Ипотека боюнча мамлекеттик адистештирилген мекеме эгерде мыйзамда

же келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик карыздык ипотекалык баалуу

кагаздарды төлөгөнгө чейинки мөөнөттө сатып алууга милдеттүү.";

- 3.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:

"Турак жай курууга же сатып алууга турак жай кредиттери банктар,

адистештирилген кредиттик мекемелер жана/же башка жактар тарабынан бе-

рилиши мүмкүн. Турак жай кредиттерин берүү шарттары жана тартиби

түзүлгөн практиканы эске алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын

талаптарын сактоо менен тараптар жагынан жекече аныкталат.";

3.2-пункттун сегизинчи абзацындагы "Ипотека жөнүндө мыйзамдын

54-статьясынын талаптарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын

19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. "Кыргыз Республикасында турак жай сертификаттарын чыгаруунун,

жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-июнундагы № 397 токтому

күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
